00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
25 жыл мурда президенттер Аскар Акаев менен Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук тууралуу декларацияга кол койгон. Мамлекеттер террорчулук менен экстремизмге биргеликте каршы турууга, Кыргызстанда орус тилин сактоого жана Россияда кыргыз маданиятын колдоого макулдашкан. Бул декларация жөн гана саясий аракет эмес, союздаштыктын чыныгы куралы, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык мамиленин өзөгү болуп калды. Андан бери эки өлкө бир топ маанилүү демилгелерди ишке ашырды. Биргелешкен аскердик макулдашуулар өтүп, Кантта ЖККУнун аскердик авибазасы түзүлдү. Ал эми кыргыз армиясы Россиядан заманбап куралдарды алды. Жалпылап айтканда, Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөрдөн болуп кала бермекчи.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки түзөтүү мекемесинде ишканалар ачылып, соттолгондор жумуш орду менен камсыздалганын маалымдады. Билдирүүгө ылайык, №2 түзөтүү мекемесинде наабайкана, тигүү цехтери, №8 мекемеде курулуш кол кабын чыгарган цех, ширетүү жайы жана наабайкана ишке киргизилген. “Соттолгондорду эмгек аркылуу тарбиялоо, туруктуу айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздоо – ресоциализациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул аракеттер алардын жаңы адистиктерди өздөштүрүүсүнө, эркиндикке чыккандан кийин жумуш табуусуна жана коомго аралашуусуна өбөлгө болот", – деп айтылат маалыматта.Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан учурда №19 мекемеде тигүү жана эмерек жасоо цехтерин ачуу үчүн даярдыктар жүрүп жатканын белгилешти.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы ачылды. Өлкө аймагындагы курулуштардын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, курулуш объектилеринин сапаты биринчи орунда болушу шарт. Мындан улам, Курулуш министрлиги курулуш иштеринин маселесин жеринен ыкчам чечүү, текшерүү, көзөмөлдөө максатында бул ирет Чолпон-Ата шаарына сыноо лабораториясын ачып, пайдаланууга берди. Жаңы ачылган лабораторияда тиешелүү жабдуулар, адистер үчүн бардык шарттар жана көчмө курулуш лаборатория машинасы каралган. Мындан ары Ысык-Көл облусу боюнча курулуш иштеринин сапатын текшерүүдө, оперативдүү сыноо иштери жүргүзүлөт.
Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо өзбекстандык "Нефтчиге" өттү. Бул тууралуу маалымат футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын расмий Телеграм каналына жарыяланды. Кожо келишимдин алкагында сезондун аягына чейин ферганалык клубда ойноп, андан соң ирандык "Эстегляльга" кайтып келери такталды. Эскерте кетсек, "Нефтчи" ички чемпионатта экинчи орунда келе жатат жана турнирде жеңишке жетүүгө умтулууда. Алдыда 15 матчы бар. Клуб Өзбекстандын беш жолку чемпиону жана бул көрсөткүч боюнча "Пахтакордон" гана артта калат. Кыргызстандын өткөн жылкы мыкты футболчусу "Нефтчиге" 2001-жылдан бери биринчи жолу чемпиондук титулга ээ болууга жардам бере алат. Кожонун Өзбекстанда ойногон тажрыйбасы бар — мурда ал "Динамо Самарканддын" түстөрүн коргогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0