https://sputnik.kg/20250807/1095760998.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Технопаркта чогултулган "Алтын Казык" ноутбуктарын Агартуу министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берилди. Мекемеден маалымдашкандай, иш-чарага... 07.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-07T19:00+0600
2025-08-07T19:00+0600
2025-08-07T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095760866_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ef013f770cb5cdd2dfac3520a23963f9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Технопаркта чогултулган "Алтын Казык" ноутбуктарын Агартуу министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берилди. Мекемеден маалымдашкандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева катышты. Белгилей кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган. Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө.
Россиялык мугалимдердин Кыргызстандагы ишинде эмнелер өзгөрүшү мүмкүн экенин РФ Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев айтып берди. Айтымында, россиялык мугалимдер республиканын орто кесиптик билим берүү системасында да эмгектене алышат. Мындай иштер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн, мисалы, Өзбекстанды көздөй өңүт алды. Россиянын Агартуу министрлиги ушундай эле өтүнүчтү Кыргызстандан да күтөт. "Биздин долбоорлор колледждерде, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуунун сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле методикалык колдоо долбоордогу мугалимдерге гана эмес, жергиликтүү педагогдорго да көрсөтүлүшү мүмкүн. Россиялык мугалимдер Кыргызстандагы мугалимдерге педагогикалык ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштуруу, мыкты окутуу методикаларын өз мектептериндеги окуу процессине киргизүү үчүн жардам берүүсү каралган бирикмелерди уюштурууга болот", — деди Малышев.
Кара-Суу районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Буга чейин Райымбек Матраимовдун өкүл баласы делген Мунарбек Сайпидинов соцтармак аркылуу УКМК башчысына кайрылган. Анда ал Россияда кармалганын, Матраимовдун былык иштери боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.Министрлик ал 7-августта өлкөгө алып келингенин кабарлап, бир катар кылмыш иштерге шектелип жатканын белгиледи.
Эртең Никол Пашинян Армениянын аймагын Калифорния же Майамидеги виллага алмаштырганын кагаз менен бекемдейт. Мындай пикирин "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян билдирди.Эске салсак, буга чейинки маалыматтарда АКШнын президенти Дональд Трамп Армения жана Азербайжандын башчылары менен жолугары айтылган. Океандын ары жагында эки жетекчинин тынчтык макулдашуусуна келгени жарыя болот дешкен.
/// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 22 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 8-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 8-август, жума күнү республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Бүгүн Технопаркта чогултулган "Алтын Казык" ноутбуктарын Агартуу министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берилди. Мекемеден маалымдашкандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева катышты. Белгилей кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган. Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Россиялык мугалимдердин Кыргызстандагы ишинде эмнелер өзгөрүшү мүмкүн экенин РФ Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев айтып берди. Айтымында, россиялык мугалимдер республиканын орто кесиптик билим берүү системасында да эмгектене алышат. Мындай иштер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн, мисалы, Өзбекстанды көздөй өңүт алды. Россиянын Агартуу министрлиги ушундай эле өтүнүчтү Кыргызстандан да күтөт. "Биздин долбоорлор колледждерде, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуунун сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле методикалык колдоо долбоордогу мугалимдерге гана эмес, жергиликтүү педагогдорго да көрсөтүлүшү мүмкүн. Россиялык мугалимдер Кыргызстандагы мугалимдерге педагогикалык ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштуруу, мыкты окутуу методикаларын өз мектептериндеги окуу процессине киргизүү үчүн жардам берүүсү каралган бирикмелерди уюштурууга болот", — деди Малышев.Кара-Суу районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Буга чейин Райымбек Матраимовдун өкүл баласы делген Мунарбек Сайпидинов соцтармак аркылуу УКМК башчысына кайрылган. Анда ал Россияда кармалганын, Матраимовдун былык иштери боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.Министрлик ал 7-августта өлкөгө алып келингенин кабарлап, бир катар кылмыш иштерге шектелип жатканын белгиледи. Эртең Никол Пашинян Армениянын аймагын Калифорния же Майамидеги виллага алмаштырганын кагаз менен бекемдейт. Мындай пикирин "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян билдирди.Эске салсак, буга чейинки маалыматтарда АКШнын президенти Дональд Трамп Армения жана Азербайжандын башчылары менен жолугары айтылган. Океандын ары жагында эки жетекчинин тынчтык макулдашуусуна келгени жарыя болот дешкен./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 22 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 8-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 8-август, жума күнү республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095760866_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c531f95f5e65724301027c0e1fadcc6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио