00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Киноблог
Продюсер — второй режиссёр? Кто делает авторское кино доступным зрителю
14:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Москвадагы текстиль боюнча ири иш-чарага Кыргызстандан 60тан ашык ишкана катыштыНарындагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине россиялык делегация жолугуп кайттыАкыйкатчы маморгандарды үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырдыАлдыда кененирээкАкыйкатчы Жамиля Жаманбаева акыркы учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп, анын кесепети аялдардын ден соолугуна оор зыян тийгизип, айрым учурлар өлүмгө чейин алып келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, 38 жаштагы беш баланын энеси Айзирек Эралиеванын өлүмү аялдардын коопсуздугуна көңүл бөлүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын дагы бир жолу айгинеледи. Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту 2024-жылы аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен өткөн жылы тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон.Окуя Өзгөн РИИБ тарабынан каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип маркум келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Москвада жеңил өнөр жай боюнча эл аралык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын улуттук көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Россиянын Мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы уюштурган иш-чарага Кыргызстандан 60тан ашык тигүү жана текстиль ишканалары катышкан. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев мындай аянтчалар кыргыз продукциясын Россия рыногунда жайылтуу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеген.Өз кезегинде РАФИ президенти Татьяна Белькевич Россиянын бренддери, ритейлерлери жана маркетплейстери Кыргызстандагы бул жааттагы фабрикалардын ишине баам салып, өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусу өсүп жатканын билдирди.
Ат-Башы районунда жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сатынды Жапаровго Россиядан келген делегация жолугуп, Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады Аксакал быйыл 100 жашка толот. Учурда Нарын облусу боюнча согуштун жалгыз катышуучусу. Делегацияны РФ президентинин аймактар аралык, чет өлкөлөрдөгү маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов жетектеп келди. Маслов анын эрдигине терең урмат көрсөтүп, куттуктап, өз колу менен белектерди тапшырып, баатырдыгына, каармандыгына таазим кыларын билдирди. Жаш курагына жана саламаттыгынын начарлыгына байланыштуу Жапаров быйыл 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катыша алган эмес. Делегация жана облус жетекчиси Алтынбек Эргешов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты.
Украина ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бетке кармап, бирок кайра куралданышына Москва жол бербейт Муну Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтты. "Мындай болот деп үмүт артпай эле койгула. "Минскинин" кайталоосу болбойт", — деген ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда. Россия өкүлү Украина жаңжалынын баштапкы себептерин жоюу маселени биротоло чечүүчүнүн негизи экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0