00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Азербайжанга баратКүнүнө 120 сом. Бишкекте бала бакча тамак-ашы ата-энелердин эсебинен алынмай болдуСоода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция жаатындагы маселелер. Жапаров менен Путин эмнелерди талкуулады?Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапарынын алкагында РФ лидери Владимир Путин менен тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, өлкө башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция жаатындагы маселелерди талкуулашкан. Путин экономикалык кызматташтыктагы оң динамиканы белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өсүп жатканын айткан. Мындан тышкары, Кыргызстандагы россиялык ишканалардын активдүү ишмердүүлүгүнө токтолгон. “Россия президенти Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзгөн бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогору баалады. Гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө билим берүү тармагынын маанилүүлүгүн да белгиледи”, – деп айтылат маалыматта. Жолугушууда Кыргызстандын 43 мектебинде 200 россиялык мугалим эмгектенип, орус тилдүү мектептердин санын көбөйтүү пландары ишке ашып жаткандыгы да айтылды.
Июль айы өлкө башчысы үчүн иш сапарлар менен башталды. Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. "Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы" деп аталган иш-чара Ханкенди шаарында өтөт. Тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат. "Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Агдам районунда кыргыз тарап курган "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылышы болот", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Экономикалык кызматташтык уюмуна Афганстан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мүчө.
Эми Бишкек шаарындагы бала бакчаларда балдардын тамагына каражатты ата-энелер гана төлөйт. Ага күнүнө 120 сомдон кетет. Мэрия Бишкек шаардык кеңеш министрлер кабинетинин балдарды тамак-аш менен камсыздоо боюнча токтомун аткаруу үчүн белгиленген сумманы бекиткенин эскертти. Министрлер кабинетинин токтомуна ушул жылдын май айында кол коюлган. Борбор калаада 118 муниципалдык бала бакча бар.
Украинадагы баарын кыйнаган согуш Россиянынын Куралдуу күчтөрүнүн аракети менен АКШнын Patriot зениттик ракеталарын берүүнү токтотуу чечиминен тагдыр чечүүчү учурга жетти. Бул туурасында РИА Новости The Washington Post басылмасына таянып кабарлады. "Украинадагы чарчатып бүткөн согуш өзүнүн тарыхында бурулуш учурга жетти", — деп жазылган макалада. Басылма Киев бийлигине аскер, курал жетишпей, бул согуштун алдыңкы чектерине терс таасирин кадимкидей тийгизип жатканын белгилеген. "Украинанын Батыштагы колдоочулары Киевге тез арада жардам берилбесе апаатка кептелерин айтышууда", — деп басылма баса белгилеген. АКШдан Украинага курал-жарак жөнөтүлбөй калышы Американын корунун түгөнүп баратканынан улам экени белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0