https://sputnik.kg/20250715/1095313932.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлик дыйкандарга чөп-чар өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап бердиЕвропа Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө ичи чыкпаганын айттыКыргызстанда балдардын... 15.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-15T11:00+0600
2025-07-15T11:00+0600
2025-07-15T11:40+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095313800_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6db55530b1e2e86fdc902ef83d170dde.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлик дыйкандарга чөп-чар өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап бердиЕвропа Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө ичи чыкпаганын айттыКыргызстанда балдардын укуктарын камсыздоо чаралары күчөтүлөтАлдыда кененирээкЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө" типтүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Ведомстводон маалымдашкандай, демилге КР президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик белгилегендей, балдар иштери боюнча комиссиялар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдында иш алып барышат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана укук коргоо органдарын маалымдоо иштери бөлүштүрүлгөн тартипте, ыктыярдуу жана акысыз негизде иш алып барган жергиликтүү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттерге жүктөлгөнүн билдирет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга ашкөк (укроп), салат жалбырагы, жүсай, петрушка жана кинза өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап берди. Мисалы, ашкөктү 10 сотых жерге эгүүдө чыгым 10-20 миң сомду түзсө, килограммы 100-200 сомдон сатылса, таза киреше 30 миң сомго жетиши ыктымал. Ал эми салат жалбырагы 1,5 тоннага чейин түшүм берип, базар баасы 250 сомдон болгондо таза киреше 350 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Жүсайдан эки-үч ирет түшүм алууга болот, орточо 60-90 миң сом киреше алып келиши мүмкүн. Петрушка менен кинза эң жогорку түшүм берген өсүмдүктөрдүн катарында. Жалпысынан 2,5 тонна түшүм алып, базар баасына жараша 230 миң сомдон ашуун таза киреше көрсө болот. Ошол эле учурда базар баасынын, аба ырайынын туруксуздугу, суроо-талаптын начардыгы жана жеткирүү системасынын жакшы уюштурулбагандыгы кирешенин төмөндөшүнө себеп болушу мүмкүн экени кошумчаланган.
Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө канааттанбай турганын билдиргенин жергиликтүү басылмаларга таянып, РИА Новости кабарлады. "Көптөн бери айтылып, көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп келген билдирүү анча маңыздуу болбой калды. Вашингтондун да, Европанын айрым мамлекеттеринин да күткөнү башка болчу. Буга АКШ президенти өзү да себеп болду", — деп жазылат макалада. Мындан тышкары, Европа америкалык лидердин Украина маселеси боюнча кандайдыр бир жылыш болбосо көрө турган чараларына нааразы. "Чынында мындай тарифтер Россия экономикасына көп деле таасир этпейт. 2023-жылы Россия АКШга беш миллиард долларга жетпеген товар экспорттоптур, 2024-жылы көрсөткүч андан да аз", — деп жазган басылма. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Трамп Россияга нааразы экенин айтып, Украина маселеси 50 күндүн ичинде жөнгө салынбаса ири көлөмдөгү бажы алымдарын киргизип, жылыш болбосо кайталанып киргизилген бажы алымы 100 пайызга жогорулатыларын жар салды. Анткен менен АКШ лидери жагдай буга жетпей оңолот деген үмүтүн да билдирген.
Министрлик дыйкандарга чөп-чар өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап бердиЕвропа Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө ичи чыкпаганын айттыКыргызстанда балдардын укуктарын камсыздоо чаралары күчөтүлөтАлдыда кененирээкЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө" типтүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Ведомстводон маалымдашкандай, демилге КР президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик белгилегендей, балдар иштери боюнча комиссиялар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдында иш алып барышат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана укук коргоо органдарын маалымдоо иштери бөлүштүрүлгөн тартипте, ыктыярдуу жана акысыз негизде иш алып барган жергиликтүү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттерге жүктөлгөнүн билдирет.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга ашкөк (укроп), салат жалбырагы, жүсай, петрушка жана кинза өстүрүүнү сунуштап, кирешесин санап берди. Мисалы, ашкөктү 10 сотых жерге эгүүдө чыгым 10-20 миң сомду түзсө, килограммы 100-200 сомдон сатылса, таза киреше 30 миң сомго жетиши ыктымал. Ал эми салат жалбырагы 1,5 тоннага чейин түшүм берип, базар баасы 250 сомдон болгондо таза киреше 350 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Жүсайдан эки-үч ирет түшүм алууга болот, орточо 60-90 миң сом киреше алып келиши мүмкүн. Петрушка менен кинза эң жогорку түшүм берген өсүмдүктөрдүн катарында. Жалпысынан 2,5 тонна түшүм алып, базар баасына жараша 230 миң сомдон ашуун таза киреше көрсө болот. Ошол эле учурда базар баасынын, аба ырайынын туруксуздугу, суроо-талаптын начардыгы жана жеткирүү системасынын жакшы уюштурулбагандыгы кирешенин төмөндөшүнө себеп болушу мүмкүн экени кошумчаланган. Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Россия боюнча билдирүүсүнө канааттанбай турганын билдиргенин жергиликтүү басылмаларга таянып, РИА Новости кабарлады. "Көптөн бери айтылып, көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп келген билдирүү анча маңыздуу болбой калды. Вашингтондун да, Европанын айрым мамлекеттеринин да күткөнү башка болчу. Буга АКШ президенти өзү да себеп болду", — деп жазылат макалада. Мындан тышкары, Европа америкалык лидердин Украина маселеси боюнча кандайдыр бир жылыш болбосо көрө турган чараларына нааразы. "Чынында мындай тарифтер Россия экономикасына көп деле таасир этпейт. 2023-жылы Россия АКШга беш миллиард долларга жетпеген товар экспорттоптур, 2024-жылы көрсөткүч андан да аз", — деп жазган басылма. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Трамп Россияга нааразы экенин айтып, Украина маселеси 50 күндүн ичинде жөнгө салынбаса ири көлөмдөгү бажы алымдарын киргизип, жылыш болбосо кайталанып киргизилген бажы алымы 100 пайызга жогорулатыларын жар салды. Анткен менен АКШ лидери жагдай буга жетпей оңолот деген үмүтүн да билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095313800_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e9dd5ac33a300cbf9dd4c6b4eec8414.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио