https://sputnik.kg/20251011/1097088848.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү Эске салсак, кийинки жылдын 1-январынан баштап тоолуу... 11.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-11T08:59+0600
2025-10-11T08:59+0600
2025-10-11T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0b/1097088682_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d900d03c1750ac6f09f6e442866cab2d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү Эске салсак, кийинки жылдын 1-январынан баштап тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган энелерге төртүнчү баласын төрөгөндөн баштап мамлекет ири суммада жөлөк пул бере баштайт. Төлөмдү алуу жолу:акча бала бир жашка толгондо берилет. Аны алуу үчүн арызды бала бирге чыккандан кийин алты айдын ичинде берүү керек; чарчап калган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, ал да эсепке алынат. Тагыраагы, аял төрттү төрөп, ага чейинки балдарынын бири каза болуп, бирок документи болсо акча төлөнөт; эгер бөбөктүн апасы бала бир жашка чыкканга чейин каза болуп калса, наристе бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.
Кыргызстандын энергетика тармагында негизги объект болуп эсептелген Токтогул ГЭСинин ири реконструкциясы быйыл 30-ноябрда аяктап, ишке кирет. Бул тууралуу Токтогул ГЭСтер каскадынын директорунун орун басары Мирлан Зияйдинов билдирди.Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү жана Евразия өнүктүрүү банктарынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Жалпы 181 млн АКШ доллары бөлүнгөн. “Бул долбоор 2017-жылы башталган. Азыркы учурда үчүнчү фаза, тактап айтканда акыркы агрегаттын курулушу жүрүп жатат. Реконструкциядан кийин ар бир агрегатка 60 мегаватттан кубаттуулук кошулуп, жалпы 240 мегаватт кошулат, ошондо жалпы кубаттуулук 1 миң 440 мегаваттка жетет.Мындан тышкары, экинчи фазада крандарды реабилитациялоо, дренаждык насосторду алмаштыруу, суу тосмосунун жана ГЭС имаратынын өрт өчүрүү системаларын жаңылоо, компрессорлорду жана агрегаттарды муздатуу системаларын модернизациялоо, жарыктандыруу системаларыы жаңыланган. Экинчи фазанын жалпы инвестициясы 133 миллион доллардан ашат”, – деди Зияйдинов.
ЕАЭБде балдарга арналган товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы чара катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. Ал санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттерде товарларды маркалоо масштабы ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүрүп жатат, товардын конкреттүү бирдигинин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк бар. Продукцияны ташууда "электрондук документтер" деп аталган дагы бир курал бар. Бул санариптик экосистеманы түзүү менен бирге товарларды жүгүртүүдө ачыктыкты камсыздайт. Анын айтымында, ушул жылдын июль айында ЕЭК коллегиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө бажы декларациясындагы 31-графанын толтурулушун текшерүү боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштаган. Кеп импорттолуучу кийим-кече жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болуп жатат. "Эгер декларацияда артикул, модель, өндүрүүчү жана соода маркасы көрсөтүлбөсө импорттун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө кыйла татаал экенин түшүнүп турабыз. Ошондуктан ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын контрафактыга жана жасалма продукцияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди синхрондоштуруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүү зарыл", — деди Давыдов.
Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү Эске салсак, кийинки жылдын 1-январынан баштап тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган энелерге төртүнчү баласын төрөгөндөн баштап мамлекет ири суммада жөлөк пул бере баштайт. Төлөмдү алуу жолу:акча бала бир жашка толгондо берилет. Аны алуу үчүн арызды бала бирге чыккандан кийин алты айдын ичинде берүү керек; чарчап калган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, ал да эсепке алынат. Тагыраагы, аял төрттү төрөп, ага чейинки балдарынын бири каза болуп, бирок документи болсо акча төлөнөт; эгер бөбөктүн апасы бала бир жашка чыкканга чейин каза болуп калса, наристе бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.Кыргызстандын энергетика тармагында негизги объект болуп эсептелген Токтогул ГЭСинин ири реконструкциясы быйыл 30-ноябрда аяктап, ишке кирет. Бул тууралуу Токтогул ГЭСтер каскадынын директорунун орун басары Мирлан Зияйдинов билдирди.Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү жана Евразия өнүктүрүү банктарынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Жалпы 181 млн АКШ доллары бөлүнгөн. “Бул долбоор 2017-жылы башталган. Азыркы учурда үчүнчү фаза, тактап айтканда акыркы агрегаттын курулушу жүрүп жатат. Реконструкциядан кийин ар бир агрегатка 60 мегаватттан кубаттуулук кошулуп, жалпы 240 мегаватт кошулат, ошондо жалпы кубаттуулук 1 миң 440 мегаваттка жетет.Мындан тышкары, экинчи фазада крандарды реабилитациялоо, дренаждык насосторду алмаштыруу, суу тосмосунун жана ГЭС имаратынын өрт өчүрүү системаларын жаңылоо, компрессорлорду жана агрегаттарды муздатуу системаларын модернизациялоо, жарыктандыруу системаларыы жаңыланган. Экинчи фазанын жалпы инвестициясы 133 миллион доллардан ашат”, – деди Зияйдинов. ЕАЭБде балдарга арналган товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы чара катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди. Ал санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттерде товарларды маркалоо масштабы ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүрүп жатат, товардын конкреттүү бирдигинин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк бар. Продукцияны ташууда "электрондук документтер" деп аталган дагы бир курал бар. Бул санариптик экосистеманы түзүү менен бирге товарларды жүгүртүүдө ачыктыкты камсыздайт. Анын айтымында, ушул жылдын июль айында ЕЭК коллегиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө бажы декларациясындагы 31-графанын толтурулушун текшерүү боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштаган. Кеп импорттолуучу кийим-кече жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болуп жатат. "Эгер декларацияда артикул, модель, өндүрүүчү жана соода маркасы көрсөтүлбөсө импорттун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө кыйла татаал экенин түшүнүп турабыз. Ошондуктан ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын контрафактыга жана жасалма продукцияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди синхрондоштуруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүү зарыл", — деди Давыдов.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0b/1097088682_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0cfc255814a334d460f0c322dafe458a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио