https://sputnik.kg/20250925/1096749204.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды... 25.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-25T13:00+0600
2025-09-25T13:00+0600
2025-09-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096749037_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cdd13290bae1a5e51145e879529785c7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды. Демилгени кароодо депутат Улан Примов баяндама жасап, мындай сунушка эки шайлоонун удаа келиши менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" жаңы мыйзам себеп болгонун айтты. "Кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрына, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 айлык гана убакыт калууда. Эки өнөктүк удаа келгенде саясий туруктуулук бузулуп, кошумча каржылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурсту талап кылат. Мындан улам жеке кызыкчылыгыбызды четке чыгарып, өлкө кызыкчылыгы үчүн өзүн-өзү таркатууну колдоп берериңиздерге ишенебиз", — деди Примов. Белгилей кетсек, буга чейин парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөн. Алар 32 депутаттан кол топтоп, демилгени тармактык комитет караган. 23-сентябрь күнү Сот-укук маселелер боюнча комитет колдоп берген. Бүгүн жалпы жыйында кароо маалында катталган 89 депутаттын ичинен 84 эл өкүлү өзүн-өзү таркатууга макул болушту. Эми беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Бишкектин түштүк-батышында эки унаа кагышып, жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу шаардык ИББ билдирди. Кырсык бүгүн эртең менен саат 07:45 чамасында Бишкек — Кашка-Баш жолунда болгон. "Honda Aria автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусу Бишкек — Кашка-Баш жолу менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, түндүк тарапты көздөй бет алган Hundai Sonata автосу менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Aria машинасындагы 53 жаштагы жүргүнчү аял каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.Эки автоунаанын айдоочулары менен калган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Факт каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучу курамы отставкага кеткенин өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматта башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана анын штабына кирген Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков кызматын тапшырып бергени белгиленген. Федерация машыктыруучуларга өлкөдө грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин күйөрмандар балбандардын дүйнө чемпионатындагы жыйынтыгына нааразы болгон. Спортчулар бул турнирде бир эле коло медаль тагынды. Аны федерация жакшы натыйжа катары сыпаттап, мурдагы машыктыруучулар 8 жылда бир медалга жетсе, азыркы команда аны 9 айда эле жасаганын белгилеген.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулады. Бул туурасында РИА Новости жазды.Жолугушуудагы урунттуу учурлар булар: аталган кризисти чечүүгө эки тарап тең кызыкдар. РФ министри Москва Путин менен Трамптын Аляскада сүйлөшкөндөрүнүн негизинде иш алып барууга даярдыгын айткан; Лавров Киев жана бир катар европалык өлкөлөр жылдырып сунуштап жаткан схемалардын туура эместигин, ал кабыл алынбастыгын белгиледи;
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды. Демилгени кароодо депутат Улан Примов баяндама жасап, мындай сунушка эки шайлоонун удаа келиши менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" жаңы мыйзам себеп болгонун айтты. "Кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрына, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 айлык гана убакыт калууда. Эки өнөктүк удаа келгенде саясий туруктуулук бузулуп, кошумча каржылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурсту талап кылат. Мындан улам жеке кызыкчылыгыбызды четке чыгарып, өлкө кызыкчылыгы үчүн өзүн-өзү таркатууну колдоп берериңиздерге ишенебиз", — деди Примов. Белгилей кетсек, буга чейин парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөн. Алар 32 депутаттан кол топтоп, демилгени тармактык комитет караган. 23-сентябрь күнү Сот-укук маселелер боюнча комитет колдоп берген. Бүгүн жалпы жыйында кароо маалында катталган 89 депутаттын ичинен 84 эл өкүлү өзүн-өзү таркатууга макул болушту. Эми беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Бишкектин түштүк-батышында эки унаа кагышып, жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу шаардык ИББ билдирди. Кырсык бүгүн эртең менен саат 07:45 чамасында Бишкек — Кашка-Баш жолунда болгон. "Honda Aria автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусу Бишкек — Кашка-Баш жолу менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, түндүк тарапты көздөй бет алган Hundai Sonata автосу менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Aria машинасындагы 53 жаштагы жүргүнчү аял каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.Эки автоунаанын айдоочулары менен калган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Факт каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучу курамы отставкага кеткенин өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматта башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана анын штабына кирген Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков кызматын тапшырып бергени белгиленген. Федерация машыктыруучуларга өлкөдө грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин күйөрмандар балбандардын дүйнө чемпионатындагы жыйынтыгына нааразы болгон. Спортчулар бул турнирде бир эле коло медаль тагынды. Аны федерация жакшы натыйжа катары сыпаттап, мурдагы машыктыруучулар 8 жылда бир медалга жетсе, азыркы команда аны 9 айда эле жасаганын белгилеген.РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулады. Бул туурасында РИА Новости жазды.Жолугушуудагы урунттуу учурлар булар: аталган кризисти чечүүгө эки тарап тең кызыкдар. РФ министри Москва Путин менен Трамптын Аляскада сүйлөшкөндөрүнүн негизинде иш алып барууга даярдыгын айткан; Лавров Киев жана бир катар европалык өлкөлөр жылдырып сунуштап жаткан схемалардын туура эместигин, ал кабыл алынбастыгын белгиледи;
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096749037_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_135ba5d51a6cf06816e82a1f927ab3a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио