https://sputnik.kg/20250913/1096480707.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу... 13.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-13T08:59+0600
2025-09-13T08:59+0600
2025-09-13T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0d/1096480541_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_01450df630a759848c2d522776d8383c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Тимур Малбашев билдирди. Анын айтымында, мүлк соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган. Анда заманбап шарттагы карылар үйү уюштурулуп, Ысык-Ата менен Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары ошол жакка көчүрүлөт. “Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакын айылдардын балдарына кызмат көрсөтөт. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылы аяктаары күтүлүүдө. Ал эми Бишкектеги карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынат”, — деди Малбашев. Ал убагында жеке менчикке өтүп кеткен мүлк жана жер тилкелери кайрадан мамлекетке кайтарылып элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып жатканын эске салды.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо уюмдарында QR-коддор аркылуу жарандардын пикирлерин чогултуучу бирдиктүү системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Министрликтен билдиришкендей, эми ар бир бейтап же мекемеге келген жаран 30 секунд ичинде кызмат тууралуу өз оюн калтыра алат: телефонунуздун камерасын кире бериште, каттоо жайында же күтүү зонасында жайгашкан QR-кодго багыттаңыз; шилтемеге кирип, кыска форманы толтуруңуз пикир автоматтык түрдө жооптуу бөлүмгө жөнөтүлөт, ал эми байланыш маалыматтары көрсөтүлсө, жооп аласыз. Белгиленгендей, ар бир пикир расмий катталып, кароодон өтөт жана расмий макамга ээ болот. Зарыл учурда чаралар көрүлүп, натыйжасы жарандарга билдирилет.
Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуунун алкагындагы даярдык иштеринин деңгээли жогору болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Элчи белгилегендей, Кыргызстанда, атап айтканда, Ысык-Көлдүн аймагында болгон сапарлардын жана сүйлөшүүлөрдүн графиги өтө тыгыз болгонун белгиледи. "Май айында Володин келип, ЖККУнун парламенттер аралык консультациялары өттү, андан кийин коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы, тышкы иштер министри, өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин координациялык кеңешинин катышуучулары чогулду. Мында даярдыктын деңгээли кынтыксыз болду, уюштуруучулук жагынан Кыргызстандын ролу чоң. Иштелип чыкпаган маселелер болгон жок, график сакталды, экономиканын жана эң негизгиси элдин абалына чындап таасир тийгизе турган өтө маанилүү маселелер көтөрүлдү", - деди ал.
Түрк мамлекеттеринин уюму өзүнүн желегин космоско жөнөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюмдун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Түрк мамлекеттер уюму — миң жылдык тарыхка, маданиятка жана түрк дүйнөсүнүн мурастарына негизделген уникалдуу уюм. «Уюмдун алкагында тышкы саясат, соода, экономика, айыл чарба, туризм жана косм
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Тимур Малбашев билдирди. Анын айтымында, мүлк соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган. Анда заманбап шарттагы карылар үйү уюштурулуп, Ысык-Ата менен Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары ошол жакка көчүрүлөт. “Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакын айылдардын балдарына кызмат көрсөтөт. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылы аяктаары күтүлүүдө. Ал эми Бишкектеги карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынат”, — деди Малбашев. Ал убагында жеке менчикке өтүп кеткен мүлк жана жер тилкелери кайрадан мамлекетке кайтарылып элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып жатканын эске салды.Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо уюмдарында QR-коддор аркылуу жарандардын пикирлерин чогултуучу бирдиктүү системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Министрликтен билдиришкендей, эми ар бир бейтап же мекемеге келген жаран 30 секунд ичинде кызмат тууралуу өз оюн калтыра алат: телефонунуздун камерасын кире бериште, каттоо жайында же күтүү зонасында жайгашкан QR-кодго багыттаңыз; шилтемеге кирип, кыска форманы толтуруңуз пикир автоматтык түрдө жооптуу бөлүмгө жөнөтүлөт, ал эми байланыш маалыматтары көрсөтүлсө, жооп аласыз. Белгиленгендей, ар бир пикир расмий катталып, кароодон өтөт жана расмий макамга ээ болот. Зарыл учурда чаралар көрүлүп, натыйжасы жарандарга билдирилет.Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуунун алкагындагы даярдык иштеринин деңгээли жогору болду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Элчи белгилегендей, Кыргызстанда, атап айтканда, Ысык-Көлдүн аймагында болгон сапарлардын жана сүйлөшүүлөрдүн графиги өтө тыгыз болгонун белгиледи. "Май айында Володин келип, ЖККУнун парламенттер аралык консультациялары өттү, андан кийин коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы, тышкы иштер министри, өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин координациялык кеңешинин катышуучулары чогулду. Мында даярдыктын деңгээли кынтыксыз болду, уюштуруучулук жагынан Кыргызстандын ролу чоң. Иштелип чыкпаган маселелер болгон жок, график сакталды, экономиканын жана эң негизгиси элдин абалына чындап таасир тийгизе турган өтө маанилүү маселелер көтөрүлдү", - деди ал.Түрк мамлекеттеринин уюму өзүнүн желегин космоско жөнөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюмдун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Түрк мамлекеттер уюму — миң жылдык тарыхка, маданиятка жана түрк дүйнөсүнүн мурастарына негизделген уникалдуу уюм. «Уюмдун алкагында тышкы саясат, соода, экономика, айыл чарба, туризм жана косм
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0d/1096480541_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_89ba6328b430f112b963df0ae6f5b7c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио