https://sputnik.kg/20250801/chet-eldik-studentter-birdikt-tarifte-okuyt-1095660036.html
Асан кызы: эми чет элдик студенттер 280 миң сомдон жогору контракт төлөйт
Асан кызы: эми чет элдик студенттер 280 миң сомдон жогору контракт төлөйт
Sputnik Кыргызстан
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку жана орто билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы медицина жаатында билим алган... 01.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-01T17:02+0600
2025-08-01T17:02+0600
2025-08-01T17:02+0600
радио
кыргызстан
жогорку окуу жайы
чет элдик жарандар
студенттер
контракт
айнура асан кызы
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095660378_0:59:3067:1784_1920x0_80_0_0_c35b9a387a4b4f757f2a6195cae2652f.jpg
Асан кызы: эми чет элдик студенттер 280 миң сомдон жогору контракт төлөйт
Sputnik Кыргызстан
Асан кызы: эми чет элдик студенттер 280 миң сомдон жогору контракт төлөйт
Жаңы жобого ылайык, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлардын бардыгы чет элдик студенттерди медициналык багытта бирдиктүү тарифте окутат. Бул тууралуу Айнура Асан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 34 жогорку окуу жай медициналык багытта билим берет жана алардын катарына аймактагы университеттер да кошулууда. Ал медициналык багытта билим берүүдө лаборатория, клиникалык база да керектигин белгиледи. "Чет элдик студенттердин окуу төлөмүн жөнгө салуу боюнча 2022-жылдагы токтомдо контрактынын жылдык эң аз деген баасы 280 миң сом (3000 доллар) болушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок анда бул жобону мамлекеттик окуу жайлар сөзсүз түрдө аткарышы керектиги жазылган. Азыр жобонун алкагында жалпы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес да окуу жайлардын окуу акысы бирдиктүү тарифке бекитилди. Учурда Кыргызстандын 34 жогорку окуу жайында медициналык багытта билим берилет. Анын 12си мамлекеттик, ал эми 22си мамлекеттик эмес университеттер болуп эсептелинет. Азыр аймактагы университеттер да чет элдик студенттерди медициналык багытта билим берүүчү факультеттерди ачууда", — деди Асан кызы. Ал буга чейин жогорку окуу жайлардагы чет элдик студенттердин контрагына анализ жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095660378_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_00b21c185753d40071b16adaecc23297.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку окуу жайы, чет элдик жарандар, студенттер, контракт, айнура асан кызы, аудио
кыргызстан, жогорку окуу жайы, чет элдик жарандар, студенттер, контракт, айнура асан кызы, аудио
Асан кызы: эми чет элдик студенттер 280 миң сомдон жогору контракт төлөйт
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку жана орто билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы медицина жаатында билим алган чет элдик студенттердин окуу акысынын бирдиктүү тарифке киргени боюнча түшүндүрмө берди.
Жаңы жобого ылайык, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлардын бардыгы чет элдик студенттерди медициналык багытта бирдиктүү тарифте окутат. Бул тууралуу Айнура Асан кызы
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 34 жогорку окуу жай медициналык багытта билим берет жана алардын катарына аймактагы университеттер да кошулууда.
"Билим берүү тармагы мамлекеттин негизги багыты катары көп реформалар жүрүп, талаптар коюлууда. Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы токтому менен эл аралык аттестациядан өткөн гана жогорку окуу жайлар чет элдик студенттерди кабыл алууга укуктуу. Мунун максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Азыр жаңы токтом кабыл алынды. Анын негизинде бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлар билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүндө бирдиктүү тарифте иш алып барат", — деди Асан кызы.
Ал медициналык багытта билим берүүдө лаборатория, клиникалык база да керектигин белгиледи.
"Чет элдик студенттердин окуу төлөмүн жөнгө салуу боюнча 2022-жылдагы токтомдо контрактынын жылдык эң аз деген баасы 280 миң сом (3000 доллар) болушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок анда бул жобону мамлекеттик окуу жайлар сөзсүз түрдө аткарышы керектиги жазылган. Азыр жобонун алкагында жалпы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес да окуу жайлардын окуу акысы бирдиктүү тарифке бекитилди. Учурда Кыргызстандын 34 жогорку окуу жайында медициналык багытта билим берилет. Анын 12си мамлекеттик, ал эми 22си мамлекеттик эмес университеттер болуп эсептелинет. Азыр аймактагы университеттер да чет элдик студенттерди медициналык багытта билим берүүчү факультеттерди ачууда", — деди Асан кызы.
Ал буга чейин жогорку окуу жайлардагы чет элдик студенттердин контрагына анализ жүргүзүлгөнүн кошумчалады.