00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
On air
17:54
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жаңы жылдан тарта тоолуу аймактардагы балдарга 3 000 сомдон жөлөк пул берилетПутин Трамптын “Россия кагаздан жасалган жолборс” деген сөзүнө жооп бердиБШКга шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, 7 талапкер арыз бердиАлдыда кененирээкКөп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, жети талапкер арыз тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот. Күн мурун талапкерлигин өзүн-өзү кѳрсѳтүү тартибине ылайык, Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу жана Болот Ибрагимов арыз берген. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда ѳтѳт.
2026-жылдан тарта бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө макамы бар чек арадагы аймактардын тургундарынын үч жашка чейинки балдарына ай сайын 3 000 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ай сайын берилүүчү "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөк пулун төлөө боюнча токтомго кол койгону айтылат. Жаңы тартипке ылайык, 3 000 сом үй-бүлөдөгү үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага үч жашка чыкканга чейин берилип турмакчы.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трамптын “Россия кагаздан жасалган жолборс” деген сөзүнө жооп берди. Ал РФ Украинанын куралдуу күчтөрү менен гана эмес, бүткүл НАТО мамлекеттери менен согушуп жатканын эске салды. "Биз НАТОнун бардык блогу менен согушуп, ийгиликтерди жаратып, өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз. Ушуну “кагаз жолборс” десе болобу? Анда НАТО ким болуп калат?” — деди Путин “Валдай” эл аралык клубунун жыйынында. Ал бул кеп кандай мааниде айтылганын билбей турганын, балким тамаша экенин болжоду.
АКШдагы миңдеген мамлекеттик кызматкер шатдаундан улам ишинен кыскарат. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт айтканын РИА Новости жазды. Эл өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Трамптын мындай кадамга барууга "мыйзамдуу укугу" бардыгын айтты. Төрага мурдараак АКШ президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, ага республикачы депутаттар да катышканын билдирди. Ак үй кожоюну азыркы кырдаалга кыжалат болуп турганын айткан. Ошентсе да ушу тапта кайсы программанын кызматкерлерин калтыруу керектигин карап чыкмакчы. Жонсон алар "өтө маанилүү" болгон кызматта иштегендер экенин кошумчалаган. Ошол эле учурда юристтер бул федералдык мекемелерге Конгресстин уруксаты жок акча алуусуна тыюу салган мыйзамды бузууга алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө. Мында кеп жөлөк пулдар тууралуу болуп жатат.АКШнын финансылык жаңы жылы шатдаундан, тагыраагы, бюджеттин жоктугунан федералдык ведомствонун ишинин токтоп калышынан башталды. Бул Кошмо Штаттардын экономикалык жагдайын бир топ кыйындатканы турат. Шатдаун америкалык саясат үчүн сейрек көрүнүш эмес. 1976-жылдан бери мындай кризис 22 жолу болуптур. Анын кесепетинен экономика кеминде 37-40 миллиард доллар чыгым тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0