https://sputnik.kg/20250708/1095180722.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө... 08.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-08T17:00+0600
2025-07-08T17:00+0600
2025-07-08T17:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/08/1095180590_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fbd13deba5c56397e4a3ead17ed54140.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген. "Бүгүн кабыл алына турган чечимдер достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган", — деди Рахмон. Ал эми Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тактоо иштери аяктагандан кийин биринчи кезекте соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө маани берилерин белгиледи.Ал ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштады.Жапаров, мындан тышкары, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы мамилени жакшыртуу чек ара соодасын өнүктүрүүгө гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө да багытталышы керектигин айтты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Тожварон — Карамык көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекет башчынын Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө."Ачылыш аземге эки өлкөнүн башчылары видеобайланыш режиминде катышты. Президенттер буйрук беришкенден кийин өткөрмө пунктундагы шлагбаумдар көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
ИИМге жана жергиликтүү бийликке күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу боюнча иштерди кароого ыйгарым укук берүү сунушталууда.Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда күйүүчү майды желим идиштерге куюп көчөлөрдө сатуу күч алып, кооптуу тенденцияга айланып баратканы белгиленген."Бул боюнча жоопкерчиликке тартуу салык органдарына жүктөлгөн. Бирок салыкчылардын саны аз, көпчүлүгү кеңсе иштеринде же посттордо иштегендиктен реалдуу көзөмөл жетишсиз болууда. Мындан улам бузууларга жеринен чара көрүү үчүн ИИМ, өрт коопсуздугу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыйгарым укук берүү зарыл", — деп жазылат негиздемеде.Ошондой эле мунайзатты алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузган жарандарга карата жаза колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылары белгиленген.
Кыргызстанда "Түндүк" ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.Аталган ишкананын уставдык капиталы 500 миллион сомду түзүп, анын акциялары толугу менен мамлекетке тиешелүү болот. Муну менен бирге Санариптик өнүктүрүү, Билим берүү, Эмгек, Саламаттык сактоо министрликтерине жана Жогорку сотко караштуу санариптештирүү жаатындагы борборлор жоюлуп, милдеттери "Түндүк" ишканасына өтөт.Аталган ишкана УКМК, укук коргоо органдары, Бишкек мэриясы, Финансы министрлигинен башка мекемелердин ишин бириктирип, мамлекеттик жана муниципалдык органдар үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, жаңыртуу жана техникалык коштоо кызматтарын көрсөтөт.Мындан тышкары, Финансы министрлиги 2025-2026-жылдары "Түндүк" үчүн 500 миллион сом бөлөт, анын 200 миллион сому 2025-жылы, 300 миллион сому 2026-жылы каралат.
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген. "Бүгүн кабыл алына турган чечимдер достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган", — деди Рахмон. Ал эми Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тактоо иштери аяктагандан кийин биринчи кезекте соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө маани берилерин белгиледи.Ал ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштады.Жапаров, мындан тышкары, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы мамилени жакшыртуу чек ара соодасын өнүктүрүүгө гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө да багытталышы керектигин айтты. Кыргыз-тажик чек арасындагы Тожварон — Карамык көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекет башчынын Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө."Ачылыш аземге эки өлкөнүн башчылары видеобайланыш режиминде катышты. Президенттер буйрук беришкенден кийин өткөрмө пунктундагы шлагбаумдар көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.ИИМге жана жергиликтүү бийликке күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу боюнча иштерди кароого ыйгарым укук берүү сунушталууда.Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда күйүүчү майды желим идиштерге куюп көчөлөрдө сатуу күч алып, кооптуу тенденцияга айланып баратканы белгиленген."Бул боюнча жоопкерчиликке тартуу салык органдарына жүктөлгөн. Бирок салыкчылардын саны аз, көпчүлүгү кеңсе иштеринде же посттордо иштегендиктен реалдуу көзөмөл жетишсиз болууда. Мындан улам бузууларга жеринен чара көрүү үчүн ИИМ, өрт коопсуздугу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыйгарым укук берүү зарыл", — деп жазылат негиздемеде.Ошондой эле мунайзатты алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузган жарандарга карата жаза колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылары белгиленген.Кыргызстанда "Түндүк" ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.Аталган ишкананын уставдык капиталы 500 миллион сомду түзүп, анын акциялары толугу менен мамлекетке тиешелүү болот. Муну менен бирге Санариптик өнүктүрүү, Билим берүү, Эмгек, Саламаттык сактоо министрликтерине жана Жогорку сотко караштуу санариптештирүү жаатындагы борборлор жоюлуп, милдеттери "Түндүк" ишканасына өтөт.Аталган ишкана УКМК, укук коргоо органдары, Бишкек мэриясы, Финансы министрлигинен башка мекемелердин ишин бириктирип, мамлекеттик жана муниципалдык органдар үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, жаңыртуу жана техникалык коштоо кызматтарын көрсөтөт.Мындан тышкары, Финансы министрлиги 2025-2026-жылдары "Түндүк" үчүн 500 миллион сом бөлөт, анын 200 миллион сому 2025-жылы, 300 миллион сому 2026-жылы каралат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/08/1095180590_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_952ca04e828cbb6ba020894ff08809d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио