00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сергей Лавров өлкөлөр ортосундагы түбөлүктүү достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндөгү Декларацияга кол коюлгандыгына 25 жыл толгонуна байланыштуу бири-бирин куттуктады. Кыргыз министри кыска убакыт аралыгында эки тарап ортосунда бекем мамлекеттик байланыштарды түзүү боюнча арбын иштер аткарылганын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Россиянын көптөгөн негизги, маанилүү эл аралык маселелер боюнча окшош же бирдей мамилелери калыптанганына токтолду. "Эки элдин бакубатчылыгы жана гүлдөп-өсүшү үчүн ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү багытында сиздин туруктуу колдооңузга жана көмөгүңүзгө ишенем", — деп айтылат Кыргызстандын тишкы иштери министри Кулубаевдин катында. Россия ТИМ башчысы Лавров өзүнүн куттуктоосунда акыркы чейрек кылым ичинде орус-кыргыз мамилелери сапаттуу жаңы деңгээлге чыккандыгын белгилеген.Ал мамлекеттер ортосундагы алакада кылымдарды камтыган жалпы тарых жаткандыгын, анын ичинен өзгөчө орунду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш ээлей тургандыгына токтолгон.
Жарандардын кайрылууларын караган тартипти бузган мамлекеттик кызматкерлерге айып салынат. Тиешелүү өзгөртүүлөр кайрылууларды кароодо мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мыйзамга ылайык, эгер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери жарандардын кайрылуусун кабыл алуудан негизсиз баш тартса, белгиленген мөөнөттө жооп бербесе же укугу бузулган жаранга жардам көрсөтпөсө 10 миң сом айып салынат. Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жана электрондук форматтагы кайрылуулар менен иштөө механизмдери такталып, "кайра кайрылуу" деген түшүнүк жана аны карай турган эрежелер киргизилди.
Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.
Эгерде мурдагы президент жана европалык лидерлер болбогондо, АКШ лидери Дональд Трамптын Украина боюнча сүйлөшүүлөрүндө колго илинерлик натыйжа чыкмак эле. Мындай пикирин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новостиге айтты. "Эгерде экс-президент Байден жана европалык лидерлер акыркы жарым жылда Дональд Трамптын тынчтыкка умтулган аракеттерине тоскоолдук кылбаганда, анын кадамдары бир топ натыйжалуу болмок", — деген Сийярто. Министр азыр согуш талаасында болуп жаткан нерселер үчүн экс-президент Байден менен ЕБдин башчыларынын өтө жоопкер экендигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0