https://sputnik.kg/20250903/1096274322.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында... 03.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-03T11:00+0600
2025-09-03T11:00+0600
2025-09-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096274156_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_322bc56d5b554ec0a5e4c96e8443fe0a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты. Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү. Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.
3-сентябрда, Россиянын Владивосток шаарында юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму башталып, расмий ВЭФ-2025 деп аталат.Анын айтымында, дүйнөлүк күч борборлору Батыштан Чыгышка жылууда. Бул көрүнүш объективдүү экономикалык өзгөрүүлөргө гана эмес, мурдагы форматтарды бетине кармаган АКШнын бир тараптуу саясатынан Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин чарчап бүткөнүнө байланыштуу. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, форумга алты миң кишинин катышуусу күтүлүүдө. Быйыл форумга 70ке чукул өлкөдөн 4500дөн ашык ЖМК өкүлдөрү келет дешти. Ал эми 4-5-сентябрда форумга РФ президенти Владимир Путин катышмакчы. Владивостоктогу "Улица Дальнего Востока" деп аталган аянт жана көргөзмө мындай ири масштабдагы иш-чарага даяр. Уюштуруучулар юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму кандай жерлерде өтөрүн жана ага көрүлгөн даярдык туурасында видео даярдашкан. X Чыгыш экономикалык форуму 3-6-сентябрда Владивосток шаарында, Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. 2025-жылдагы форум "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деген ураандын алдында болмокчу.
Кытайдын суюк отун менен иштеген DF-5C аталышындагы континент аралык ракетасы планетанын бардык жерине жете алат. Кытай мындай кубаттуу куралын Пекинде өткөн парадда алып чыкты. РИА Новости Кытай планетадагы стратегиялык коопсуздукту камсыздай турган жана сестендирген ракетаны дүйнөгө көрсөткөнүн жазды. Бүгүн Кытайдын Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана милитаристтик Японияны жеңилгендигинин 80 жылдыгына арналган парад өттү. Кытайдын япон агрессиясына каршы согушу 1931-жылы япон армиясынын Маньчжурияга басып кириши менен башталган.
АКШ президенти Дональд Трамп Пекиндеги аскердик парад тууралуу пикирин билдирип жатып, Россияны, Кытай жана Түндүк Кореяны Америкага каршы "кутум" уюштуруп жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Тяньаньмэнь аянтындагы аскердик парадды көрүү үчүн трибунага Россия президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын чогуу келишкен.Төрага Си Цзиньпин Пекиндеги аскердик параддагы сөзүндө АКШ тууралуу айткан жок, бирок бардык өлкөлөргө жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда шейшемби күнү Трамп Кытай менен Россия биригип, Вашингтондун кызыкчылыктарына каршы коркунуч жаратпай турганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты. Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү. Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.3-сентябрда, Россиянын Владивосток шаарында юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму башталып, расмий ВЭФ-2025 деп аталат.Анын айтымында, дүйнөлүк күч борборлору Батыштан Чыгышка жылууда. Бул көрүнүш объективдүү экономикалык өзгөрүүлөргө гана эмес, мурдагы форматтарды бетине кармаган АКШнын бир тараптуу саясатынан Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин чарчап бүткөнүнө байланыштуу. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, форумга алты миң кишинин катышуусу күтүлүүдө. Быйыл форумга 70ке чукул өлкөдөн 4500дөн ашык ЖМК өкүлдөрү келет дешти. Ал эми 4-5-сентябрда форумга РФ президенти Владимир Путин катышмакчы. Владивостоктогу "Улица Дальнего Востока" деп аталган аянт жана көргөзмө мындай ири масштабдагы иш-чарага даяр. Уюштуруучулар юбилейлик Чыгыш экономикалык форуму кандай жерлерде өтөрүн жана ага көрүлгөн даярдык туурасында видео даярдашкан. X Чыгыш экономикалык форуму 3-6-сентябрда Владивосток шаарында, Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. 2025-жылдагы форум "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деген ураандын алдында болмокчу.Кытайдын суюк отун менен иштеген DF-5C аталышындагы континент аралык ракетасы планетанын бардык жерине жете алат. Кытай мындай кубаттуу куралын Пекинде өткөн парадда алып чыкты. РИА Новости Кытай планетадагы стратегиялык коопсуздукту камсыздай турган жана сестендирген ракетаны дүйнөгө көрсөткөнүн жазды. Бүгүн Кытайдын Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана милитаристтик Японияны жеңилгендигинин 80 жылдыгына арналган парад өттү. Кытайдын япон агрессиясына каршы согушу 1931-жылы япон армиясынын Маньчжурияга басып кириши менен башталган. АКШ президенти Дональд Трамп Пекиндеги аскердик парад тууралуу пикирин билдирип жатып, Россияны, Кытай жана Түндүк Кореяны Америкага каршы "кутум" уюштуруп жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Тяньаньмэнь аянтындагы аскердик парадды көрүү үчүн трибунага Россия президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын чогуу келишкен.Төрага Си Цзиньпин Пекиндеги аскердик параддагы сөзүндө АКШ тууралуу айткан жок, бирок бардык өлкөлөргө жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда шейшемби күнү Трамп Кытай менен Россия биригип, Вашингтондун кызыкчылыктарына каршы коркунуч жаратпай турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096274156_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_229fc286bcfa752f24857e5701be9619.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио