00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактады делген блогер Айбек Уланов 4-июлга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты. Айбек Уланов "Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондук кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталууда. Аны кечээ спецназ ат минип жүргөн жеринен кармап кеткен. Уланов кармалгандан кийин наркодиспансерге жөнөтүлүп, натыйжада баңгизат колдонгону аныкталган. Эске салсак, Кара-Кулжа районунда классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин Айзирек Эралиева күйөөсүнөн ок жеп көз жумган. Мындай кадамга кызганыч себеп болгону айтылып, 40 жаштагы шектүү кармалган. Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып, классташ кыздары менен эле сүрөткө түшүп кеткен.
Күрүчтүн кирешелүүлүгүн эске алганда, сугат суунун баасы кымбат деле эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство дыйкандар аталган өсүмдүктү суугарууга жылына 7 миң сом төлөшөрүн, бул жарым кап күрүчтүн баасы экенин белгилеген. "Бир гектар күрүчтү өстүрүүгө дыйкандар 100 миң сомдон ашык чыгым болушат. Орточо эсеп менен бир гектардан 38-45 центнер шалы алынып, андан 2,5-3,5 тонна күрүч даярдалат. Күрүчтүн килограммы 200-250 сомдон сатылса, бир гектардан 600-700 миң сом киреше түшөт. Чыгымдарды эсепке алганда, дыйкан гектарынан 400-500 миң сом пайда табат. Бир мүшөк күрүчтүн баасы 12,5 миң сом болсо, анын жарымы сугат суунун акысына жумшалат", — деп айтылган министрликтин маалыматында. Ошондой эле соңку 30 жылда күрүч айдоо беш эсе көбөйгөнү, дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы жаралганы кошумчаланды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары күрүчкө сугат суунун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүшкөн.
ГЭС-5 ири күн электр станциясына айланат Энергетика министрлигинин башчысы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушууда суу сактагычта 100 киловаттык күн станциясы иштеп жатканын айткан. Министр суу сактагычтын бетин фотоэлектрдик панель менен жаап, кубаттуулугун 15 мегаваттка көтөрүүнү сунуштады. Аталган банк долбоорду ишке ашырууга макул болгон.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы аракеттеринен 200 миңден ашуун адам жапа чеккенин телекөпүрөдө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдирди. Анын айтымында, Курск облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган кылмыштарды иликтөө согушкерлер калтырган миналардан улам солгундап жатат. Буга чейин 46 миң ок-дары табылган.
КМШ өлкөлөрү санкциялык басым жана тарифтик согуштарга артыкчылыктарын максималдуу пайдаланып натыйжалуу жооп бере алат. Бул тууралуу Душанбедеги КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди. Анын айтымында, учурда саясий абал өзгөрүп, көп уюлдуу дүйнөлүк түзүлүш калыптанууда. "Протекционизм күч алып, тарифтик согуштар тутанып, кө
Жаңылыктар түрмөгү
0