00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
15:00
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстандыктар Афганистандыктарга көмөк көрсөтмөй болдуБишкекте аялдарга байланыштуу кылмыштуулук өсүп жатканы кабарландыҮч-Коргон ГЭСи модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулайталдыда кененирээкҮч-Коргон ГЭСинин экинчи гидрогенераторун модернизациялоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 22-сентябрда 221,2 тонналык ротор аттуу эң оор бөлүгү ийгиликтүү орнотулду. Бул операция 60 жылдан кийин биринчи жолу аткарылып, совет мезгилинде курулган станция заманбап технологиялар менен жаңыланууда. Бул долбоордун алкагында төрт гидроагрегаттын экөө реконструкцияланып жатат. Экинчи гидроагрегаттагы иштердин 70%ы аткарылды. Статор жана роторду чогултуу иштери толугу менен аяктады. Долбоордун башкы аткаруучусу — кытайлык CNEEC компаниясы. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 9 МВтга жогорулатылып, жалпы кубаттуулугу 189 МВтка жетет. Бул аймактагы электр энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн күчөтөт. Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү 2025-жылдын ноябрь айына пландалууда.
Бишкекте аялдарга байланыштуу кылмыштуулук өсүүдө. Бишкек шаардык прокуратурасы 2025-жылдын 6 айында калаадагы аялдар тарабынан, ошондой эле аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча абалы тууралуу статистика жарыялады. Ага ылайык, аялдар тарабынан жасалган кылмыштуулук, анын ичинде зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй: Аялдар тарабынан 481 (367) кылмыш жасалгандыгы аныкталды, бул 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу 114 кылмышка же 23,7%га өскөн.Аялдарга карата жасалган кылмыштуулук, анын ичинде зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 2025-жылдын 6 айында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан аялдарга карата жасалган 2598 кылмыш катталган.Анын ичинен, 347 кылмыш иши боюнча айыптоо актылары бекитилип соттун кароосуна жиберилген, 273 кылмыш иши кыскартылган, 709 кылмыш иши токтотулган, 929 кылмыш иши башка иш менен бириктирилген, 322 кылмыш иши өндүрүштө.
Кыргызстан Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтөт Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети чечимди колдоду. Финансы министрлигинин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, бул максатка 6 млн 871 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка азык-түлүк, балдарга кийим-кече жана оюнчуктар жеткирилет.
Крымдын түштүк жээгиндеги Форос кыштагына украиналык дрон менен жасалган чабуулдан үч адам каза таап, 16сы жарадар болду. Бул туурасында аталган республиканын башчысы Сергей Аксенов билдиргенин РИА Новости жазды. Аткылоого "Форос" санаторийи менен мектептин имараты алынган. Агенттик учурда РФтин Тергөө комитети бул чабуулга тиешеси бар украин аскер адамдарын аныктоо боюнча иштеп жатканын кабарлады. "Россиянын аймагындагы жарандык объектилерге кылмыштуу чабуул койгонго буйрук берген жана аны аткарган украиналык согушкерлердин кимдер экени аныкталып жатат", — деп жазылган маалыматта.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 85 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 23-сентябрга караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 23-сентябрь, шейшембиде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +23...+28, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +16...+21 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0