00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:57
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Буллинг в школах КР: 40% детей в опросе подтвердили наличие насилия в школах
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Тысячи квартир по стране: итоги года и планы ГИК на 2026-й
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-жыйынында сүйлөп жатып, Евробиримдик өлкөлөрү менен Улуу Британиянын кош стандартына да токтолду. Ал негизсиз санкциялар өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикасын төбөсүнөн ылдый басуу деп баалана турганын белгиледи. Жапаров Россия менен кызматташып жаткан тараптар башкаларга тыюу салып жатканына токтолгон. "Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди Россия менен силерге караганда көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", — деди өлкө башчысы. Сандардын тили менен берсек, 2024-жылы ЕБ өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал Кыргызстандын эки банкына каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөнүн айтты. Ушундан улам ал кимдир бирөөлөр Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыгын коргоп, башкаларга тыюу салып жатканын белгиледи. Мамлекет башчы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келгенине токтолду. Анын айтымында, өлкө өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара бермекчи.
Президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын башчылары, министрлер жана башка кызмат адамдары иштен кетпейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал социалдык тармакта Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатканын, бирок ал чындыкка дал келбей турганын белгилеген. "Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн. Президенттик шайлоого чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган", — деп жазган Алагөзов. Ал жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактын колдонуучуларын такталбаган маалыматты жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырган. Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы январдын аягында өтмөкчү. Бул туурасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
Кыргызстанда "Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук" ураанынын астында бир айлык өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 15-сентябрдан 15-октябрга чейин уланат. Бир айлыктын алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык, укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары, кайрымдуулук демилгелери өткөрүлөт. Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана улгайган жарандарга болгон көңүл буруу менен камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0