https://sputnik.kg/20250731/1095629906.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Атада кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда... 31.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-31T15:00+0600
2025-07-31T15:00+0600
2025-07-31T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1f/1095629774_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8b66f0e0e06057ffbf8c675ad855353c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Атада кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда экономика, инвестиция жана маданият жаатында алакаларды бекемдөө жана Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу долбоорлорунун алкагында кызматташуу боюнча кеп болду. Мамлекет башчысы боордош элдерди кылымдар бою жалпы тарыхы, маданий жакындыгы жана жалпы баалуулуктары бириктирип келгенин баса белгиледи. Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана каалоолорун өлкө башчыга жеткирди.
Намыс кодекси иштелип чыкты. Тиешелүү документти Маданият министрлиги коомдук талкууга койду. Анда жаштарга, коомдук ишмерлерге жана элге арналган бирдиктүү моралдык стандарттар жазылган. "Акыркы жылдары кыргыз коомунда социалдык жоопкерчилик, өз ара сый-урмат жана мекенге берилгендик сыяктуу түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ болууда. Кыргызстан көп улуттуу жана демократиялык мамлекет катары коомдук жүрүм-турумда мыйзам гана эмес, моралдык жана маданияттык ченемдердин да күчтүү болушуна муктаж", — деп жазылган документте. Документ улуттук идентификацияны бекемдөөгө, ар бир жарандын ички маданиятын жана коомдук жүрүм-турум этикасын өнүктүрүүгө багытталган. Автоматтык эмес, ыктыярдуу жана тарбиялык мүнөздөгү демилге катары каралууда.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда 4-августка чейин сел кооптуулугу сакталат. Бул туурасында ӨКМ билдирди. "1-августтан 4-августка чейин аба ырайы улам өзгөрүп турганына, жер-жерлерде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп билдиришти. Министрлик бейгам болбой коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Андан сырткары, арыктарды тазалап, жээктерин бекемдөөгө чакырып, анын ичине таштанды ыргытпоону эскертти. Селдин жана жамгырдын суулары агып кетиши үчүн үйдүн, короо-жайдын жанына арык казып коюу зарылдыгын айтышты.
АКШ менен Түштүк Корея 350 миллиард долларлык долбоор боюнча макулдашты. Бул тууралуу Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды "Түштүк Корея АКШга 350 миллиард долларлык инвестиция салат. Бул каражаттар толугу менен АКШнын көзөмөлүндө болуп, кайсы долбоорлорго жумшаларын өзүм тандайм", — деп жазды Трамп. Сеул суюлтулган жаратылыш газын жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алуу үчүн 100 миллиард доллар сарптаары айтылды. Келишимге ылайык, кореялык рынок АКШ товарларына толук ачылат. Бул тизмеге автоунаа техникасы жана айыл чарба продукциялары да кирет. Ошол эле учурда АКШда Түштүк Кореядан алып келинген товарларга 15 пайыздык бажы төлөмү сакталат. Ал эми америкалык жеткирүүчүлөр корей рыногуна тарифсиз кире алышат. Маалыматка ылайык, алдыдагы эки жуманын ичинде Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Ак үйгө расмий сапар менен барат.
Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Атада кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда экономика, инвестиция жана маданият жаатында алакаларды бекемдөө жана Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу долбоорлорунун алкагында кызматташуу боюнча кеп болду. Мамлекет башчысы боордош элдерди кылымдар бою жалпы тарыхы, маданий жакындыгы жана жалпы баалуулуктары бириктирип келгенин баса белгиледи. Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана каалоолорун өлкө башчыга жеткирди.Намыс кодекси иштелип чыкты. Тиешелүү документти Маданият министрлиги коомдук талкууга койду. Анда жаштарга, коомдук ишмерлерге жана элге арналган бирдиктүү моралдык стандарттар жазылган. "Акыркы жылдары кыргыз коомунда социалдык жоопкерчилик, өз ара сый-урмат жана мекенге берилгендик сыяктуу түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ болууда. Кыргызстан көп улуттуу жана демократиялык мамлекет катары коомдук жүрүм-турумда мыйзам гана эмес, моралдык жана маданияттык ченемдердин да күчтүү болушуна муктаж", — деп жазылган документте. Документ улуттук идентификацияны бекемдөөгө, ар бир жарандын ички маданиятын жана коомдук жүрүм-турум этикасын өнүктүрүүгө багытталган. Автоматтык эмес, ыктыярдуу жана тарбиялык мүнөздөгү демилге катары каралууда.Кыргызстандын тоолуу райондорунда 4-августка чейин сел кооптуулугу сакталат. Бул туурасында ӨКМ билдирди. "1-августтан 4-августка чейин аба ырайы улам өзгөрүп турганына, жер-жерлерде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп билдиришти. Министрлик бейгам болбой коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Андан сырткары, арыктарды тазалап, жээктерин бекемдөөгө чакырып, анын ичине таштанды ыргытпоону эскертти. Селдин жана жамгырдын суулары агып кетиши үчүн үйдүн, короо-жайдын жанына арык казып коюу зарылдыгын айтышты. АКШ менен Түштүк Корея 350 миллиард долларлык долбоор боюнча макулдашты. Бул тууралуу Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды "Түштүк Корея АКШга 350 миллиард долларлык инвестиция салат. Бул каражаттар толугу менен АКШнын көзөмөлүндө болуп, кайсы долбоорлорго жумшаларын өзүм тандайм", — деп жазды Трамп. Сеул суюлтулган жаратылыш газын жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алуу үчүн 100 миллиард доллар сарптаары айтылды. Келишимге ылайык, кореялык рынок АКШ товарларына толук ачылат. Бул тизмеге автоунаа техникасы жана айыл чарба продукциялары да кирет. Ошол эле учурда АКШда Түштүк Кореядан алып келинген товарларга 15 пайыздык бажы төлөмү сакталат. Ал эми америкалык жеткирүүчүлөр корей рыногуна тарифсиз кире алышат. Маалыматка ылайык, алдыдагы эки жуманын ичинде Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Ак үйгө расмий сапар менен барат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1f/1095629774_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_209a62a9cbfe5db848127c1d079f198c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио