https://sputnik.kg/20250812/bashky-agronom-darak-tamyr-albay-kaldy-tushundurdu-1095826355.html
Башкы агроном Айтматов проспектиндеги дарактар эмнеге куурап калганын айтты
Башкы агроном Айтматов проспектиндеги дарактар эмнеге куурап калганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда... 12.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-12T13:36+0600
2025-08-12T13:36+0600
2025-08-12T14:52+0600
кыргызстан
бишкек
чыңгыз айтматов
бак-дарак
отургузуу
жаныбек жумалиев
жашыл чарба
курулуш
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095232731_0:40:3498:2008_1920x0_80_0_0_e750456660b8542fd3be7cb9d2972de8.jpg
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Чыңгыз Айтматов проспектине отургузулган дарактар эмне себептен тамыр албай калганын түшүндүрдү. Эске салсак, проспектини кеңейтүү үчүн жолдун боюндагы теректер кыйылып, ордуна клен дарактары отургузулган. Рашид Браун аттуу блогер 250 дарак тамыр байлап, калган 102си куурап калганын билдирген. Жумалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетейге чейинки проспект жашылдандырылып жатат. Ал эми Семетейден Масалиевге чейинки бөлүктөгү жумуштар аяктады. Анын айтымында, Айтматов проспектин жашылдандыруунун алкагында 500гө жакын канадалык чоң клендор жана бир нече гүлдүү бадал отургузулган. Көп бөлүгү (300дөн ашык дарак) Октябрь району тарабынан, калганы Ленин району жактан отургузулган. Тилекке каршы, Октябрь районунда 100гө жакын дарак тамыр алган эмес. "Бул аймактарды мен өзүм текшергем. Отургузуу иштери технология боюнча жүргүзүлгөн. Тагыраагы, топурагы менен алып келинип, сугаруу системасын орнотушкан. Ошого карабастан тамыр албай калгандары болду. Алар биздин климаттык шарттарга ылайыкташа албай калышы мүмкүн. Зыянды кайтаруу маселеси Президенттин иш башкармалыгынын компетенциясына кирет", — деди Жумалиев.
https://sputnik.kg/20241104/bishkekte-kylym-zhashagan-kart-daraktar-bar-1089953585.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095232731_384:0:3115:2048_1920x0_80_0_0_fc875da7aeb1a3c5bc443cf07b54d219.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, чыңгыз айтматов, бак-дарак, отургузуу, жаныбек жумалиев, жашыл чарба, курулуш
кыргызстан, бишкек, чыңгыз айтматов, бак-дарак, отургузуу, жаныбек жумалиев, жашыл чарба, курулуш
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев
Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Чыңгыз Айтматов проспектине отургузулган дарактар эмне себептен тамыр албай калганын түшүндүрдү.
Эске салсак, проспектини кеңейтүү үчүн жолдун боюндагы теректер кыйылып, ордуна клен дарактары отургузулган. Рашид Браун аттуу блогер 250 дарак тамыр байлап, калган 102си куурап калганын билдирген.
Жумалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетейге чейинки проспект жашылдандырылып жатат. Ал эми Семетейден Масалиевге чейинки бөлүктөгү жумуштар аяктады.
"Бул иштерди "Бишкек жашыл чарба курулуш" ишканасы эмес, Президенттин иш башкармалыгы аткарып жатат. Бирок биз алар менен байланышта болуп, отургузуу иштери кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөп турабыз", — деди башкы агроном.
Анын айтымында, Айтматов проспектин жашылдандыруунун алкагында 500гө жакын канадалык чоң клендор жана бир нече гүлдүү бадал отургузулган. Көп бөлүгү (300дөн ашык дарак) Октябрь району тарабынан, калганы Ленин району жактан отургузулган. Тилекке каршы, Октябрь районунда 100гө жакын дарак тамыр алган эмес.
"Бул аймактарды мен өзүм текшергем. Отургузуу иштери технология боюнча жүргүзүлгөн. Тагыраагы, топурагы менен алып келинип, сугаруу системасын орнотушкан. Ошого карабастан тамыр албай калгандары болду. Алар биздин климаттык шарттарга ылайыкташа албай калышы мүмкүн. Зыянды кайтаруу маселеси Президенттин иш башкармалыгынын компетенциясына кирет", — деди Жумалиев.

4 Жетинин айы 2024, 10:09