https://sputnik.kg/20251002/1096891296.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар өзүн-өзү тараткан учурда жаңы гимн кантип кабыл алынарын айтып берди. Анын айтымында, VII... 02.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-02T08:59+0600
2025-10-02T08:59+0600
2025-10-02T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096891130_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_26d7618c220a51f7594c86f13c64ee7e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар өзүн-өзү тараткан учурда жаңы гимн кантип кабыл алынарын айтып берди. Анын айтымында, VII чакырылыштагы парламент өзүн-өзү таратуу жарыялаганына карабай, ал мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы катары бардык ыйгарым укуктарын жаңы Жогорку Кеңеш иштеп баштаганга чейин сактайт. Нурланбек Тургунбек уулу анда парламенттин кезексиз жыйынын чакырууга укук бар экендигин эскертип, гимнди өзгөртүүнүн себебин дагы бир ирет кайталады. "Гимн жөнөкөй, жаттоого жеңил жана аткарууга оңой болушу керек. Биздеги гимн марш стилинде — бул лагердик практикадай угулат. Ар ким ырдай албайт, анан дагы гимн үчүнчү жактан айтылат, ал биринчи жактан айтылышы зарыл. Эң кызыгы, Кыргыз ССРдин гимни менен Кыргыз Республикасынын гимнинин тексттери окшош. Ал учурда ошондой кабыл алынган болушу мүмкүн. Азыр болсо учур башка жана гимндин сөздөрү заманга туура келиши керек", — деди парламенттин башчысы. Эскерте кетсек, гимнди өзгөртүү идеясы 2024-жылы Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан сунушталып, президент колдогон.
Өкмөт бааларды турукташтыруу үчүн социалдык маанилүү товарлардын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жаңы тартип киргизүүнү көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, дүкөндөр жана соода тармактары социалдык маанилүү азыктарды сатууда кошулуучу үстөктү 5 пайыздан ашырбоого тийиш. Эгер бул товар Кыргызстанда чыгарылбаса, анда импорттук баага да 5 пайыз гана үстөк кошулушу керек. Жергиликтүү өндүрүштүн башка товарларына да ушул чектөө колдонулат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ (жүз ондон он киловольтко чейинки) "Мурас" көмөк чордонунун ачты. Мекемеден маалымдашгандай, аталган көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Мындан тышкары, көмөк чордонду куруу — шаарда активдүү курулуп жаткан "Мурас" стадиону, көп кабаттуу турак үйлөр, Евразия балдар көңүл ачуу паркы жана жаңы бизнес-борборлор сыяктуу ири объекттерди электр энергиясы менен камсыздоо үчүн алдын ала көрүлгөн стратегиялык даярдык иштеринин бири болуп эсептелет.
Кыргызстан Беларусиянын өкүлдөрүн 2026-жылы өлкөдө өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Бул тууралуу журналисттерге өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал эки өлкө ортосунда гуманитардык жаатта кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. "Беларусиянын улуттук делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул оюндар спорттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маданий иш-чара болуп саналат. Анын жардамы менен биздин мамлекеттердин салт-санаасын жана заманбап динамикасын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот", — деди Касымалиев.Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи Бишкек шаарында уюштурулат, ал эми оюндардын негизги бөлүгү жана жабылыш аземи Ысык-Көл облусунда өтөт. Быйылкы оюндарга дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн коноктордун келиши күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар өзүн-өзү тараткан учурда жаңы гимн кантип кабыл алынарын айтып берди. Анын айтымында, VII чакырылыштагы парламент өзүн-өзү таратуу жарыялаганына карабай, ал мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы катары бардык ыйгарым укуктарын жаңы Жогорку Кеңеш иштеп баштаганга чейин сактайт. Нурланбек Тургунбек уулу анда парламенттин кезексиз жыйынын чакырууга укук бар экендигин эскертип, гимнди өзгөртүүнүн себебин дагы бир ирет кайталады. "Гимн жөнөкөй, жаттоого жеңил жана аткарууга оңой болушу керек. Биздеги гимн марш стилинде — бул лагердик практикадай угулат. Ар ким ырдай албайт, анан дагы гимн үчүнчү жактан айтылат, ал биринчи жактан айтылышы зарыл. Эң кызыгы, Кыргыз ССРдин гимни менен Кыргыз Республикасынын гимнинин тексттери окшош. Ал учурда ошондой кабыл алынган болушу мүмкүн. Азыр болсо учур башка жана гимндин сөздөрү заманга туура келиши керек", — деди парламенттин башчысы. Эскерте кетсек, гимнди өзгөртүү идеясы 2024-жылы Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан сунушталып, президент колдогон. Өкмөт бааларды турукташтыруу үчүн социалдык маанилүү товарлардын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жаңы тартип киргизүүнү көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, дүкөндөр жана соода тармактары социалдык маанилүү азыктарды сатууда кошулуучу үстөктү 5 пайыздан ашырбоого тийиш. Эгер бул товар Кыргызстанда чыгарылбаса, анда импорттук баага да 5 пайыз гана үстөк кошулушу керек. Жергиликтүү өндүрүштүн башка товарларына да ушул чектөө колдонулат.Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ (жүз ондон он киловольтко чейинки) "Мурас" көмөк чордонунун ачты. Мекемеден маалымдашгандай, аталган көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Мындан тышкары, көмөк чордонду куруу — шаарда активдүү курулуп жаткан "Мурас" стадиону, көп кабаттуу турак үйлөр, Евразия балдар көңүл ачуу паркы жана жаңы бизнес-борборлор сыяктуу ири объекттерди электр энергиясы менен камсыздоо үчүн алдын ала көрүлгөн стратегиялык даярдык иштеринин бири болуп эсептелет.Кыргызстан Беларусиянын өкүлдөрүн 2026-жылы өлкөдө өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Бул тууралуу журналисттерге өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал эки өлкө ортосунда гуманитардык жаатта кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. "Беларусиянын улуттук делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бул оюндар спорттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маданий иш-чара болуп саналат. Анын жардамы менен биздин мамлекеттердин салт-санаасын жана заманбап динамикасын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот", — деди Касымалиев.Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи Бишкек шаарында уюштурулат, ал эми оюндардын негизги бөлүгү жана жабылыш аземи Ысык-Көл облусунда өтөт. Быйылкы оюндарга дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн коноктордун келиши күтүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/02/1096891130_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_564867800e43b629b7354b06a5463877.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио