00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ президенттин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди. Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жаш изилдөөчүлөрү Ташкентте өткөн жаш тарыхчылардын IV жайкы форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилиги кабарлады. Иш-чаранын максаты — жаш адистердин илимий деңгээлин жогорулатуу, келечектеги кызматташтыкты кеңейтүү жана тарых илимин тереңдетүү. Форумдун алкагында Борбор Азиянын тарыхы, КМШ мамлекеттеринин саясий өнүгүүсү, түрк элдеринин маданияты жана тарыхый байланыштары боюнча маанилүү темалар талкууланды. Форумга Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, ОшМУ жана Жалал-Абад университетинен келген жалпы 11 жаш изилдөөчү катышканы кошумчаланды.
Жол эрежесин бузган айдоочудан экзамен планшет менен тест түрүндө алынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу радиолордун биринде билдирди. Ал эреже бузган айдоочулардан экзамен соцтармактагы видеолордогудай эреже тартылган кагаз менен эмес, электрондук түрдө алынарын белгилеген. "Андай видеону биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жасаганбыз. Механизм иштей баштаса баары электрондук түрдө планшет менен алынат. Учурда протокол түзүүнү да электрондоштуруп жатабыз. Ошол себептен айдоочудан экзамен алуу 1-сентябрда эмес, андан кечирээк башталат. Анан айдоочулар "кокустан эреже бузуп алсам эле токтотуп экзамен алат" деп коркпошу керек. Жолдогу эрежени, мисалы, машинаны атайын катуу айдап же каршы тилкеге чыкса, же жол чырактын кызылына токтобой өтүп кетип жол кырсыгына себепкер болсо гана экзамен алынат. Сунуш боюнча бир билетте алты суроо болот. Айдоочу анын төртөөнө жооп берсе өттү деп эсептелет", — деген Айтикул уулу.
30-31-август күндөрү Эгемендүүлүк күнүнүн урматына кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул ири маданий иш-чаранын алкагында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы жана Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы белгиленет. Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында өтөт. Башталышы саат 12:00. Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар 27-29-август күндөрү жер-жерлерде өткөрүлөт. Кирүү акысыз
Жаңылыктар түрмөгү
0