https://sputnik.kg/20250603/1094372623.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия жакында сунушталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов... 03.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-03T09:00+0600
2025-06-03T09:00+0600
2025-06-03T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094372491_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b59f299dbfd8c739de9ce6066bd3989e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия жакында сунушталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган 2040-жылга чейинки өнүгүү программасы (мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда) мөөнөтүнөн мурда аткарылды. Эми беш жылдык план түзүлөт.
Чүйдө 200дөн ашуун чет элдик жаранды этникалык кыргыз катары каттаткан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 14-майда Кеминдин Кароол-Дөбө айылында уруксат кагаздары жок иштеп жүргөн чет элдик тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү маалында аталган айылда мейманканада иштеген 19 жаштагы Б.А. аттуу жарандан жасалма виза табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 36 жаштагы Ж.М. аттуу чет элдик жаран жергиликтүү ЖЧКлардын биринде бухгалтер болуп иштеп жүрүп, мигранттарды этникалык кыргыз катары каттаткан. "Шектүү чет элдиктерди расмий жумушка орноштурууну убадалап, бирок улуту деген бөлүккө жалган маалымат киргизилген документтерди жасаган. Андан соң ал маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жүктөлүп, M-Visa to ethnic Kyrgyz категориясындагы визалар алынган", — деп айтылат маалыматта. Бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик, анын ичинде жогоруда айтылган Б.А. Кыргызстанда иштеп жүргөнү божомолдонууда.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы төрт айында 44 миң 666 балага 178 миллион 940 миң сом өлчөмүндөгү "Балага сүйүнчү" жөлөкпулу берилген. Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 534 балага 194 миллион 963 миң сом төлөм берилген. Ведомстводон билдиришкендей, ар бир баланын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон "балага сүйүнчү" төлөнөт. Бир жолку төлөм алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш. Каражаттар арыз берилген күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде банктык эсепке которулат. Аларды Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу арыз берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга болот. Арызды толтурууда туура уюлдук телефондун номерин көрсөтүшүңүз керек, анткени байланыш телефондоруна акча которулгандан кийин банк аркылуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде бийликтеги мөөнөтүн 2029-жылы аяктай турганын билдирди.Бул тууралуу politik_ca Telegram каналы билдирди. Бул мамлекет башчынын жеке чечими жана анын сөзү менен айтканда, «элдин талабы» экени белгиленет. Касым-Жомарт Токаев: «Президент Кудайдын кулу эмес, эл жалдаган башкаруучу», — деп баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын мартында президент болуп, дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордуна келген. 2022-жылы ал шайлоочулардын 81,3 пайыз добушуна ээ болуп, кайра шайланган. Жаңы Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы кайра шайлануу укугусуз бир жети жылдык мөөнөткө шайланат.
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия жакында сунушталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган 2040-жылга чейинки өнүгүү программасы (мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда) мөөнөтүнөн мурда аткарылды. Эми беш жылдык план түзүлөт.Чүйдө 200дөн ашуун чет элдик жаранды этникалык кыргыз катары каттаткан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 14-майда Кеминдин Кароол-Дөбө айылында уруксат кагаздары жок иштеп жүргөн чет элдик тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү маалында аталган айылда мейманканада иштеген 19 жаштагы Б.А. аттуу жарандан жасалма виза табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 36 жаштагы Ж.М. аттуу чет элдик жаран жергиликтүү ЖЧКлардын биринде бухгалтер болуп иштеп жүрүп, мигранттарды этникалык кыргыз катары каттаткан. "Шектүү чет элдиктерди расмий жумушка орноштурууну убадалап, бирок улуту деген бөлүккө жалган маалымат киргизилген документтерди жасаган. Андан соң ал маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жүктөлүп, M-Visa to ethnic Kyrgyz категориясындагы визалар алынган", — деп айтылат маалыматта. Бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик, анын ичинде жогоруда айтылган Б.А. Кыргызстанда иштеп жүргөнү божомолдонууда.Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы төрт айында 44 миң 666 балага 178 миллион 940 миң сом өлчөмүндөгү "Балага сүйүнчү" жөлөкпулу берилген. Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 534 балага 194 миллион 963 миң сом төлөм берилген. Ведомстводон билдиришкендей, ар бир баланын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон "балага сүйүнчү" төлөнөт. Бир жолку төлөм алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш. Каражаттар арыз берилген күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде банктык эсепке которулат. Аларды Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу арыз берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга болот. Арызды толтурууда туура уюлдук телефондун номерин көрсөтүшүңүз керек, анткени байланыш телефондоруна акча которулгандан кийин банк аркылуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде бийликтеги мөөнөтүн 2029-жылы аяктай турганын билдирди.Бул тууралуу politik_ca Telegram каналы билдирди. Бул мамлекет башчынын жеке чечими жана анын сөзү менен айтканда, «элдин талабы» экени белгиленет. Касым-Жомарт Токаев: «Президент Кудайдын кулу эмес, эл жалдаган башкаруучу», — деп баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын мартында президент болуп, дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордуна келген. 2022-жылы ал шайлоочулардын 81,3 пайыз добушуна ээ болуп, кайра шайланган. Жаңы Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы кайра шайлануу укугусуз бир жети жылдык мөөнөткө шайланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094372491_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_64622c5e5ae783d00045c9298118e842.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио