https://sputnik.kg/20250819/1095960509.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Алты мыкты россиялык дарыгер маанилүү миссия менен Бишкекке келишти. Алар кыргызстандыктарга ден соолукка кам көрүүгө жардам беришет. Медиктер "Жакшылык... 19.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-19T09:00+0600
2025-08-19T09:00+0600
2025-08-19T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/13/1095960377_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ed0267a8f088101343036a23b6dc43f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Алты мыкты россиялык дарыгер маанилүү миссия менен Бишкекке келишти. Алар кыргызстандыктарга ден соолукка кам көрүүгө жардам беришет. Медиктер "Жакшылык миссиясы" программасынын алкагында окутууларды өткөрүп, билими менен бөлүшөт. Ошондой эле бейтаптарды кабыл алышат. Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны тездик менен өсүүдө. Жыл сайын бул көрсөткүч болжол менен 15 пайызга көбөйүп жатат. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө планетанын ар бир онунчу тургуну ушундай дартка туш болот. Бул маселе Бишкекте россиялык дарыгерлер менен болгон жолугушууда талкууланды. Алардын арасында "РЖД-Медицина" борбордук клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн башчысы Елена Соколова да бар. "Бөйрөктү "унчукпаган орган" деп аташат. Анткени оору көпкө чейин белинбей, сезилбей жүрө берет. Органдын функциялары 70 пайызга жарабай калганда гана алгачкы белгилери пайда болот. Биз кыргызстандык нефролог кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу үчүн келдик", — деди ал. Медиктердин баары "Жакшылык миссиясы" программасынын ыктыярчылары болуп саналышат. Бир жуманын ичинде мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүп, бейтаптарга консультация беришет.
18-августан баштап 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Анын алкагында "Каттоону жокко чыгаруу" баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса ата-энелер мурдагы каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат. "Кошумча каттоо аяктаганга чейин да жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү себеп болсо билим берүү мекемесинин башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн", —деп айтылат маалыматта. Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөрү айтылды.
Кыргызстанда жаңы окуу жылында жогорку окуу жайларга 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу «Абитуриент онлайн» платформасында айтылат. Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 59 студент бюджеттик негизде, ал эми 22 миң 110 студент контракттык негизде окууга өттү. Күндүзгү бөлүмгө 27 миң 738 студент, ал эми сырттан окуу бөлүмүнө 1431 студент кабыл алынды. Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу 14-июлда башталып, абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент онлайн» платформасы аркылуу үч тур менен жүргүзүлгөн.
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. "Бишкекгаз" газ кызматынан билдиришкендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-22-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Аламүдүн айылы, Древесная көчөсү, ГЭС-2 көчөсү, Гоголь көчөсү, Чернышевский көчөсү, ЧЧК, «Куликовский» кондитердик цехи. "Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана
Алты мыкты россиялык дарыгер маанилүү миссия менен Бишкекке келишти. Алар кыргызстандыктарга ден соолукка кам көрүүгө жардам беришет. Медиктер "Жакшылык миссиясы" программасынын алкагында окутууларды өткөрүп, билими менен бөлүшөт. Ошондой эле бейтаптарды кабыл алышат. Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны тездик менен өсүүдө. Жыл сайын бул көрсөткүч болжол менен 15 пайызга көбөйүп жатат. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө планетанын ар бир онунчу тургуну ушундай дартка туш болот. Бул маселе Бишкекте россиялык дарыгерлер менен болгон жолугушууда талкууланды. Алардын арасында "РЖД-Медицина" борбордук клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн башчысы Елена Соколова да бар. "Бөйрөктү "унчукпаган орган" деп аташат. Анткени оору көпкө чейин белинбей, сезилбей жүрө берет. Органдын функциялары 70 пайызга жарабай калганда гана алгачкы белгилери пайда болот. Биз кыргызстандык нефролог кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу үчүн келдик", — деди ал. Медиктердин баары "Жакшылык миссиясы" программасынын ыктыярчылары болуп саналышат. Бир жуманын ичинде мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүп, бейтаптарга консультация беришет.18-августан баштап 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык тутумунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Анын алкагында "Каттоону жокко чыгаруу" баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса ата-энелер мурдагы каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат. "Кошумча каттоо аяктаганга чейин да жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алышат. Жүйөлүү себеп болсо билим берүү мекемесинин башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн", —деп айтылат маалыматта. Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөрү айтылды.Кыргызстанда жаңы окуу жылында жогорку окуу жайларга 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу «Абитуриент онлайн» платформасында айтылат. Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 59 студент бюджеттик негизде, ал эми 22 миң 110 студент контракттык негизде окууга өттү. Күндүзгү бөлүмгө 27 миң 738 студент, ал эми сырттан окуу бөлүмүнө 1431 студент кабыл алынды. Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу 14-июлда башталып, абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент онлайн» платформасы аркылуу үч тур менен жүргүзүлгөн.Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. "Бишкекгаз" газ кызматынан билдиришкендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-22-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Аламүдүн айылы, Древесная көчөсү, ГЭС-2 көчөсү, Гоголь көчөсү, Чернышевский көчөсү, ЧЧК, «Куликовский» кондитердик цехи. "Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/13/1095960377_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ed99ed86b8fc72f20daf0a8af8dde7d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио