https://sputnik.kg/20250807/1095758017.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер... 07.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-07T17:00+0600
2025-08-07T17:00+0600
2025-08-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095757885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cd3fdc67c03c4f3b5827946faf0d99ff.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Алгач Адылбек Касымалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратын куруудагы иштерден кабар алды. Жалпы 5 блоктон турган имаратты куруу иштери өткөн жылдын августунда башталып жакында бүткөрүү пландалууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд 650 млн сом бөлүнгөн. Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.
Эртең, 8-августта, Жерди соңку эки айдан берки күчтүү магниттик бороон каптайт. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Космосту изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы боюнча лабораториясынын башчысы Сергей Богачевго таянып жазды. Геомагниттик абал бүгүндөн тарта, тагыраагы, түнгө карай бузула баштайт. Мындай бороон болгондо индекс алты деңгээлге (бул сан орточо күчтөгү бороон ) чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул 13-июндан берки эң жогорку көрсөткүч болмокчу. Түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, аталган индекс — Жердин магнит талаасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн күчүн көрсөткөн эл аралык стандарттагы көрсөткүч. Аны 0 менен 9 аралыгында өлчөшөт.
Кара-Суу районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Буга чейин Райымбек Матраимовдун өкүл баласы делген Мунарбек Сайпидинов соцтармак аркылуу УКМК башчысына кайрылган. Анда ал Россияда кармалганын, Матраимовдун былык иштери боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.Министрлик ал 7-августта өлкөгө алып келингенин кабарлап, бир катар кылмыш иштерге шектелип жатканын белгиледи. "Колго түшүрүлгөн жаран Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери, жеке тараптар менен эл керектей турган жерлерди, социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, кылмыштуу план негиздеген", — деп жазылат кабарда.
Кытай өкмөтү чикунгунья вирусунун тарап кетишин алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагына COVID-19дагыдай чектөө киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кытайдын түштүк тарабындагы Фошань шаарында вирустун жети миң учуру катталып, өлкө боюнча он миңден ашып кеткен. Чикунгунья чиркей аркылуу тарайт, бирок кишиден кишиге аба аркылуу жукпайт. Инфекция дене бойду калтыратып, муундарды оорутат. Ал эми оор түрү жүрөк, мээни жабыркаткандыктан инфекциянын өмүргө коркунучтуу экендиги айтылды. Кытайдын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринде иштегендер шаар көчөлөрүндө, эл жашаган райондордо, курулуштарда, вирусту алып жүргөн чиркейлер кишини көп чагышы мүмкүн болгон жерлерде дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Кызматкерлер кеңселеринин кире бериш жерлерин дезинфекция кылып жатышат. Бул 2020-жылкы пандемиядагы COVID-19 менен күрөштүн тактикасын эске салат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Алгач Адылбек Касымалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратын куруудагы иштерден кабар алды. Жалпы 5 блоктон турган имаратты куруу иштери өткөн жылдын августунда башталып жакында бүткөрүү пландалууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд 650 млн сом бөлүнгөн. Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды. Эртең, 8-августта, Жерди соңку эки айдан берки күчтүү магниттик бороон каптайт. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Космосту изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы боюнча лабораториясынын башчысы Сергей Богачевго таянып жазды. Геомагниттик абал бүгүндөн тарта, тагыраагы, түнгө карай бузула баштайт. Мындай бороон болгондо индекс алты деңгээлге (бул сан орточо күчтөгү бороон ) чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул 13-июндан берки эң жогорку көрсөткүч болмокчу. Түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, аталган индекс — Жердин магнит талаасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн күчүн көрсөткөн эл аралык стандарттагы көрсөткүч. Аны 0 менен 9 аралыгында өлчөшөт. Кара-Суу районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Буга чейин Райымбек Матраимовдун өкүл баласы делген Мунарбек Сайпидинов соцтармак аркылуу УКМК башчысына кайрылган. Анда ал Россияда кармалганын, Матраимовдун былык иштери боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.Министрлик ал 7-августта өлкөгө алып келингенин кабарлап, бир катар кылмыш иштерге шектелип жатканын белгиледи. "Колго түшүрүлгөн жаран Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери, жеке тараптар менен эл керектей турган жерлерди, социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, кылмыштуу план негиздеген", — деп жазылат кабарда.Кытай өкмөтү чикунгунья вирусунун тарап кетишин алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагына COVID-19дагыдай чектөө киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кытайдын түштүк тарабындагы Фошань шаарында вирустун жети миң учуру катталып, өлкө боюнча он миңден ашып кеткен. Чикунгунья чиркей аркылуу тарайт, бирок кишиден кишиге аба аркылуу жукпайт. Инфекция дене бойду калтыратып, муундарды оорутат. Ал эми оор түрү жүрөк, мээни жабыркаткандыктан инфекциянын өмүргө коркунучтуу экендиги айтылды. Кытайдын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринде иштегендер шаар көчөлөрүндө, эл жашаган райондордо, курулуштарда, вирусту алып жүргөн чиркейлер кишини көп чагышы мүмкүн болгон жерлерде дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Кызматкерлер кеңселеринин кире бериш жерлерин дезинфекция кылып жатышат. Бул 2020-жылкы пандемиядагы COVID-19 менен күрөштүн тактикасын эске салат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/07/1095757885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a56ceae280d0f7ae3f00a7ba441ca856.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио