https://sputnik.kg/20250511/1093901185.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ысыкта... 11.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-11T08:59+0600
2025-05-11T08:59+0600
2025-05-11T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093901053_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1ca09a625f551192b7af1f915c714e6b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ысыкта дыйкандар сууну үнөмдөсө гана тартыштык жаралбай, баарына жетет. “Сугатты салкында жүргүзгөн кыйла натыйжалуу. Жерди сугарып бүткөндө мурабга айтып, сууну кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Өсүмдүккө жетиштүү көлөмдө гана суу бериңиздер, ашыкчасы өсүмдүккө да, топуракка да зыян. Ошондой эле арыктан агып жаткан ашыкча, коромжу сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт”, — деген Төрөбаев. Ошондой эле ал суунун тартышытыгы жаралбашы үчүн акимдерге, айыл өкмөттөргө арыктарды тазалоо тапшырылганын, кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартыларын эскерткен.
Борбор калаадагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта музей ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мэр Айбек Жунушалиев, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары жана баашка коноктор катышкан. "Бизге жаркын жашоону тартуулаган жоокерлердин эрдиги келечек муунга үлгү болуп, аларды патриоттуулукка тарбиялайт", — деген Бишкектин мэри. Аянты 486 чарчы метрди түзгөн имарат Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салынган.
Кыргызстандык чоң энелер Дубайда өткөн эл аралык бий сынагында Гран-прини утуп алды. Бул тууралуу Балет федерациясы кабарлады. Конкурска 12 аял барган. Улуусу 79, кичүүсү 42 жашта экени айтылат. "Кыргызстандан барган чоң энелердин бийи көрүүчүлөр менен жюрилерди суктантты. Алар фестивалды көркүнө чыгара алды", — деп билдирди федерация.
9-май күнү Москвада өткөн парад Россиянын кубатын көрсөтүп, Украина жеңишке үмүт артпай эле койсо болорун далилдеди. Бул тууралуу АКШ армиясынын ардагер подполковниги Дэниел Дэвис билдиргенин РИА Новости жазды. “Параддын бир азын көргөндө эле түшүнүктүү болду. Бул — кубаттуулуктун образы. Украин тарап менен салыштырсак, алардын күчүн далилдеген эч нерсе жок”, — деди Дэвис. Анын айтымында, Украина жеңилери Киев режиминен башкаларга эбак эле айкын болгон. Бир гана Зеленский жок нерсени эңсеп, ар нерсени айтып жүрөт. Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад 9-майда Кызыл аянтта өттү. Анда биринчи жолу дрондук полктун техникасы, анын ичинде “Орлан-10”, “Орлан-30”, Zala учкучсуз аппараттары көрсөтүлдү. Жалпысынан парадга 11,5 миң аскер кызматкери катышты. өтүлдү.АБА ЫРАЙЫ11-майга караган түнү жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн катуу жамгыр болушу ыктымал. 11-май, жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ысыкта дыйкандар сууну үнөмдөсө гана тартыштык жаралбай, баарына жетет. “Сугатты салкында жүргүзгөн кыйла натыйжалуу. Жерди сугарып бүткөндө мурабга айтып, сууну кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Өсүмдүккө жетиштүү көлөмдө гана суу бериңиздер, ашыкчасы өсүмдүккө да, топуракка да зыян. Ошондой эле арыктан агып жаткан ашыкча, коромжу сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт”, — деген Төрөбаев. Ошондой эле ал суунун тартышытыгы жаралбашы үчүн акимдерге, айыл өкмөттөргө арыктарды тазалоо тапшырылганын, кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартыларын эскерткен. Борбор калаадагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта музей ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мэр Айбек Жунушалиев, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары жана баашка коноктор катышкан. "Бизге жаркын жашоону тартуулаган жоокерлердин эрдиги келечек муунга үлгү болуп, аларды патриоттуулукка тарбиялайт", — деген Бишкектин мэри. Аянты 486 чарчы метрди түзгөн имарат Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салынган.Кыргызстандык чоң энелер Дубайда өткөн эл аралык бий сынагында Гран-прини утуп алды. Бул тууралуу Балет федерациясы кабарлады. Конкурска 12 аял барган. Улуусу 79, кичүүсү 42 жашта экени айтылат. "Кыргызстандан барган чоң энелердин бийи көрүүчүлөр менен жюрилерди суктантты. Алар фестивалды көркүнө чыгара алды", — деп билдирди федерация.9-май күнү Москвада өткөн парад Россиянын кубатын көрсөтүп, Украина жеңишке үмүт артпай эле койсо болорун далилдеди. Бул тууралуу АКШ армиясынын ардагер подполковниги Дэниел Дэвис билдиргенин РИА Новости жазды. “Параддын бир азын көргөндө эле түшүнүктүү болду. Бул — кубаттуулуктун образы. Украин тарап менен салыштырсак, алардын күчүн далилдеген эч нерсе жок”, — деди Дэвис. Анын айтымында, Украина жеңилери Киев режиминен башкаларга эбак эле айкын болгон. Бир гана Зеленский жок нерсени эңсеп, ар нерсени айтып жүрөт. Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад 9-майда Кызыл аянтта өттү. Анда биринчи жолу дрондук полктун техникасы, анын ичинде “Орлан-10”, “Орлан-30”, Zala учкучсуз аппараттары көрсөтүлдү. Жалпысынан парадга 11,5 миң аскер кызматкери катышты. өтүлдү.АБА ЫРАЙЫ11-майга караган түнү жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн катуу жамгыр болушу ыктымал. 11-май, жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093901053_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e5ab649c0523c24d5704d27127f1b67.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио