https://sputnik.kg/20250807/aksh-bazhy-alymy-kuchuno-kirdi-1095751034.html
Трамптын 60тан ашык өлкөгө бажы алымын киргизүү буйругу бүгүн күчүнө кирди
Трамптын 60тан ашык өлкөгө бажы алымын киргизүү буйругу бүгүн күчүнө кирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 60тан ашык өлкөгө бажы алымдарын киргизүү боюнча Дональд Трамп кол койгон буйрук бүгүн, 7-августта, күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА... 07.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-07T13:23+0600
2025-08-07T13:23+0600
2025-08-07T13:51+0600
дүйнөдө
акш
вашингтон
сирия
дональд трамп
евробиримдик
бажы алымы
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579032_0:0:3113:1751_1920x0_80_0_0_7178139b8cdc517e7c4be85a09201af7.jpg
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 60тан ашык өлкөгө бажы алымдарын киргизүү боюнча Дональд Трамп кол койгон буйрук бүгүн, 7-августта, күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматка караганда, эң жогорку 41 пайыздык бажы алымы Сирияга туура келет. Мьянма менен Лаостун импортуна 40 пайыз, Ирак менен Сербияга 35 пайыз киргизилген. Ал эми Россия тизмеде жок. Канаданын товарларына карата киргизилген бажы алымдары 1-августтан тарта күчүнө кирген. Вашингтон Мексика менен учурдагы шарттарды 90 күнгө узартууну макулдашты, анын ичинде 25 пайыздык негизги алым менен болот, алюминий жана жезге карата 50 пайыздык коюм каралган. Шаршемби күнү Трамп өзүнчө буйрук менен Россиядан мунай сатып алганы үчүн санкция катары Индиядан импорттолуучу товарларга кошумча 25 пайыздык бажы салыгын киргизген. Тарифтер документке кол коюлгандан 21 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Трамптын бажы алымдары Трамп кайрадан президент болуп шайлангандан кийин соода саясатын катаалдата баштады: Мексика менен Канададан келген товарларга бажы алымын киргизип, Кытайдыкын жогорулаткан. Ал эми алюминий, болот жана автоунааларга тарифти чектеген. 2-апрелде Вашингтон импортко 10 пайыздык өз ара бажы төлөмүн бекитип, 57 мамлекеттен жогорулатылган акы алына баштаган. Бир жумадан кийин процесс убактылуу токтоп, АКШ бир катар соода өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. АКШдагы Товарлардын жеткирилишин тескөөчү институттун талдоосуна ылайык, соодадагы мындай саясат өлкөдө өнөр жай активдүүлүгүн басаңдатып, логистикага доо кетирет. Анализде бизнестин жабыркаганы айтылат. Анткен менен инвесторлордун кескин реакциясынан кийин Трамп бир нече ирет "жумшарган" болчу, мындан улам азыр анын катаал билдирүүлөрү көп этибарга алынбай калганы белгиленген. NBC телеканалы атын атагысы келбеген аткаминерге таянып, АКШнын финансы жана соода министрлери облигациялар рыногундагы абалга тынчсызданып бажы алымдарын токтоттурууга аракет кылышканын билдирген. Жергиликтүү чиновниктер Трамптын мындай чечими дүйнөлүк кризисти шарттайт деген кооптонуусун да айтышканы маалым.
https://sputnik.kg/20250805/indiya-aksh-ebdin-synyn-negizsiz-dep-atady-1095709205.html
акш
вашингтон
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579032_129:0:2858:2047_1920x0_80_0_0_0f56afcc1badf14af47537ae054ea1a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, вашингтон, сирия, дональд трамп, евробиримдик, бажы алымы
дүйнөдө, акш, вашингтон, сирия, дональд трамп, евробиримдик, бажы алымы
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 60тан ашык өлкөгө бажы алымдарын киргизүү боюнча Дональд Трамп кол койгон буйрук бүгүн, 7-августта, күчүнө кирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, эң жогорку 41 пайыздык бажы алымы Сирияга туура келет. Мьянма менен Лаостун импортуна 40 пайыз, Ирак менен Сербияга 35 пайыз киргизилген. Ал эми Россия тизмеде жок. Канаданын товарларына карата киргизилген бажы алымдары
1-августтан тарта күчүнө кирген. Вашингтон Мексика менен учурдагы шарттарды 90 күнгө узартууну макулдашты, анын ичинде 25 пайыздык негизги алым менен болот, алюминий жана жезге карата 50 пайыздык коюм каралган.
Шаршемби күнү Трамп өзүнчө буйрук менен Россиядан мунай сатып алганы үчүн санкция катары Индиядан импорттолуучу товарларга кошумча 25 пайыздык бажы салыгын киргизген. Тарифтер документке кол коюлгандан 21 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Трамп кайрадан президент болуп шайлангандан кийин соода саясатын катаалдата баштады: Мексика менен Канададан келген товарларга бажы алымын киргизип, Кытайдыкын жогорулаткан. Ал эми алюминий, болот жана автоунааларга тарифти чектеген. 2-апрелде Вашингтон импортко 10 пайыздык өз ара бажы төлөмүн бекитип, 57 мамлекеттен жогорулатылган акы алына баштаган. Бир жумадан кийин процесс убактылуу токтоп, АКШ бир катар соода өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.
АКШдагы Товарлардын жеткирилишин тескөөчү институттун талдоосуна ылайык, соодадагы мындай саясат өлкөдө өнөр жай активдүүлүгүн басаңдатып, логистикага доо кетирет. Анализде бизнестин жабыркаганы айтылат. Анткен менен инвесторлордун кескин реакциясынан кийин Трамп бир нече ирет "жумшарган" болчу, мындан улам азыр анын катаал билдирүүлөрү көп этибарга алынбай калганы белгиленген.
NBC телеканалы атын атагысы келбеген аткаминерге таянып, АКШнын финансы жана соода министрлери облигациялар рыногундагы абалга тынчсызданып бажы алымдарын токтоттурууга аракет кылышканын билдирген. Жергиликтүү чиновниктер Трамптын мындай чечими дүйнөлүк кризисти шарттайт деген кооптонуусун да айтышканы маалым.