https://sputnik.kg/20250630/1095017085.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ГИТИСтин мугалимдери Бишкекте лекция окуп жатышатТашиевдин баласынын атын жамынып, 70 миң доллар алдап алган шылуун кармалдыЭртеңден тарта электрондук тамеки... 30.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-30T19:00+0600
2025-06-30T19:00+0600
2025-06-30T20:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095016953_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4f63d5908e8c0192d8d85d3d471aecb8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ГИТИСтин мугалимдери Бишкекте лекция окуп жатышатТашиевдин баласынын атын жамынып, 70 миң доллар алдап алган шылуун кармалдыЭртеңден тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланатАлдыда кененирээкЭртең, 1-июлдан тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланат. Аталган мыйзам жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук тамекини колдонуудан коргоону камсыз кылуу максатын көздөйт. Мыйзамга ылайык, өлкө аймагына электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Электрондук тамекини пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузганы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Электрондук тамеки колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Электрондук тамекини саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын атын пайдаланган шылуун кармалганын атайын кызмат билдирди. Маалыматта Ташиевдин уулу менен "жакындыгын" бетке кармап, ири өлчөмдө акча алган С.А.Б. аттуу жаран жабырлануучуну УКМК төрагасына киргизем деп убада бергени айтылат. Мындан тышкары, индустриялык парктан бир нече соода жайын алуу маселесин чечип бермек болгон. Бул "кызматы" үчүн шектүү 50 миң доллар жана 20 миң долларлык автоунаа алган. Натыйжада кылмыш иши козголуп, 25-июнда кармалган С.А.Б. тергөө абагына киргизилди.
Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында театр директорлору, менеджерлер жана аткаруучулук искусство тармагындагы продюсерлер үчүн "Театр менеджменти" деп аталган квалификацияны жогорулатуучу программа ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Лекцияларды россиялык ГИТИСтин (Театр искусствосу институту) мугалимдери Ольга Чембаева менен Евгения Кузнецова окууда. "Программа 72 академиялык саатты камтыйт. Негизги максаты — театр мекемелеринин чыгармачыл, өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүн уюштуруу, башкаруу жаатындагы билимди тереңдетүү. Программаны ийгиликтүү аяктап, аттестациядан өткөндөр квалификациясы жогорулагандыгы тууралуу күбөлүк алат", — деп айтылат маалыматта. Квалификацияны жогорулатуу программасы Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын белгилүү ГИТИС — Театр искусствосу институтунун ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жатат.
Кыргызстандык окуучу математика боюнча Балкан жаштар олимпиадасында алтын медаль утту XXIX математика олимпиадасы (JBMO) Түндүк Македонияда өткөн. Анда 7-класстын окуучусу Ариет Акимов алтын уткан. Мындан тышкары, кыргызстандык эки окуучу коло медаль тагынышкан. Билим берүү министрлиги бул тарыхый учур экенин, аталган олимпиадада кыргызстандык окуучулар биринчи жолу алтын алганын белгиледи. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 39 тыйынга евро 102 сом 33 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ1-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +24...+29 градуска көтөрүлөт. Борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +34...+36 градус ысык болот.
ГИТИСтин мугалимдери Бишкекте лекция окуп жатышатТашиевдин баласынын атын жамынып, 70 миң доллар алдап алган шылуун кармалдыЭртеңден тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланатАлдыда кененирээкЭртең, 1-июлдан тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланат. Аталган мыйзам жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук тамекини колдонуудан коргоону камсыз кылуу максатын көздөйт. Мыйзамга ылайык, өлкө аймагына электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Электрондук тамекини пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузганы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Электрондук тамеки колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Электрондук тамекини саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын атын пайдаланган шылуун кармалганын атайын кызмат билдирди. Маалыматта Ташиевдин уулу менен "жакындыгын" бетке кармап, ири өлчөмдө акча алган С.А.Б. аттуу жаран жабырлануучуну УКМК төрагасына киргизем деп убада бергени айтылат. Мындан тышкары, индустриялык парктан бир нече соода жайын алуу маселесин чечип бермек болгон. Бул "кызматы" үчүн шектүү 50 миң доллар жана 20 миң долларлык автоунаа алган. Натыйжада кылмыш иши козголуп, 25-июнда кармалган С.А.Б. тергөө абагына киргизилди.Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында театр директорлору, менеджерлер жана аткаруучулук искусство тармагындагы продюсерлер үчүн "Театр менеджменти" деп аталган квалификацияны жогорулатуучу программа ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Лекцияларды россиялык ГИТИСтин (Театр искусствосу институту) мугалимдери Ольга Чембаева менен Евгения Кузнецова окууда. "Программа 72 академиялык саатты камтыйт. Негизги максаты — театр мекемелеринин чыгармачыл, өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүн уюштуруу, башкаруу жаатындагы билимди тереңдетүү. Программаны ийгиликтүү аяктап, аттестациядан өткөндөр квалификациясы жогорулагандыгы тууралуу күбөлүк алат", — деп айтылат маалыматта. Квалификацияны жогорулатуу программасы Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын белгилүү ГИТИС — Театр искусствосу институтунун ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жатат. Кыргызстандык окуучу математика боюнча Балкан жаштар олимпиадасында алтын медаль утту XXIX математика олимпиадасы (JBMO) Түндүк Македонияда өткөн. Анда 7-класстын окуучусу Ариет Акимов алтын уткан. Мындан тышкары, кыргызстандык эки окуучу коло медаль тагынышкан. Билим берүү министрлиги бул тарыхый учур экенин, аталган олимпиадада кыргызстандык окуучулар биринчи жолу алтын алганын белгиледи. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 39 тыйынга евро 102 сом 33 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ1-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +24...+29 градуска көтөрүлөт. Борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +34...+36 градус ысык болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095016953_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41f621bdac92d52a027f0e71e4c013d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио