00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда алгачкы ретроавтомобилдер музейи пайда болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. Анда мурдагы Батыш автобекетинин имараты музейге айланары, аны "Инвест Кей Джи Холдинг" компаниясы жасай турганы айтылган. Токтомго ылайык, компания Бишкектеги 34 гектар жерди 49 жылга ижарага алат. Ишкана бул жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коомдук жайларды жана сейил бактарды курат. Ошондой эле "Тазалык" ишканасына 2 жаңы база жана административдик имарат салып бериши керек болот. Долбоор 10 жылдын ичинде ишке ашырылат. Курулган турак жайдын 10 пайызы же анын акчасы Бишкек мэриясына өткөрүп берилиши шарт.
Индия менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосундагы эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр активдүү фазада турат. Бул тууралуу Россиянын Индиядагы соода өкүлү Андрей Соболев "Иннопром" көргөзмөсүнүн алкагында РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, Россия келишимге тез арада кол коюлат деген үмүттө. "Иш жүрүп жатат, келишимдин түзүлүшүн күтсө болот. Индиянын, Россиянын жана ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн күч-аракеттери ушуга жумшалган. Бул маанилүү максат экенин баары түшүнүп турат. Алдыга жылуу үчүн ар кандай ыкмалар бар... Мен бир гана өз ара кызыкчылык бар экенине жана иш кызуу жүрүп жатканына кепилдик бере алам. Жакынкы келечекте кол коюлат деп үмүттөнөбүз, — деди ал. "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Екатеринбургда 7-июлдан 10-июлга чейин өтөт.
Балыкчы шаарында дайынсыз жоголгон таксисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-июлда милицияга 23 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал 61 жаштагы атасы такси кызматын көрсөтүү үчүн үйдөн чыккан боюнча 2-июлда дайынсыз жоголгонун билдирген. "4-июлда Балыкчы шаарынын түндүк тарабындагы "Абрикос" дачасынын аймагынан таксисттин сөөгү табылды. Ал бут кийимдин боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 29 жана 31 жаштагы тургундары кармалып, эки айга камакка алынды.
Россиянын Мамлекеттик Думасы Андрей Никитинди өлкөнүн транспорт министри кылып бекитти. Никитин көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн шарттарды жакшыртуу, Атайын аскердик операцияга катышкан ардагерлердин коопсуздугу менен жыргалчылыгын камсыз кылуу, аэропорттогу көйгөйлөрдү чечүү жана транспорт тармагында жасалма интеллектти колдонуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурарын билдирди.Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты 2024-жылдын май айынан тартып Роман Старовойт аркалап келген. Ал кечээ кызматынан бошотулгандан кийин, сөөгү жеке унаасынан табылганы кабарланды. Тийиштүү органдар бул окуяны алдын ала версия боюнча өз жанын кыюу деп баалап жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0