00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:04
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
15-20-июль күндөрү Тажикстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттер арасындагы Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн эл аралык кароо-сынагына өлкөнүн атынан катышкан кызматкерлер жана мектеп окуучулары Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, аларды башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков баштаган жетекчилер салтанаттуу тосуп алып, каалоо-тилектерди билдирүү менен балдарды ата-энелерине өткөрүп беришти. Тажикстанда өткөрүлгөн КМШнын Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн эл аралык кароо-сынагына Чүй облусунун Макиш Койбагаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары катышты.
Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссия алардын сабакка катышпаганын, билимдери жетиштүү деңгээлде болбогонун аныктаган. Анын негизинде төмөнкү окуу жайлардан студенттер айдалган: К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент; Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен — 114 студент; И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент.
"Манас" эл аралык аэропорту 9-августтан тарта расмий түрдө IATA кодун өзгөртөт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКы билдирди. Ага ылайык, учурдагы FRU кодунун ордуна BSZ колдонулат. Өзгөртүү иштери IATA кодунун 763-резолюциясына ылайык жүргүзүлөт жана ушул жылдын 9-майында жөнөтүлгөн билдирүүдөн кийинки 90 күндүк мөөнөт аяктагандан соң күчүнө кирет. Компания жаңы кодго өтүүгө байланыштуу бардык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Көк бөрү оюну тыныгуудан кийин кайрадан жанданат. Бул тууралуу аталган спорт федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди. Маалыматка ылайык, жыл сайын 31-августта өтүп келген президенттин кубогу быйыл да уюштурулат. "Улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эң жогорку даражадагы мелдеш — президенттин кубогу 25-ирет өтөт", — деп жазды Жунусалиев. Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Андан соң оюндар убактылуу токтоп калган. Анткен менен Дене тарбия жана спорт агенттиги аталган спортко тыюу салынбай турганын билдирген.
Россия менен Украинанын кезектеги сүйлөшүүлөрү 24-25-июлда өтөрүн РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды. Буга чейин тараптар Түркиянын Стамбул шаарында эки ирет жолуккан. Анын жыйынтыгы менен туткундарды алмашып, курман болгон аскерлердин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, Киев менен Москва чатакты жөнгө салуу боюнча меморандумдун долбоорлорун алмашышкан. Ишемби күнү Украинадагы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Россияга кийинки аптада кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын Владимир Зеленский жарыялады. Россиялык дел
Жаңылыктар түрмөгү
0