https://sputnik.kg/20250811/1095805529.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орунда ачылатВице-президент Вэнс Трамп Украинаны каржылоону токтотуу ниетин билдиргенин айттыПутин... 11.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-11T11:00+0600
2025-08-11T11:00+0600
2025-08-11T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0b/1095805397_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d47b870bb252d7b940531c1775d3184.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орунда ачылатВице-президент Вэнс Трамп Украинаны каржылоону токтотуу ниетин билдиргенин айттыПутин Жапаровго Трамп менен Аляскада болчу жолугушуу тууралуу айтып бердиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров 10-августта, Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Анын жүрүшүндө РФ лидери кесиптешин украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон дипломатиялык байланыштардын жүрүшү менен кабардар кылган. Жапаров кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди. Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашканы айтылды.
Жакында мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул бүгүнкү күндө бир дагы мектепте катталбаган балдарды 1-2-класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Белгиленгендей, кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат жана 8-августка карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот. Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн "жазууну жокко чыгаруу" функциясы жеткиликсиз болот. Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктай турганын эскертет.
Россия Израиль бийлигинин Газа тилкесине көзөмөл орнотуу ниетин айыптап, мындай кадамдар эл аралык укук нормаларын бузарын белгилейт. Бул билдирүүнү РФтин БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский жасаганын РИА Новости жазды. Бейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторуна көзөмөл орнотуу ниетин билдирген. Анын айтымында, Израиль аны басып албайт, коопсуздукту камсыздап, кийин жаңы өкмөткө өткөрүп бермекчи. Россия ТИМи мындай пландын кесепети бүтүндөй регион үчүн оор болуп, палестин анклавындагы кырдаалды курчутарын эскерткен. "Израиль бийлигинин бул кадамдары эл аралык нормаларды оройлук менен бузуп, дүйнө коомчулугунун чакырыктарын, Коопсуздук кеңештин чечимдерин ачык эле тоготпой жаткандык. Палестин-израиль чатагынын чечилишинде келечегине кесепетин тийгизет. Нетаньяхунун өкмөтүнүн Газаны басып алуу ниетин чечкиндүү айыптайбыз", — деген россиялык дипломат БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды каржылоосун токтотууну каалайт, америкалыктар төлөгөн салыгын согушка жумшагандан тажады. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды. "Президент да, мен да Америка Украинадагы согушту каржылоосун токтотушун каалайбыз. Маселени тынчтык жол менен жөнгө салып, адам өлүмүн токтоткубуз келет. Америкалыктар бул чыр-чатакка өз акчасын, төлөгөн салыгын короткондон чарчады", — деген вице-президенти Fox News телеканалына берген маегинде. Ошондой эле Вэнс эгерде европалыктар Америка чыгарган курал-жарактарды сатып алып Украинага беребиз дешсе, расмий Вашингтон ага каршы эмес экенин кошумчалаган. "Бирок өзүбүз каржылабайбыз", — деп баса белгилеген.
Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орунда ачылатВице-президент Вэнс Трамп Украинаны каржылоону токтотуу ниетин билдиргенин айттыПутин Жапаровго Трамп менен Аляскада болчу жолугушуу тууралуу айтып бердиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров 10-августта, Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Анын жүрүшүндө РФ лидери кесиптешин украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон дипломатиялык байланыштардын жүрүшү менен кабардар кылган. Жапаров кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди. Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашканы айтылды.Жакында мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул бүгүнкү күндө бир дагы мектепте катталбаган балдарды 1-2-класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Белгиленгендей, кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат жана 8-августка карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот. Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн "жазууну жокко чыгаруу" функциясы жеткиликсиз болот. Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктай турганын эскертет.Россия Израиль бийлигинин Газа тилкесине көзөмөл орнотуу ниетин айыптап, мындай кадамдар эл аралык укук нормаларын бузарын белгилейт. Бул билдирүүнү РФтин БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский жасаганын РИА Новости жазды. Бейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторуна көзөмөл орнотуу ниетин билдирген. Анын айтымында, Израиль аны басып албайт, коопсуздукту камсыздап, кийин жаңы өкмөткө өткөрүп бермекчи. Россия ТИМи мындай пландын кесепети бүтүндөй регион үчүн оор болуп, палестин анклавындагы кырдаалды курчутарын эскерткен. "Израиль бийлигинин бул кадамдары эл аралык нормаларды оройлук менен бузуп, дүйнө коомчулугунун чакырыктарын, Коопсуздук кеңештин чечимдерин ачык эле тоготпой жаткандык. Палестин-израиль чатагынын чечилишинде келечегине кесепетин тийгизет. Нетаньяхунун өкмөтүнүн Газаны басып алуу ниетин чечкиндүү айыптайбыз", — деген россиялык дипломат БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды каржылоосун токтотууну каалайт, америкалыктар төлөгөн салыгын согушка жумшагандан тажады. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды. "Президент да, мен да Америка Украинадагы согушту каржылоосун токтотушун каалайбыз. Маселени тынчтык жол менен жөнгө салып, адам өлүмүн токтоткубуз келет. Америкалыктар бул чыр-чатакка өз акчасын, төлөгөн салыгын короткондон чарчады", — деген вице-президенти Fox News телеканалына берген маегинде. Ошондой эле Вэнс эгерде европалыктар Америка чыгарган курал-жарактарды сатып алып Украинага беребиз дешсе, расмий Вашингтон ага каршы эмес экенин кошумчалаган. "Бирок өзүбүз каржылабайбыз", — деп баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0b/1095805397_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aadc86ea5d5e41a4b46ece4c63db60a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио