00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен көзмө-көз сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу алакалар талкууланып, анын ичинде чек ара райондорундагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты. Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо ийгиликтүү аяктаганын, азыр болсо демаркация иштери активдүү жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле Рахмон соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын позитивдүү динамикасын баса белгилеп, коопсуздук жаатындагы кызматташуунун маанисин белгиледи. Ал эми Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жалпы региондун тынчтыгы менен коопсуздугу үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал калган чек ара тилкелерин демаркациялоо жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди. Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Анын алкагында тажик парламентинин спикерлери, премьер-министр менен да жолугары айтылган.
Ош облусундагы Папан гидроэлектростанциясын курууга даярдык иштери жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө аталган ГЭСте бир катар иштер аткарылды: ГЭСтин имараты тургузулуучу жерге убактылуу кирүүчү жолдун курулуш иштери аяктап, атайын курулуш техникасынын бир бөлүгү жеткирилди; курулуш мезгилинде электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн убактылуу техникалык шарттар түзүлдү; суу алуучу жайга убактылуу электр энергиясы кошулуп, 110 кВ чыңалуудагы чыгуучу линияны долбоорлоого келишим түзүлдү. Ошондой эле Папан суу сактагычынын идишине суу кабыл алгычты куруу боюнча иштер башталып, өндүрүштүк түйүндү — ГЭСтин имаратын жана ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү жайгаштыруу үчүн Төлөйкөн районундагы жер участогун бөлүү жана трансформациялоо боюнча жол-жоболор жүргүзүлүүдө.
Чолпон-Ата шаары 2025-2026-жылдарда ШКУнун туристтик жана маданий борбору болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кабарга ылайык, кечээ Кытайда өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынында маданият жана искусство жаатында кызматташуу талкууланган. Жыйынга кыргыз тараптан маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышканы кошумчаланды.
Кыргызстан менен Монголиянын текстиль өнөр жайы тармагындагы кызматташтыгы күчөтүлөт. Маселе бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин Монголияндан келген делегациясы менен жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү маселеси жана бул жааттагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар текстиль жана кайра иштетүү тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруунун техникалык, экономикалык жана уюштуруучулук аспектилерин биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди. Мындай кызматташтык демилгелери өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, продукциянын кошумча наркын жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0