https://sputnik.kg/20250827/1096123351.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Агартуу министрлиги китеп жетпей калган окуучуларга кошумча китеп алып бербей турууга чакырды. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова... 27.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-27T11:00+0600
2025-08-27T11:00+0600
2025-08-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1b/1096123219_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_91edab698058e9cd138817b57f4a3d3c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Агартуу министрлиги китеп жетпей калган окуучуларга кошумча китеп алып бербей турууга чакырды. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, китептер мектептерге толук жеткирилгиче окуучу, мугалимдер онлайн вариантын атайын сайттан акысыз көчүрүп алып же онлайн окуп турса болот. “Учкун” ишканасы менен министрликтин адистери күнү-түнү иштеп жатат. Китептер жакынкы аралыкта мектептерге жеткирилет. Ага чейин балдар китептердин электрондук вариантын убактылуу колдонуп турса болот", — деген Жусупбекова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында. "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, 1, 2, 5 ,7-класстарга окуу китептери толук басып чыгарылат.
Кыргызстанда Дүйнөлүк банк менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМ Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алардын алдын алуу максатында иштеп чыккан "Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү долбоорун" жана аны каржылоо механизмдерин талкуулап, бул демилгенин ишке ашышы менен кризисттик кырдаалдарды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларына ишеним артышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өлкөдө табигый кырсыктардын саны өсүп жаткан шартта аймактардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, өз ара мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин кошумчалашты.
Бишкек мэриясы такси, автобус айдоочуларына айып салууну көздөөдө. Бул туурасында өкмөттүн токтом долбоорунда айтылган. Документке таянсак, борбор калаада машина көбөйгөн сайын коомдук транспорттун да жол эрежесин бузган учурлары арбып жатканы айтылат. Ал эми мэрия түшүндүрүү иштери менен гана чектелип, ал натыйжа бербей жатканы белгиленген. Мындан улам тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин, санитардык нормаларды бузган такси, автобус айдоочуларына айып салуу укугун Бишкек мэриясына берүү каралып жатат. Муниципалитет маршруттук схемадан чыгып кеткен автобус жана электробустардын айдоочуларына айып салууну сунуштоодо.
Украинадагы жаңжалга корогон чыгымдар толугу менен НАТОго мүчө өнөктөштөрдүн мойнуна жүктөлдү. Вашингтон болгону аларга курал-жарак сатып жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. "Америка мындан ары Украинаны каржылоого катышпайт. Биз чыр-чатакты, өлүмдү токтотууга гана кызыкдарбыз. Жаңжалдын баарын НАТО каржылап жатат, биз бир тыйын да коротпойбуз", — деди Трамп Ак үйдөгү министрлер кабинетинин жыйынында. Анын айтымында, АКШ союздаштарына миллиондогон, керек болсо миллиарддаган долларга аскердик техника, анын ичинде Patriot комплекстерин сатууда. Өлкөнүн курал-жарак чыгарган заводдору өндүрүштүн көлөмүн үч эсеге чейин көбөйттү. Президенттин баамында европалык өнөктөштөр Америка чыгарган продукцияны дүйнөдө эң мыкты болгондуктан сатып алып жатышат.
Агартуу министрлиги китеп жетпей калган окуучуларга кошумча китеп алып бербей турууга чакырды. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, китептер мектептерге толук жеткирилгиче окуучу, мугалимдер онлайн вариантын атайын сайттан акысыз көчүрүп алып же онлайн окуп турса болот. “Учкун” ишканасы менен министрликтин адистери күнү-түнү иштеп жатат. Китептер жакынкы аралыкта мектептерге жеткирилет. Ага чейин балдар китептердин электрондук вариантын убактылуу колдонуп турса болот", — деген Жусупбекова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында. "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, 1, 2, 5 ,7-класстарга окуу китептери толук басып чыгарылат.Кыргызстанда Дүйнөлүк банк менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМ Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алардын алдын алуу максатында иштеп чыккан "Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү долбоорун" жана аны каржылоо механизмдерин талкуулап, бул демилгенин ишке ашышы менен кризисттик кырдаалдарды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларына ишеним артышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өлкөдө табигый кырсыктардын саны өсүп жаткан шартта аймактардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, өз ара мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин кошумчалашты.Бишкек мэриясы такси, автобус айдоочуларына айып салууну көздөөдө. Бул туурасында өкмөттүн токтом долбоорунда айтылган. Документке таянсак, борбор калаада машина көбөйгөн сайын коомдук транспорттун да жол эрежесин бузган учурлары арбып жатканы айтылат. Ал эми мэрия түшүндүрүү иштери менен гана чектелип, ал натыйжа бербей жатканы белгиленген. Мындан улам тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин, санитардык нормаларды бузган такси, автобус айдоочуларына айып салуу укугун Бишкек мэриясына берүү каралып жатат. Муниципалитет маршруттук схемадан чыгып кеткен автобус жана электробустардын айдоочуларына айып салууну сунуштоодо.Украинадагы жаңжалга корогон чыгымдар толугу менен НАТОго мүчө өнөктөштөрдүн мойнуна жүктөлдү. Вашингтон болгону аларга курал-жарак сатып жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. "Америка мындан ары Украинаны каржылоого катышпайт. Биз чыр-чатакты, өлүмдү токтотууга гана кызыкдарбыз. Жаңжалдын баарын НАТО каржылап жатат, биз бир тыйын да коротпойбуз", — деди Трамп Ак үйдөгү министрлер кабинетинин жыйынында. Анын айтымында, АКШ союздаштарына миллиондогон, керек болсо миллиарддаган долларга аскердик техника, анын ичинде Patriot комплекстерин сатууда. Өлкөнүн курал-жарак чыгарган заводдору өндүрүштүн көлөмүн үч эсеге чейин көбөйттү. Президенттин баамында европалык өнөктөштөр Америка чыгарган продукцияны дүйнөдө эң мыкты болгондуктан сатып алып жатышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1b/1096123219_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_94b039820597ffd26ef95846d7a6647c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио