00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин тарашы парламенттин ички чечими болду. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди. Ал VII чакырылыштын тарашы боюнча билдирүү жасап, буларга токтолду. Бул чакырылыш тарых жаратты. Чек ара маселелери, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, мамлекетттик тил мыйзамы, административдик-аймактык реформа жана башка мыйзамдарды кабыл алды. Таратуу чечими парламенттин ички чечими болду. Бул кадамга эч кандай сырткы күчтөр, президент же анын администрациясы, министрлер кабинети, укук коргоо органдары аралашкан жок. 30-ноябрдагы ЖК шайлоосу болуп көрбөгөндөй таза өтөт. Анда мыйзам бузгандар болсо катуу жазаланат. Зарыл кырдаал жаралса парламенттин төрагасы кезексиз сессия чакыра алат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен "Евразия Кей Джи" коомдук фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Документ жаштар саясаты багытындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, жаштардын демилгелерин колдоого жана маданий мурастарды сактоого багытталган. "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кандай маданиятты алып жүргөн адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү, медицина, жаштар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырат. Негизги багыттардын бири — окуучуларды, студенттерди, жаш адистерди колдоо. Ишке ашып жаткандардын арасында билим берүү программалары, ири мамлекеттик компанияларда тажрыйба алмашуу жана медиамектеп долбоорлору бар. Ошондой эле "Евразия" долбоору мектеп жана ЖОЖ мугалимдери үчүн кесиптик платформалар жана форумдар, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттар, тарыхты жана маданиятты сактоо жаатындагы демилгелерге колдоо көрсөтүүнү камтыйт.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучу курамы отставкага кеткенин өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматта башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана анын штабына кирген Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков кызматын тапшырып бергени белгиленген. Федерация машыктыруучуларга өлкөдө грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин күйөрмандар балбандардын дүйнө чемпионатындагы жыйынтыгына нааразы болгон. Спортчулар бул турнирде бир эле коло медаль тагынды.
АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке анын аталган уюмга болгон сапарындагы калпыстыктарды иликтөөнү талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул кокустан эле бири-бирине дал келип калган жок. БУУдагы үч катар болуп жасалган саботаж. Уят эле нерсе. Башкы катчыга каттын көчүрмөсүн жиберип, иштин токтоосуз иликтөөгө алынышын талап кылам", — деген Трамп. Ак үйдүн кожоюну калпыстыктарды териштирүүгө АКШнын атайын кызматы да катышып жатканын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0