https://sputnik.kg/20251006/1096968434.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлдуГрузин калкы Евробиримдиктин кечирим сурашын күтүүдөРоссиялык белгилүү режиссер Никита... 06.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-06T13:00+0600
2025-10-06T13:00+0600
2025-10-06T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/06/1096968268_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b9c92be2a184b6e04f85fa06b7575c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлдуГрузин калкы Евробиримдиктин кечирим сурашын күтүүдөРоссиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль коетАлдыда кененирээкУшул жылдын 30-октябрынан 2-ноябрына чейинки аралыкта россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Орус драма театрынын чоң сахнасында Никита Михалков койгон "12" спектакли жана Евгений Шевченко койгон Евгений Шварцтын балдар жана чоңдор үчүн "Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" спектакли көрсөтүлөт. Иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планына ылайык уюштурулуп жатканы белгиленген. "12" спектакли 30-31-октябрда саат 19:00дө башталат. "Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" 1-ноябрда саат 16:00, ошондой эле 2-ноябрда саат 12:00, 14:00, 17:00дө болот.
Нарында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат Бул жерде эки этап менен кызмат көрсөтүлүп, жалпы 100гө жакын баланы реабилитациядан өткөрүү пландалууда. Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү Эмгек министрлигинин “Социалдык заказ” долбоору аркылуу Нарындын бардык районуна ушундай борборлорду ачуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеменин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн атайын операциянын алкагында Афганстанда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү баңгизатты аткезчилик менен ташып, андан ары башка өлкөлөргө өткөрүүгө шектелген кылмыштуу топ кармалган."Уюшкан кымыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы Т.Н., 36 жаштагы Х.Б. жана 51 жаштагы Т.С. аттуу жарандар кармалды", — деп айтылган маалыматта. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алар сатууга даярдаган 4 килограммдан ашык апийим алынган.
Грузин коому Евробиримдик бийликти кулатуу аракетин колдогону үчүн кечирим сурашын күтүүдө. Бул тууралуу Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили билдиргенин РИА Новости жазды. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе ишемби күнү Тбилисидеги башаламандыкка Евробиримдиктин элчиси жооптуу деп билдирген. Анткени уюмдун өкүлдөрү өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү өзгөртүү аракетин колдогон. Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас жана Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос жекшемби күнү биргелешкен билдирүүсүндө Евробиримдик Грузиядагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга чакырарын айтышкан. Дипломаттар Евробиримдик "Уюмдун Грузиядагы ролу жөнүндөгү жалган маалыматтарды" чечкиндүү түрдө четке кагарын, ошондой эле Евробиримдиктин элчисине болгон айыптоолор негизсиз экенин белгилешкен."Менин түшүнгөнүмө караганда, Каллас менен Кос өкмөттү кулатуу боюнча жыйынды алардын пресс-катчысы колдогону үчүн кечирим сурашпайт. Грузиянын президенттик сарайына жасалган чабуул учурунда 25 полиция кызматкери жабыркады. Грузин коому бүгүн Евробиримдиктен жакшылык күтпөйт. Грузиядагы шайлоолорго берген бааларына келсек, мен дагы бир жолу бардык ЕБ өкүлдөрүн жалган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырам", — деп жазган Папуашвили социалдык тармактагы баракчасына.
Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлдуГрузин калкы Евробиримдиктин кечирим сурашын күтүүдөРоссиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль коетАлдыда кененирээкУшул жылдын 30-октябрынан 2-ноябрына чейинки аралыкта россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Орус драма театрынын чоң сахнасында Никита Михалков койгон "12" спектакли жана Евгений Шевченко койгон Евгений Шварцтын балдар жана чоңдор үчүн "Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" спектакли көрсөтүлөт. Иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планына ылайык уюштурулуп жатканы белгиленген. "12" спектакли 30-31-октябрда саат 19:00дө башталат. "Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" 1-ноябрда саат 16:00, ошондой эле 2-ноябрда саат 12:00, 14:00, 17:00дө болот. Нарында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат Бул жерде эки этап менен кызмат көрсөтүлүп, жалпы 100гө жакын баланы реабилитациядан өткөрүү пландалууда. Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү Эмгек министрлигинин “Социалдык заказ” долбоору аркылуу Нарындын бардык районуна ушундай борборлорду ачуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеменин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн атайын операциянын алкагында Афганстанда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү баңгизатты аткезчилик менен ташып, андан ары башка өлкөлөргө өткөрүүгө шектелген кылмыштуу топ кармалган."Уюшкан кымыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы Т.Н., 36 жаштагы Х.Б. жана 51 жаштагы Т.С. аттуу жарандар кармалды", — деп айтылган маалыматта. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алар сатууга даярдаган 4 килограммдан ашык апийим алынган.Грузин коому Евробиримдик бийликти кулатуу аракетин колдогону үчүн кечирим сурашын күтүүдө. Бул тууралуу Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили билдиргенин РИА Новости жазды. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе ишемби күнү Тбилисидеги башаламандыкка Евробиримдиктин элчиси жооптуу деп билдирген. Анткени уюмдун өкүлдөрү өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү өзгөртүү аракетин колдогон. Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас жана Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос жекшемби күнү биргелешкен билдирүүсүндө Евробиримдик Грузиядагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга чакырарын айтышкан. Дипломаттар Евробиримдик "Уюмдун Грузиядагы ролу жөнүндөгү жалган маалыматтарды" чечкиндүү түрдө четке кагарын, ошондой эле Евробиримдиктин элчисине болгон айыптоолор негизсиз экенин белгилешкен."Менин түшүнгөнүмө караганда, Каллас менен Кос өкмөттү кулатуу боюнча жыйынды алардын пресс-катчысы колдогону үчүн кечирим сурашпайт. Грузиянын президенттик сарайына жасалган чабуул учурунда 25 полиция кызматкери жабыркады. Грузин коому бүгүн Евробиримдиктен жакшылык күтпөйт. Грузиядагы шайлоолорго берген бааларына келсек, мен дагы бир жолу бардык ЕБ өкүлдөрүн жалган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырам", — деп жазган Папуашвили социалдык тармактагы баракчасына.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/06/1096968268_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a66f55663564ff673986f9b18b3ac80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио