00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Лук, сабля и конь: оружие, создавшее военную мощь тюрков
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Русский язык как живое общение: интерактивные уроки от молодых педагогов
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Советтер Союзунун Баатырдыгын албай калган Апыла Жаманбаев
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда жарандык авиация кийинки деңгээлге көтөрүлдү — Өлкө “кара тизмеден” качан чыгат?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн парламент "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтом кабыл алды. Мыйзамга ылайык, мындан аркы кадамдар кандай болот? "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын талаптары төмөнкүдөй: Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып беш күн ичинде президент кезексиз шайлоону дайындайт; президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып үч күн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш; эгерде президент көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө шайлоону дайындабаса, шайлоо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелет. мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш; ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирүү жасап, кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөрүн айтты.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча кызматташуунун үч жылдык жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев билдирди. Ал ушул жылдын май айында күчүнө кирген ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен комитеттин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча брифингде сүйлөдү. Жыйынга Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Мохаммад Атабак, ошондой эле ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов катышты. “Көлөмдүү документ транспорт жана логистика сыяктуу негизги бөлүмдөрдү, биринчи кезекте Түндүк — Түштүк коридорун камтыйт. Биз "жашыл" бажы коридорлорун түзүү, санариптештирүү, электрондук транзитке өтүү боюнча макулдаштык. Бул биздин ишканаларга өз продукцияларын Иран рыногуна тез жеткирүүгө жол ачат”, — деди Слепнев. Мында ошондой эле "Евразиялык агроэкспресс" долбоору боюнча тоңдурулган жүктөрдү ташууну кеңейтүү, порттор аркылуу кызматташууну жана ирандык порттор аркылуу Инд океанынын акваториясына чыгуу келечеги менен инфраструктура боюнча пландарды координациялоо каралган.
"Кыргызстан сулуусу" наамын Аяна Расул кызы алып, 200 миң сомдук сертификатка ээ болду. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди. Сулуулар сынагында баш байге дагы үч кызга берилген. Аяна Расул кызы — ырчы Расул Маматкуловдун кызы, Айгерим Расул кызынын бир тууган сиңдиси. Сынакка жалпысынан 27 сулуу катышкан.
Америка президентинин Украинанын мурунку чек арасына кайтуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөзү Россияга кысым көрсөтүү үчүн айтылды. Бул тууралуу CNN АКШлык чиновниктерге таянуу менен билдирди. Эскерте кетсек, Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин "Украина ЕБдин колдоосу менен өлкөнү алгачкы калыбына келтирип, керек болсо андан да ары бара алмак" деген. Зеленский мындай билдирүүгө абдан таң калганын айтса, Трамп Украинанын кандайдыр бир чара көрүүсүнө убакыт жеткенин белгилеген болчу. "Трамп НАТО лидерлеринин азганактай бөлүгү колдоого алган мындай позицияны ачык айтып, эки тараптын тынчтыкка келүүсүн эртелетмекчи", — деп айтылат телеканалдын маалыматында. Билдирүүдө Москваны сүйлөшүүгө ынандыруу үчүн АКШ президентинин ою өзгөрүп жатканы белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0