00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Боевая работа РСЗО Град группировки войск Центр на Красноармейском направлении СВО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин алдындагы антироссиялык билдирүүгө кошулган жок

© AP Photo / Stefan JeremiahБириккен Улуттардын Уюмунун штаб-квартирасы
Бириккен Улуттардын Уюмунун штаб-квартирасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ БУУ Коопсузук кеңешинин жыйыны өтөр алдында бир нече мамлекеттин Украина боюнча жасаган антироссиялык билдирүүсүнө кошулган жок. Бул тууралуу РИА Новости жеринен билдирди.
Москвага негизсиз кине коюлган демилгени Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига башында турган топ көтөрүп чыккан. Өкүлдөр Киевдин билдирүүсүнө Евробиримдик менен Канада, Япония жана Жаңы Зеландия кошулганын айтып, АКШ тууралуу ооз ачышкан эмес.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Владимир Зеленский менен жолугуп, Киев үчүн коопсуздук кепилдиктерин талкуулаган. Анын жыйынтыгы менен өзүнө таандык Truth Social соцтармагына билдирүү калтырып, Украинанын аймактык бүтүндүгү тууралуу жазган. Трамптын билдиришинче, Киев "аймагын баштапкы вариантында кайтарып, а түгүл андан ары да кете алмак".
Москва Крым, ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын Россия курамына кошулушу Конституцияда жазылып, талкууга алынбай турганын эскертип келет. Владимир Путин Россия Украинага коопсуздук кепилдиктери эч убакта аймакка алмашылбай турганын белгилеген.
Трамп, мындан тышкары, Россияны "максатсыз согуш" жүргүзүп жаткан "сөз жүзүндөгү жолборско" салыштырды.
Бүгүн америкалык президент украин кризисин БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш менен талкуулаганы айтылды. Баш катчы Трамптын жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча аракетин баалай турганын билдирип, тынчтык орнотууга АКШ менен кызматташууга даярдыгын белгилеген. Андан кийин АКШ президенти Франция лидери Эммануэль Макрон жана Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев менен жолуккан.
Кечээ Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Украинадагы адам өлүмүн токтотуу үчүн "тынбай иштеп жатканын" айткан. Ал эгер Россия согушту токтотууга макул болбосо "олуттуу бажы алымдары" кирерин белгилеп, Москва менен кызматташканы үчүн Кытай менен Индияны жаңжалдын "негизги демөөрчүсү" деп атаган. Европа жана НАТО өлкөлөрүн Россиядан энергоресурс сатып алып жатканы үчүн жемелеп, "тынчтык үчүн" Вашингтон сымал чектөө чараларын көрүүгө чакырды.
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы ачылды. Дүйнөлүк лидерлер эл аралык абалга баа берип, олуттуу жаңжалдар тууралуу пикир билдирип жатышат.
Россиянын атынан жыйынга ТИМ башчысы Сергей Лавров катышууда, ал 27-сентябрда сүйлөйт.
Москвадагы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин имараты (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2025
Захарова Трамптын Евробиримдикке карата айткан сынына жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0