00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новое здание и ДНК-тесты: как Кабмин решил реанимировать службу судмедэкспертизы
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ак илбирс – жаратылыштын мурасы: Чоң-Кеминде өтө турган ЭкоФесттин экологиялык мааниси
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Миграция и вера: как религиозный фактор влияет на стабильность внутри ЕАЭС
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батирлер кайра кымбаттайбы — Кыймылсыз мүлк рыногундагы абалга саресеп
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Инновациялык долбоорлор аркылуу жаштардын потенциалын ачуу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ысык булактар бизнеси: туризмдин бул жааты мамлекеттик боло алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инновациялык долбоорлор аркылуу жаштардын потенциалын ачуу
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнеске мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө колдоо көрсөтүүдөгү чаралар, алардын натыйжалуулугу жана көйгөйлөрү талкууланды. Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал ишкерлер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү, өзгөчө пайда болгон маселелерди чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал аймактарда чакан жана орто бизнести колдоонун натыйжалуулугу жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, кадрдык чечимдер кабыл алынаарын билдирди. Жыйындын аягында өкмөт башчысы аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча ишти активдештирип, бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Президент Садыр Жапаров “Нотариат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – “нотариалдык акт” түшүнүгүн аныктаган ченемдерди белгилөө, ошондой эле калкка нотариалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү үчүн зарыл болгон нотариустардын санын аныктоо. Мыйзамга ылайык нотариалдык акт юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды жана жагдайларды нотариус ырастаган же күбөлөндүргөн укуктардын, милдеттердин мыйзамдуу жана анык далили болуп саналат. Андан тышкары юридикалык адистик боюнча иш стажына талап бир жылдан үч жылга чейин жогорулады, ал эми стажировкадан өтүү мөөнөтү үч айдан бир жылга чейин узартылды.
Өзгөн райондук соту аялын атып өлтүргөн кишини 18 жылга кести. Каргаша 26-майда 38 жаштагы аял Өзгөн районунда классташтардын 20 жылдык жолугушуусуна катышып, Кара-Кулжадагы үйүнө келгенде болгон. Милиция ал келин күйөөсүнүн колунан ок жеп каза болгонун тастыктаган. Көп өтпөй анын жолдошу кылмышка шектелип кармалган.
Харьков, Днепропетровск, Одесса жана украин армиясы көзөмөлдөп турган Запорожьенин жашоочулары антикоррупциялык мекемелердин укуктарынын чектелишине каршы чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Себепкер болгон ал органдар — Коррупцияга каршы улуттук бюро жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура. Буга чейин украиналык "Страна" басылмасы аталган антикоррупциялык органдардын ишинин чектелишине эл нааразы болуп жатканын жазган.Эске салсак, 22-июлда Жогорку Рада Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура өз алдынчалыгын жоготкон мыйзамды кабыл алган./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 7 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 1-августка караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0