https://sputnik.kg/20250710/1095212086.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйыны өтүүдө. Отурумга Беларусь, Индия... 10.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-10T11:00+0600
2025-07-10T11:00+0600
2025-07-10T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095211954_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_34e3d1c08b1e5016c3a12258ff558d72.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйыны өтүүдө. Отурумга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ШКУнун АТКСнын Аткаруу комитетинин жана КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн чек араларындагы абал, анын өнүгүү багыттары жана келечектеги тобокелдиктер, "Тилектештик — 2024" операциясынын жыйынтыгы талкууланып, кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сунуштар каралат. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек араларында жаралышы мүмкүн болгон жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы позиция иштелип чыгат.
Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташтык тууралуу тиешелүү келишимдер Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-тажик экономикалык форумунда түзүлгөн. Алардын бири"Кыргыз Агрохолдинг" менен "Таджагропромэкспорт" ишканасынын ортосунда соода-экономикалык алакаларды чыңдоого багытталган келишими. "Кыргыз Агрохолдинг" жетишилген макулдашуулар мындан ары да эки өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыгындагы жемиштүү кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камсыздайт деген ишенимде.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкекке иш сапары менен келген Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолукту. Москалькова Акыйкатчылардын евразиялык альянсынын алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган олуттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатканын, салттуу баалуулуктарга негизделген платформага кызыгуу бар экенин белгиледи. Россиянын адам укуктары боюнча комиссары башкы прокурор Максат Асаналиев жана парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен да жолуккан. Сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо институттарынын ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу боюнча кошумча протоколго кол коюлду.
Евробиримдик Венгриянын Украинаны уюмга кабыл алууга каршылыгын мыйзамдуу негизде кыйгап өтө албайт, эгер алдамчылык менен буга бара турган болсо Будапешт күрөшүүгө даяр. Мындай билдирүүнү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жасаганын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Будапешт сүйлөшүүлөргө макулдугун бербегендиктен ушу тапта Украинанын евроинтеграция процесси туңгуюкка кептелип турат. "Бизди алдап коюулары да мүмкүн, албетте, каршылык көрсөтөбүз, сотко кайралып, укугубузду коргойбуз. Бирок процесстин соңунда, мүчөлүк тууралуу акыркы чечим кабыл алынарда Венгрияны кыйгап өтүүгө болбойт", — деген өкмөт башчы. Орбан Венгриянын пикирин юридикалык жактан эсепке албай коюу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бирок "Брюсселде азыркы тапта мыйзам ашкере бузулуп", "укук үстөмдүгү жетишерлик дңгээлде болбой калгандыктан" Будапештти кыйгап өтүү өтө деле кыйын болбой турганын кошумчалаган.
Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйыны өтүүдө. Отурумга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ШКУнун АТКСнын Аткаруу комитетинин жана КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн чек араларындагы абал, анын өнүгүү багыттары жана келечектеги тобокелдиктер, "Тилектештик — 2024" операциясынын жыйынтыгы талкууланып, кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сунуштар каралат. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек араларында жаралышы мүмкүн болгон жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы позиция иштелип чыгат. Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташтык тууралуу тиешелүү келишимдер Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-тажик экономикалык форумунда түзүлгөн. Алардын бири"Кыргыз Агрохолдинг" менен "Таджагропромэкспорт" ишканасынын ортосунда соода-экономикалык алакаларды чыңдоого багытталган келишими. "Кыргыз Агрохолдинг" жетишилген макулдашуулар мындан ары да эки өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыгындагы жемиштүү кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камсыздайт деген ишенимде. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкекке иш сапары менен келген Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолукту. Москалькова Акыйкатчылардын евразиялык альянсынын алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган олуттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатканын, салттуу баалуулуктарга негизделген платформага кызыгуу бар экенин белгиледи. Россиянын адам укуктары боюнча комиссары башкы прокурор Максат Асаналиев жана парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен да жолуккан. Сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо институттарынын ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу боюнча кошумча протоколго кол коюлду.Евробиримдик Венгриянын Украинаны уюмга кабыл алууга каршылыгын мыйзамдуу негизде кыйгап өтө албайт, эгер алдамчылык менен буга бара турган болсо Будапешт күрөшүүгө даяр. Мындай билдирүүнү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жасаганын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Будапешт сүйлөшүүлөргө макулдугун бербегендиктен ушу тапта Украинанын евроинтеграция процесси туңгуюкка кептелип турат. "Бизди алдап коюулары да мүмкүн, албетте, каршылык көрсөтөбүз, сотко кайралып, укугубузду коргойбуз. Бирок процесстин соңунда, мүчөлүк тууралуу акыркы чечим кабыл алынарда Венгрияны кыйгап өтүүгө болбойт", — деген өкмөт башчы. Орбан Венгриянын пикирин юридикалык жактан эсепке албай коюу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бирок "Брюсселде азыркы тапта мыйзам ашкере бузулуп", "укук үстөмдүгү жетишерлик дңгээлде болбой калгандыктан" Будапештти кыйгап өтүү өтө деле кыйын болбой турганын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095211954_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7f7ade55c8070ec1dabc6bb8db416f3a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио