https://sputnik.kg/20250802/1095676743.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык тигүүчүлөр "Интерткань-2025. Күз" эл аралык көргөзмөсүнө чакырылдыӨлкөдө санариптик дипломдор ишке киргизиле баштадыКыргызстан менен Казакстандын... 02.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-02T17:00+0600
2025-08-02T17:00+0600
2025-08-02T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/02/1095676611_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_702a181318cec7fabd459c264998e4ae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык тигүүчүлөр "Интерткань-2025. Күз" эл аралык көргөзмөсүнө чакырылдыӨлкөдө санариптик дипломдор ишке киргизиле баштадыКыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары жолуктуАлдыда кененирээкТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Алар эки өлкөнүн чек ара, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулаганы айтылды.Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРге расмий сапары менен келиши, ага даярдык иштери сүйлөшүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында ТИМ башчылары жакында өтө турган Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VII отурумунун документтерине кол коюшту.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды Бүгүн, 2-августта, саат 12:27де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 160 чакырым түштүк-батышта, Шибээ айылынан 20 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.Жер титирөөнүн күчү Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында болжол менен 2,5 баллга жеткен.
Агартуу министрлиги улуттук "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасында санариптик дипломдорду жайгаштырууну баштады. Биринчи этапта 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар системага киргизилди. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эми мамлекеттик органдар жана тиешелүү уюмдар дипломдор тууралуу маалыматты электрондук форматта ала алышат. Бул жарандардын кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү алып келүүсүн талап кылбайт жана процессти жеңилдетет.Мурда берилген дипломдорду санариптештирүү иштери мындан ары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү максат кылынууда.
Россиянын Ишкерликти өнүктүрүү боюнча федералдык корпорациясы Кыргызстан жана Өзбекстандын текстиль жана тигүү өнөр жайынын компаниялары менен ишкерлерди жолугушууга чакырууда. Жолугушуулар "Интерткань-2025. Күз" текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча эл аралык көргөзмөнүн алкагында өтөт. Бул тууралуу корпорациянын расмий сайтында кабарланды.Маалыматка ылайык, кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар 2025-жылдын 26–28-августунда Москва шаарындагы "Крокус Экспо" көргөзмө борборунда өтөт. Иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн продукцияларын жана кызматтарын сунуштап, рыноктун өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди талкуулашат, тажрыйба алмашып, пайдалуу келишимдерди түзүшөт.Россиялык ишкерлер тигүү кызматтары жана кездеме менен камсыздоо жаатында жаңы өнөктөштөрдү табуу, ошондой эле бренддерди биргеликте өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк алышат. Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандан 20дан ашуун компания катышарын ырасташкан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 7 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫЖекшембиге караган түнү кээ бир аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. 3-август, жекшембиде көпчүлүк райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын аймагында +22...+27 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +32...+34 градуска чейин көтөрүлүшү болжолдонду.
Кыргызстандык тигүүчүлөр "Интерткань-2025. Күз" эл аралык көргөзмөсүнө чакырылдыӨлкөдө санариптик дипломдор ишке киргизиле баштадыКыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары жолуктуАлдыда кененирээкТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Алар эки өлкөнүн чек ара, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулаганы айтылды.Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРге расмий сапары менен келиши, ага даярдык иштери сүйлөшүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында ТИМ башчылары жакында өтө турган Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VII отурумунун документтерине кол коюшту.Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды Бүгүн, 2-августта, саат 12:27де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 160 чакырым түштүк-батышта, Шибээ айылынан 20 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.Жер титирөөнүн күчү Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында болжол менен 2,5 баллга жеткен.Агартуу министрлиги улуттук "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасында санариптик дипломдорду жайгаштырууну баштады. Биринчи этапта 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар системага киргизилди. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эми мамлекеттик органдар жана тиешелүү уюмдар дипломдор тууралуу маалыматты электрондук форматта ала алышат. Бул жарандардын кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү алып келүүсүн талап кылбайт жана процессти жеңилдетет.Мурда берилген дипломдорду санариптештирүү иштери мындан ары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү максат кылынууда.Россиянын Ишкерликти өнүктүрүү боюнча федералдык корпорациясы Кыргызстан жана Өзбекстандын текстиль жана тигүү өнөр жайынын компаниялары менен ишкерлерди жолугушууга чакырууда. Жолугушуулар "Интерткань-2025. Күз" текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча эл аралык көргөзмөнүн алкагында өтөт. Бул тууралуу корпорациянын расмий сайтында кабарланды.Маалыматка ылайык, кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар 2025-жылдын 26–28-августунда Москва шаарындагы "Крокус Экспо" көргөзмө борборунда өтөт. Иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн продукцияларын жана кызматтарын сунуштап, рыноктун өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди талкуулашат, тажрыйба алмашып, пайдалуу келишимдерди түзүшөт.Россиялык ишкерлер тигүү кызматтары жана кездеме менен камсыздоо жаатында жаңы өнөктөштөрдү табуу, ошондой эле бренддерди биргеликте өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк алышат. Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандан 20дан ашуун компания катышарын ырасташкан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 7 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫЖекшембиге караган түнү кээ бир аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. 3-август, жекшембиде көпчүлүк райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын аймагында +22...+27 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +32...+34 градуска чейин көтөрүлүшү болжолдонду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/02/1095676611_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cb1ac11ed0d1cbd2ee0f6fd95eef9ac1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио