https://sputnik.kg/20250520/1094097430.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕБ Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга санкцияны күчөтмөй болдуМүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жардамчыларына 527 млн сом акча төлөндүСадыр... 20.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-20T13:00+0600
2025-05-20T13:00+0600
2025-05-20T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/14/1094097298_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dfc1a4fc946757bf6219ced5ecbeaee9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕБ Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга санкцияны күчөтмөй болдуМүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жардамчыларына 527 млн сом акча төлөндүСадыр Жапаров Будапештке иш сапары менен баратАлдыда кененирээкӨлкө башчы Садыр Жапаров Венгрияда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Маалыматка ылайык, Жапаров Будапештке 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барат. Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу болгон Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган жолугушуунун темасы "Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери" деп аталмакчы.
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчыларына 527 миллион сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 805 адам жеке жардамчы кызматын көрсөтөт. Жалпы сумма 527 миллион 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банктык чыгымдарды кошкондо). Жалпысынан республика боюнча туруктуу жардамга муктаж 15125 майып каттоодо турат. Анын ичинен 9546сы 18 жашка чейинки балдар, 5579у бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор болуп саналат. Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 14 миң 411 жардамчы жалпысынан 421 миллион 898 миң 878 сом төлөм алган. Ошол учурда муктаж болгондордун саны 14712 адамды (анын ичинде 9551 бала жана 5161 чоңдор) түзгөн.
Кыргызстан менен Тажикстан автобус каттамын жандантат. Бул маселени Астана швврында эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын транспорт министрлеринин жолугушуусунда талкуулашты. Маалыматка ылайык, Азим Иброхим менен Абсаттар Сыргабаев мурда иштеп жаткан каттамдар боюнча мамлекеттер аралык автобус каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты. Маалым болгондой, Худжанд-Ош, Худжанд-Баткен жана Исфара-Баткен багыттары боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Алар мурда убактылуу токтотулган. Татарстан Республикасынын Транспорт министрлиги ошондой эле Согди облусундагы Спитамен-Истиклол-Спитамен темир жол участогунун ишин жандандырууну сунуштоодо. Кеп бул каттамды кыргыз тарапка транзиттик жүк ташуу үчүн колдонууда.
Евробиримдик мамлекеттери РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга карата санкциялык басымды күчөтмөй болду. Бул тууралуу Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн маалымат катчысы Штефан Корнелиус билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, эки өлкөнүн жетекчилери 19-май күнү телефондон сүйлөшкөн. Путин америкалык лидер менен эки сааттан ашуун сүйлөшкөнүн билдирип, жыйынтыгы тууралуу да айткан. Андан бир катар чечимдер менен бирге Россия — Украина жаңжалын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоо макулдашылган. Трамп андан кийин Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн башчылары менен баарлашып, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдар кылган. "Европалыктар Россияга кысымды санкция аркылуу күчөтө турганын билдиришти", — деди Корнелиус. Россияга Батыш атайын аскердик операция башталгандан тарта кысымын күчөткөн.
ЕБ Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга санкцияны күчөтмөй болдуМүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жардамчыларына 527 млн сом акча төлөндүСадыр Жапаров Будапештке иш сапары менен баратАлдыда кененирээкӨлкө башчы Садыр Жапаров Венгрияда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Маалыматка ылайык, Жапаров Будапештке 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барат. Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу болгон Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган жолугушуунун темасы "Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери" деп аталмакчы.Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчыларына 527 миллион сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 805 адам жеке жардамчы кызматын көрсөтөт. Жалпы сумма 527 миллион 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банктык чыгымдарды кошкондо). Жалпысынан республика боюнча туруктуу жардамга муктаж 15125 майып каттоодо турат. Анын ичинен 9546сы 18 жашка чейинки балдар, 5579у бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор болуп саналат. Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 14 миң 411 жардамчы жалпысынан 421 миллион 898 миң 878 сом төлөм алган. Ошол учурда муктаж болгондордун саны 14712 адамды (анын ичинде 9551 бала жана 5161 чоңдор) түзгөн.Кыргызстан менен Тажикстан автобус каттамын жандантат. Бул маселени Астана швврында эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын транспорт министрлеринин жолугушуусунда талкуулашты. Маалыматка ылайык, Азим Иброхим менен Абсаттар Сыргабаев мурда иштеп жаткан каттамдар боюнча мамлекеттер аралык автобус каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты. Маалым болгондой, Худжанд-Ош, Худжанд-Баткен жана Исфара-Баткен багыттары боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Алар мурда убактылуу токтотулган. Татарстан Республикасынын Транспорт министрлиги ошондой эле Согди облусундагы Спитамен-Истиклол-Спитамен темир жол участогунун ишин жандандырууну сунуштоодо. Кеп бул каттамды кыргыз тарапка транзиттик жүк ташуу үчүн колдонууда.Евробиримдик мамлекеттери РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга карата санкциялык басымды күчөтмөй болду. Бул тууралуу Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн маалымат катчысы Штефан Корнелиус билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, эки өлкөнүн жетекчилери 19-май күнү телефондон сүйлөшкөн. Путин америкалык лидер менен эки сааттан ашуун сүйлөшкөнүн билдирип, жыйынтыгы тууралуу да айткан. Андан бир катар чечимдер менен бирге Россия — Украина жаңжалын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоо макулдашылган. Трамп андан кийин Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн башчылары менен баарлашып, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдар кылган. "Европалыктар Россияга кысымды санкция аркылуу күчөтө турганын билдиришти", — деди Корнелиус. Россияга Батыш атайын аскердик операция башталгандан тарта кысымын күчөткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/14/1094097298_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_84469a26288146efbfe151f53ddbf49e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио