https://sputnik.kg/20250512/1093919313.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев скутер, мопед, жеке мобилдүү каражаттарды колдонуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаганын кабарлады.Анда эки дөңгөлөктүү... 12.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-12T13:00+0600
2025-05-12T13:00+0600
2025-05-12T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0c/1093919181_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eddb1e928d2af39cc60fe24a8c2a40b4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев скутер, мопед, жеке мобилдүү каражаттарды колдонуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаганын кабарлады.Анда эки дөңгөлөктүү унаа колдонгондорду жөө адам катары эсептеген норма алып салынганы айтылган. Андааталган унаалардын ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан, кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубдан же кубаттуулугу 4 киловаттан ашса — милдеттүү түрдө каттоого алынат; мопед, скутер жана жеңил электроскутерлерди колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүктүн "АМ" категориясы киргизилет. Аны 14 жаштан баштап алса болот; жеңил мотоциклдерге — А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк, 16 жаштан баштап берилет; ал эми мотоциклдер үчүн — айдоочулук күбөлүктүн категориясы А болуп, ал 18 жаштан жогоруларга берилет.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында 17-майда “Музейлер түнүн” өткөрөт.Келгендер көргөзмө, жарманке жана фуд-корт, мастер-класстар жана музейдин өнөктөштөрүнүн иш-чараларына күбө болушат. Кеңейтилген музыкалык программа жана музейдин эки көргөзмөсү, алардын бири мультимедиялык форматта өткөрүлөт. Иш-чара эл аралык “Музейлер түнү-2025” иш-чарасынын алкагында өтөт.
Россияда чет элдиктерге медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери кабыл алынды. Тиешелүү токтомго РФ премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон. Документке ылайык: чет элдиктерге чукул кырдаалдарда медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт; мигрант Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөн болсо, анда ал акысыз медициналык жардам алууга укуктуу; медкызматтар келишимдин негизинде акы төлөнүүчү негизде да көрсөтүлүшү мүмкүн; эл аралык келишимдерде башкача белгиленген болсо, анда ошол келишимдердин эрежелери колдонулат. Жаңы жоболор 1-сентябрдан тарта күчүнө кирип, алты жыл күчүндө болору кошумчаланган.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократтардан шайланган мүчөсү Ричи Торрес президент Дональд Трамптын Катар падышасынан 400 миллион долларлык Boeing 747-8 учагын белекке алары тууралуу маалыматтан кийин иликтөө баштоону талап кылууда. Бул тууралуу Axios порталы жазды. Кабарда Торрестин кат менен Эсеп палатасына, Коргоо министрлигинин башкы инспекторуна жана кызматтык этика боюнча башкармалыкка кайрылганы айтылат. Өз кезегинде Трамп Катар падышасынын бере турган белегине демократтардын реакциясын сынга алды. "40 жылдан бери колдонулуп келген Air Force One учагы эскирди. Аны убактылуу алмаштыра туруу үчүн Коргоо министрлиги ачык-айкын келишимдин негизинде Boeing 747ни белекке алмай болду. Демократтар ушунчалык түйшөлүп, учакты сатып алышыбызды талап кылып жатышат", — деп жазды Трамп Truth Social соцтармагына. Буга чейин ABC телеканалы АКШ администрациясы Катардын падышасынан Boeing 747-8 учагын белекке алууга камынып жатканын кабарлаган. Маалыматта учак Трамптын бийликтеги мөөнөтү бүткүчө президенттик борттун милдетин аткарып, андан кийин президенттик китепкананын менчигине өтөрү айтылган. Пентагон үчүн Ак үй менен АКШ Юстиция министрлигинин адиси тарабынан жүргүзүлгөн атайын анализдин жыйынтыгында мындай белек мыйзам боюнча пара болуп эсептелбейт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев скутер, мопед, жеке мобилдүү каражаттарды колдонуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаганын кабарлады.Анда эки дөңгөлөктүү унаа колдонгондорду жөө адам катары эсептеген норма алып салынганы айтылган. Андааталган унаалардын ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан, кыймылдаткычынын көлөмү 50 кубдан же кубаттуулугу 4 киловаттан ашса — милдеттүү түрдө каттоого алынат; мопед, скутер жана жеңил электроскутерлерди колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүктүн "АМ" категориясы киргизилет. Аны 14 жаштан баштап алса болот; жеңил мотоциклдерге — А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк, 16 жаштан баштап берилет; ал эми мотоциклдер үчүн — айдоочулук күбөлүктүн категориясы А болуп, ал 18 жаштан жогоруларга берилет.Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында 17-майда “Музейлер түнүн” өткөрөт.Келгендер көргөзмө, жарманке жана фуд-корт, мастер-класстар жана музейдин өнөктөштөрүнүн иш-чараларына күбө болушат. Кеңейтилген музыкалык программа жана музейдин эки көргөзмөсү, алардын бири мультимедиялык форматта өткөрүлөт. Иш-чара эл аралык “Музейлер түнү-2025” иш-чарасынын алкагында өтөт.Россияда чет элдиктерге медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери кабыл алынды. Тиешелүү токтомго РФ премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон. Документке ылайык: чет элдиктерге чукул кырдаалдарда медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт; мигрант Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөн болсо, анда ал акысыз медициналык жардам алууга укуктуу; медкызматтар келишимдин негизинде акы төлөнүүчү негизде да көрсөтүлүшү мүмкүн; эл аралык келишимдерде башкача белгиленген болсо, анда ошол келишимдердин эрежелери колдонулат. Жаңы жоболор 1-сентябрдан тарта күчүнө кирип, алты жыл күчүндө болору кошумчаланган.АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократтардан шайланган мүчөсү Ричи Торрес президент Дональд Трамптын Катар падышасынан 400 миллион долларлык Boeing 747-8 учагын белекке алары тууралуу маалыматтан кийин иликтөө баштоону талап кылууда. Бул тууралуу Axios порталы жазды. Кабарда Торрестин кат менен Эсеп палатасына, Коргоо министрлигинин башкы инспекторуна жана кызматтык этика боюнча башкармалыкка кайрылганы айтылат. Өз кезегинде Трамп Катар падышасынын бере турган белегине демократтардын реакциясын сынга алды. "40 жылдан бери колдонулуп келген Air Force One учагы эскирди. Аны убактылуу алмаштыра туруу үчүн Коргоо министрлиги ачык-айкын келишимдин негизинде Boeing 747ни белекке алмай болду. Демократтар ушунчалык түйшөлүп, учакты сатып алышыбызды талап кылып жатышат", — деп жазды Трамп Truth Social соцтармагына. Буга чейин ABC телеканалы АКШ администрациясы Катардын падышасынан Boeing 747-8 учагын белекке алууга камынып жатканын кабарлаган. Маалыматта учак Трамптын бийликтеги мөөнөтү бүткүчө президенттик борттун милдетин аткарып, андан кийин президенттик китепкананын менчигине өтөрү айтылган. Пентагон үчүн Ак үй менен АКШ Юстиция министрлигинин адиси тарабынан жүргүзүлгөн атайын анализдин жыйынтыгында мындай белек мыйзам боюнча пара болуп эсептелбейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0c/1093919181_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f8f0df6073920e721049578d380f2706.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио