https://sputnik.kg/20250922/1096675388.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулуп төлөнөрүн облус жетекчиси убадаладыНетаньяху Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө жол берилбей турганын... 22.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-22T15:00+0600
2025-09-22T15:00+0600
2025-09-22T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/16/1096675222_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbe2bf1bbd212dd7e869b33206efbae3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулуп төлөнөрүн облус жетекчиси убадаладыНетаньяху Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө жол берилбей турганын айттыТашиев Бакуда чек ара маселесин жөнгө салуу тажрыйбасы менен бөлүштүАлдыда кененирээкУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-сентябрь күнү Баку шаарында өткөн коопсуздук боюнча III эл аралык форумга катышып, кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасы тууралуу доклад жасады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери чогулган. Алар эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринин кеңири багытын талкуулашкан. "УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүдө бирге аракет кылууга чакырды", — деп айтылат маалыматта. Форумдун алкагында УКМК төрагасы башка өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жетекчилери менен да жолугушканы белгиленди.
Баткен облусунун Бужум айылында Жаңы Достук айылынын курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Ал жерде 181 турак жай жана социалдык объектилер курулуп жатат. Жалпы аянты 57 гектарды түзөт. “Мамлекеттик департаменттин Баткен аймактык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоого байланыштуу көчүрүлө турган калктуу конуштардын тургундары үчүн Жаңы Достук айылында курулуп жаткан объектилерге тынымсыз көзөмөл жүргүзөт”, — дешти министрликтен.Негизги максат — курулуш нормаларынын сакталышын камсыз кылуу. Курулуштун сапатына, колдонулган материалдарга жана техникалык талаптардын аткарылышына көңүл бурулат. Облустагы жаңы айылдын курулушу 60 пайызга аяктаганы буга чейин кабарланган. Ал жакка Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын жана Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынын айрым тургундарын көчүрүү пландалууда.
Таластагы дарыгерлердин маянасына ай сайын кошумча 40 миң сомдон, ординаторлордун айлыгынын үстүнө 12 миң сомдон кошулуп төлөнөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Ал дубанга келип иштейм деген дарыгерлерди чакырып, бекер үй сыяктуу бардык шарт түзүлөрүн убадалады. Мындай аракет ак халатчандардын жетишсиздигин жоюу үчүн жасалып жатканын белгиледи. "Дарыгер болом деген балдардын окуу акысы дагы төлөнүп жатат. Бирок балдар окуусун аяктаган соң Талас облусундагы мамлекеттик ооруканаларда беш жыл иштеп бериши керек", — деди Жумаев Облус башчысы учурда 30 студент ушундай келишим менен дарыгерликке окуп жатканын, жалпы облус боюнча 173 дарыгер жетишсиз экенин айтты.Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 6 338 дарыгер жана 7 880 медайым жетишпейт.
Израиль премьери Биньямин Нетаньяху Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн четке какканын РИА Новости кабарлады. Ал Израиль БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясынан кийин Палестинаны бир тараптуу тааныган бир катар өлкөлөргө жооп берерин белгилеген. "Палестина мамлекети болбойт. Өлкөбүздүн как жүрөгүндө террордук мамлекетти таңуулоо аракетине АКШдан кайтып келгенден кийин жооп кайтарам. Кандуу 7-октябрдан кийин Палестинаны тааныган лидерлерге "террорчуларды катуу сыйлап жатасыңар" демекчимин", — деди Нетаньяху. Палестинаны мамлекет катары 147 өлкө тааныган, анын ичинде Россия да бар.
Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулуп төлөнөрүн облус жетекчиси убадаладыНетаньяху Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө жол берилбей турганын айттыТашиев Бакуда чек ара маселесин жөнгө салуу тажрыйбасы менен бөлүштүАлдыда кененирээкУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-сентябрь күнү Баку шаарында өткөн коопсуздук боюнча III эл аралык форумга катышып, кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасы тууралуу доклад жасады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери чогулган. Алар эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринин кеңири багытын талкуулашкан. "УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүдө бирге аракет кылууга чакырды", — деп айтылат маалыматта. Форумдун алкагында УКМК төрагасы башка өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жетекчилери менен да жолугушканы белгиленди.Баткен облусунун Бужум айылында Жаңы Достук айылынын курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Ал жерде 181 турак жай жана социалдык объектилер курулуп жатат. Жалпы аянты 57 гектарды түзөт. “Мамлекеттик департаменттин Баткен аймактык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоого байланыштуу көчүрүлө турган калктуу конуштардын тургундары үчүн Жаңы Достук айылында курулуп жаткан объектилерге тынымсыз көзөмөл жүргүзөт”, — дешти министрликтен.Негизги максат — курулуш нормаларынын сакталышын камсыз кылуу. Курулуштун сапатына, колдонулган материалдарга жана техникалык талаптардын аткарылышына көңүл бурулат. Облустагы жаңы айылдын курулушу 60 пайызга аяктаганы буга чейин кабарланган. Ал жакка Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын жана Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынын айрым тургундарын көчүрүү пландалууда. Таластагы дарыгерлердин маянасына ай сайын кошумча 40 миң сомдон, ординаторлордун айлыгынын үстүнө 12 миң сомдон кошулуп төлөнөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Ал дубанга келип иштейм деген дарыгерлерди чакырып, бекер үй сыяктуу бардык шарт түзүлөрүн убадалады. Мындай аракет ак халатчандардын жетишсиздигин жоюу үчүн жасалып жатканын белгиледи. "Дарыгер болом деген балдардын окуу акысы дагы төлөнүп жатат. Бирок балдар окуусун аяктаган соң Талас облусундагы мамлекеттик ооруканаларда беш жыл иштеп бериши керек", — деди Жумаев Облус башчысы учурда 30 студент ушундай келишим менен дарыгерликке окуп жатканын, жалпы облус боюнча 173 дарыгер жетишсиз экенин айтты.Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 6 338 дарыгер жана 7 880 медайым жетишпейт.Израиль премьери Биньямин Нетаньяху Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн четке какканын РИА Новости кабарлады. Ал Израиль БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясынан кийин Палестинаны бир тараптуу тааныган бир катар өлкөлөргө жооп берерин белгилеген. "Палестина мамлекети болбойт. Өлкөбүздүн как жүрөгүндө террордук мамлекетти таңуулоо аракетине АКШдан кайтып келгенден кийин жооп кайтарам. Кандуу 7-октябрдан кийин Палестинаны тааныган лидерлерге "террорчуларды катуу сыйлап жатасыңар" демекчимин", — деди Нетаньяху. Палестинаны мамлекет катары 147 өлкө тааныган, анын ичинде Россия да бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/16/1096675222_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d115bb380771b1eab5bd159ef53ac5ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио