https://sputnik.kg/20250602/1094348953.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек... 02.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-02T08:59+0600
2025-06-02T08:59+0600
2025-06-02T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094348821_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e627c261fce7df49eda2811dbc5c5dec.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок. Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык: "калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат; "айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот. Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген. Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты. Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу. Компания мындан ары маалымат "кызматтык колдонуу үчүн" категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун айтты. Соңку билдирүү 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 миллиард куб метр экени айтылган.
Кыргызстан Монголиядагы рейтингдик турнирде грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын сайтындагы маалыматтан белгилүү болду. Улан-Батор шаарында 29-майда башталган турнирде 10 салмак категориясы боюнча медаль ойнотулган. Анда балбандар Үзүр Жузупбеков, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов алтын, Ырыскелди Максатбек уулу, Улан Муратбек уулу күмүш жана Ырыскелди Хамзаев, Акыл Сулайманов, Эрлан Манатбеков коло медаль алышкан. Натыйжада машыктыруучу Уран Жусуп уулу жетектеп барган кыргыз балбандары жалпы сегиз медаль: үч алтын, эки күмүш жана үч коло жеңип, командалык эсепте 170 упай менен Түркияны жана Индияны артта калтырып 1-орунга чыгышты.
РФ президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды Россияга каршы "прокси-согуш" деп туура айтат. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог айтканын Fox News телеканалына шилетеме кылып, РИА Новости жазды. "Ал муну НАТО өлкөлөрүнүн прокси-согушу деп эсептейт. Чынын айтканда, ошондой. Европа мамлекеттери Украинага кандай колдоо көрсөтүп жатканын карагыла. Путин муну көрүп турат да", — деди Келлог. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да Украинада болуп жаткан окуяларды эки өзөктүк державанын ортосундагы прокси-согуш деп мүнөздөгөн. Анда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул Россия менен АКШ башында турган жамааттык Батыштын кагылышуусу экенине макул болгон.
Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок. Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык: "калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат; "айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот. Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген. Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон. Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты. Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу. Компания мындан ары маалымат "кызматтык колдонуу үчүн" категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун айтты. Соңку билдирүү 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 миллиард куб метр экени айтылган.Кыргызстан Монголиядагы рейтингдик турнирде грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын сайтындагы маалыматтан белгилүү болду. Улан-Батор шаарында 29-майда башталган турнирде 10 салмак категориясы боюнча медаль ойнотулган. Анда балбандар Үзүр Жузупбеков, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов алтын, Ырыскелди Максатбек уулу, Улан Муратбек уулу күмүш жана Ырыскелди Хамзаев, Акыл Сулайманов, Эрлан Манатбеков коло медаль алышкан. Натыйжада машыктыруучу Уран Жусуп уулу жетектеп барган кыргыз балбандары жалпы сегиз медаль: үч алтын, эки күмүш жана үч коло жеңип, командалык эсепте 170 упай менен Түркияны жана Индияны артта калтырып 1-орунга чыгышты.РФ президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды Россияга каршы "прокси-согуш" деп туура айтат. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог айтканын Fox News телеканалына шилетеме кылып, РИА Новости жазды. "Ал муну НАТО өлкөлөрүнүн прокси-согушу деп эсептейт. Чынын айтканда, ошондой. Европа мамлекеттери Украинага кандай колдоо көрсөтүп жатканын карагыла. Путин муну көрүп турат да", — деди Келлог. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да Украинада болуп жаткан окуяларды эки өзөктүк державанын ортосундагы прокси-согуш деп мүнөздөгөн. Анда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул Россия менен АКШ башында турган жамааттык Батыштын кагылышуусу экенине макул болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094348821_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8400957f7e93f999e1f9964a374607e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио