00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Журналистика беделдүү медиатоптун көзү менен. Кыргызстандыктар РФте билимин бекемдеди

© Sputnik / М.Девахина"SputnikPro на Зубовском" долбоорунун катышуучулары
SputnikPro на Зубовском долбоорунун катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2025
Жазылуу
"SputnikPro на Зубовском" долбоорунун катышуучулары контент түзүү, социалдык тармактар менен иштөө жана жаңы медиа куралдарын колдонуу боюнча тажрыйба, ыкмаларды өздөштүрдү.
Sputnik, Михаил Воробьев. Жакынкы алты мамлекеттин журналисттери Москвадагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун кеңсесинде окуп, тажрыйбасын арттырды. 23-27-июнда "SputnikPro на Зубовском" билим берүү долбоорунун экинчи модулуна катышты.
Россиянын борборуна Абхаздардан, Армениядан, Беларусстан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан 12 адам келген.
Катышуучулар менен Sputnik жана РИА Новости агенттиктеринин адистери иштешти. Тажрыйбалуу журналисттер Telegram-каналдарды иштетүү, социалдык тармактарда контентти таратуу, материалдарды даярдоодо нейротармактарды жана башка заманбап ыкмаларды, программаларды пайдалануу боюнча билими менен бөлүштү.
Көңүл айрыкча, Telegram тармагындагы ишке бурулду. Журналисттерге теманы кантип тандап алуу, идеяны так аныктоо, ылайыктуу атоо, текст жазуу, сүрөт жана видеолорду жүктөө боюнча айтып беришти. Ошондой эле тексттердин ашыкча узундугу, расмий стилдеги каталар сыяктуу көп кездешкен кемчиликтер талкууланды.
Алынган билимдерди дароо иште колдонушту, тагыраагы, практикага өтүштү. Катышуучулар топторго бөлүнүп, өздөрүнүн Telegram-каналдарын түзүштү. Ар бир команда каналдын концепциясын иштеп чыгып, материалдарды тандап, постторду жарыялап, аны канча киши, канча убакыт окуганын атайын статистика менен карап, майда-чүйдөсүнө чейин үйрөнүштү. Окутуунун акыркы күнүндө алар Sputnik адистери менен биргеликте ачылган долбоорлорду кылдат талдап, алардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин белгилешти.
"Бизде, Кыргызстанда Telegram көп эле колдонулат, башка платформалар да кеңири тараган. Андыктан, лекциялар мен үчүн пайдалуу болду. Кесиптештерим менен бирге ал жерге Москва туурасында жаза баштадым", — деди "7 каналдын" журналисти Зымрат Эркинбекова.
Мультимедиалык контентке арналган өзүнчө да окутуу болду.
Журналисттер виртуалдык студияда иштөөнү, видеону монтаж кылуу ыкмаларын үйрөнүштү жана материал даярдоодо жасалма интеллектинин мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү. Бул иштерди аткарууда смартфонду, ошондой эле компьютердеги кесипке ылайык программаларды кантип колдонсо болору көрсөтүлдү.
"Мурда нейротармакты өтө көп деле колдончу эмесмин. Бул жерге келип аталган жаатта, өзгөчө Midjourney боюнча боюнча көптү үйрөндүм", — деди Эркинбекова.
© Sputnik / М.Девахина

Жакынкы алты мамлекеттин журналисттери Москвадагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун кеңсесинде окуп, тажрыйбасын арттырды.

Жакынкы алты мамлекеттин журналисттери Москвадагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун кеңсесинде окуп, тажрыйбасын арттырды. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жакынкы алты мамлекеттин журналисттери Москвадагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун кеңсесинде окуп, тажрыйбасын арттырды.

© Sputnik / М.Девахина

Долбоордун катышуучулары контент түзүү, социалдык тармактар менен иштөө жана жаңы медиа куралдарын колдонуу боюнча тажрыйба, ыкмаларды өздөштүрдү.

Долбоордун катышуучулары контент түзүү, социалдык тармактар менен иштөө жана жаңы медиа куралдарын колдонуу боюнча тажрыйба, ыкмаларды өздөштүрдү. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Долбоордун катышуучулары контент түзүү, социалдык тармактар менен иштөө жана жаңы медиа куралдарын колдонуу боюнча тажрыйба, ыкмаларды өздөштүрдү.

1/2

Жакынкы алты мамлекеттин журналисттери Москвадагы "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун кеңсесинде окуп, тажрыйбасын арттырды.

2/2

Долбоордун катышуучулары контент түзүү, социалдык тармактар менен иштөө жана жаңы медиа куралдарын колдонуу боюнча тажрыйба, ыкмаларды өздөштүрдү.

Окутууда лекторлор каарман жана спикерлер менен иштөө, маектешүүнү даярдоо, продюсердин милдеттери, журналистиканын укуктук жактары тууралуу да айтып беришти. Ошондой эле РИА Новости агенттигинин аскердик кабарчыларынын биринин сабагы да кызыктуу өттү. Ал жаңжалдын очогундагы кабарчы кандай тапшырмаларды аткарарын жана коопсуздукту сактоонун маанилүү экенин айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү.
Фотожурналистика боюнча лекция окулду.
"Жаңы медиалар дирекциясынын директорунун орун басары Артём Буфтяк окуган сторителлинг боюнча лекция мага абдан жакты. Ал теманы абдан таасирдүү, мыкты, ойлорун жеткиликтүү, кызыктуу кылып айтып берди", — деди дагы бир катышуучу, КРСУнун студенти Глеб Михин.
"Россия сегодня" медиатобунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко курс жылдап топтолгон тажрыйбага негизделип түзүлгөнүн белгиледи.
"Биз лектор катары күн сайын ушул жерде иштеген адамдарды тандоого аракет кылабыз. Максатыбыз — теорияны азайтып, тажрыйбаны көбөйтүү. Анткени адамдарды эмнелер кызыктырарын жакшы билебиз. Алардын көңүл борборунда катталуучуларды, окурмандарды кантип тез көбөйтсө болот, социалдык тармактарга кантип кеңири тараш керек деген суроолор турат", — деди башкы редакторунун орун басары.
Ал "Россия сегодня" медиатобунда окуп жаткандар лекторлордун айткандарын интернеттен таба албастыгын, адаттагы сабактардан уга албастыгын айтты.
"Курс абдан пайдалуу болду. Бул жерде үйрөнгөндөрүмдү эми ишке барганда колдоном", — деди "7 каналдын" журналисти Дастан Жолдошов.
Алар бош убактысында Москваны кыдырып, көрүп, таанышып, өздөрүнүн өлкөлөрүнүн мисалында кесиптик жагдайларын салыштырып, талкуулашты. Программа жаңы билим алып, жаңычылдыктарды өздөштүрүүгө гана мүмкүнчүлүк жаратпастан, тажрыйба топтоп, пикир алмашып, жакындан таанышууга өбөлгө болду.
"SputnikPro на Зубовском" долбоорунун бул жолку программасы билим берүүдөн сырткары алардын ар бирине сертификат тапшыруу менен аяктады.
Профессионал камерасы бар келин. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2025
Пресс-борбор
"Россия сегодня" медиасынын редактору сапаттуу фоторепортаж жасоо ыкмасын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0