00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
“Евразия” бейөкмөт уюму Россия менен Кыргызстан үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин принциптерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топ түзмөй болду. Тийиштүү сунушту РФке Кыргызстан тарап бергенин РИА Новости жазды. Биргелешкен иштердин алгачкы кадамдарын Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кыргыз өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов, Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Мамлекеттик Думанын депутаты жана “Евразия” кеңешинин төрайымы Алена Аршинова талкуулашты. Амангелдиев өз кезегинде кыргыз бийлиги мындай сунуш менен Россияга кайрылганын билдирди. “Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путинге билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча биргелешкен мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Владимир Владимирович бул демилгени колдоду”, — деди Амангелдиев. “Евразия” кеңешинин төрайымы Алена Аршинова форум аяктагандан кийин жумушчу топту түзүү иши дароо башталарын белгиледи.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев алкоголдук, кант кошулган, энергетикалык суусундуктарга жана тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү керектигин айтты. Ал Жогорку Кеңеште депутаттардын энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушуна жооп берип жатып, бул кадам, тескерисинче, контрабанданы күчөтөрүн белгиледи. "Андан көрө акциздик салыктарды көтөрүш керек. Ошондо мындай продукциялар кымбаттап, өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү болбой калат. Мамлекеттик бюджетке да кошумча киреше түшөт", — деди Чечейбаев. Ошондой эле бул товарларды бардык дүкөндө эмес, уруксат алгандарында гана сатууга мүмкүндүк берүү керектигин кошумчалады.
Кыргызстанда «Мамлекеттик ипотекалык компания» программасы боюнча 963 дарыгер батирге ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагында 2,6 миңден ашык кызматкер мамлекеттик ипотека алуу үчүн кезекте турат. Темиркул Балтабаев белгилегендей, 2027-жылдын аягына чейин кезекте турган бардык медицина кызматкерлери турак жай алышат. Белгилей кетсек, 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 4 миң 499 батирди берүүнү пландаган. 2024-жылы 1 миң 59 жаранга турак-жай берилген. Жалпысынан учурда республика боюнча 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк эми расмий мамлекеттик документ катары эсептелет Кыргызстандын министрлер кабинети расмий мамлекеттик документ деп эсептелген документтердин тизмесин жаңылады. Анын ичинде айдоочунун күбөлүгү да бар. Бул айдоочунун күбөлүгү, мисалы, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бирдей статуска ээ болгонун билдирет. Өзгөртүүлөр президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында киргизилип, 2025-жылдын 27-июнунан тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0