https://sputnik.kg/20250727/1095547293.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун "ашкере" деп баалады. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесиндеги "Кылмыш... 27.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-27T13:00+0600
2025-07-27T13:00+0600
2025-07-27T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1b/1095547161_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9aee0b7b8d90de3b501449aaceda47c6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун "ашкере" деп баалады. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесиндеги "Кылмыш түшүнүгү" нормасына өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, кылмыш деп мыйзамда каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун таанылат. "Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу болсо да туура келген аракет же аракетсиздик, ошондой эле мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун кылмыш болуп саналбайт" — деп жазылган анда. Эл өкүлү бул мыйзам кабыл алынса, сот адилеттүүлүгүнүн эмне керегеи бар деген суроону койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районда жыйын өттү. Жыйын өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Түп районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталды.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин тескемесине ылайык улуттук деңгээлде өткөрүлүп баштады. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мааракелик иш-чаралар күн мурун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан альпинисттик лагерде туристтик фестивалдын ачылышы менен башталды. Иш-чаранын алкагында улуттук боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Алымбек датканын эмгектерин чагылдырган сахналык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Мааракеге арналган иш-чаралар жыл ичинде Алай районунда жана Ош шаарында улантылат.
Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, элдештирсе болот. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун айтканын америкалык телеканалга шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Андан Fox News телеканалынын эфиринде Стив Уиткоффтон дипломатиялык карьерасын эмне менен аяктагысы келерин сурашкан. "Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, тынчтык келишимге кол коюу менен бүтүрүүнү каалайм. Бул сөзсүз болушу керек. Президент туура айтып жатат. Согуш башталбашы керек эле. Биз аны токтото алабыз деп ойлойм", — деген чабарман. Буга чейин АКШнын лидери Москвага 50 күндүк шарт коюп, Киев менен тынчтык келишимге барууну талап кылган. Эгер талаптар аткарылбаса Трамп Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин айткан.
Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун "ашкере" деп баалады. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесиндеги "Кылмыш түшүнүгү" нормасына өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, кылмыш деп мыйзамда каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун таанылат. "Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу болсо да туура келген аракет же аракетсиздик, ошондой эле мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун кылмыш болуп саналбайт" — деп жазылган анда. Эл өкүлү бул мыйзам кабыл алынса, сот адилеттүүлүгүнүн эмне керегеи бар деген суроону койгон.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районда жыйын өттү. Жыйын өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Түп районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталды. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин тескемесине ылайык улуттук деңгээлде өткөрүлүп баштады. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мааракелик иш-чаралар күн мурун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан альпинисттик лагерде туристтик фестивалдын ачылышы менен башталды. Иш-чаранын алкагында улуттук боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Алымбек датканын эмгектерин чагылдырган сахналык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Мааракеге арналган иш-чаралар жыл ичинде Алай районунда жана Ош шаарында улантылат. Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, элдештирсе болот. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун айтканын америкалык телеканалга шилтеме кылып РИА Новости билдирди. Андан Fox News телеканалынын эфиринде Стив Уиткоффтон дипломатиялык карьерасын эмне менен аяктагысы келерин сурашкан. "Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, тынчтык келишимге кол коюу менен бүтүрүүнү каалайм. Бул сөзсүз болушу керек. Президент туура айтып жатат. Согуш башталбашы керек эле. Биз аны токтото алабыз деп ойлойм", — деген чабарман. Буга чейин АКШнын лидери Москвага 50 күндүк шарт коюп, Киев менен тынчтык келишимге барууну талап кылган. Эгер талаптар аткарылбаса Трамп Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1b/1095547161_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_148b632330905ee937d31b0ea838b4bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио