БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектеги "Өчпөс полк" акциясынын катышуучулары жүрүшүн Жеңиш аянтында жыйынтыкташты. Быйыл акциянын катышуучулары Дайыр Асанов атындагы паркта чогулуп, жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтүштү. Иш-чарага миңдеген кыргызстандык катышып, салтка айланып калгандай, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жакындарынын сүрөтүн көтөрүп басышты. Марштын катышуучуларына кошула албагандар жолду катар кабат үйлөрдүн балкондоруна чыгып, жүрүшкө колдоо көрсөтүп, видеого тартып турушту. Ал эми Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюп, андан соң адаттагыдай жоокерлердин кашасы таратылды. Борбор калаадагы “Өчпөс полк” акциясына 30 миңдей адам катышканын милициядан кабарлашты. Коомдук тартипти 2,5 миң тартип сакчысы көзөмөлдөөдө."Өчпөс полк" — Россияда жана бир катар жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлүп келген жүрүш. Акция Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган. Биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында журналисттердин демилгеси менен өтүп, 2013-жылы бүткүл россиялык иш-чарага айланган. "Өчпөс полк" Кыргызстанда 2015-жылдан бери уюштурулуп, Жеңиш күнүндө өтүп келет. Жыл сайын аталган акцияга катышкан региондордун саны өсүп жатат.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектеги "Өчпөс полк" акциясынын катышуучулары жүрүшүн Жеңиш аянтында жыйынтыкташты.
Быйыл акциянын катышуучулары Дайыр Асанов атындагы паркта чогулуп, жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтүштү. Иш-чарага миңдеген кыргызстандык катышып, салтка айланып калгандай, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жакындарынын сүрөтүн көтөрүп басышты.
Марштын катышуучуларына кошула албагандар жолду катар кабат үйлөрдүн балкондоруна чыгып, жүрүшкө колдоо көрсөтүп, видеого тартып турушту.
Ал эми Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюп, андан соң адаттагыдай жоокерлердин кашасы таратылды.
Борбор калаадагы “Өчпөс полк” акциясына 30 миңдей адам катышканын милициядан кабарлашты. Коомдук тартипти 2,5 миң тартип сакчысы көзөмөлдөөдө.
"Өчпөс полк" — Россияда жана бир катар жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлүп келген жүрүш. Акция Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган. Биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында журналисттердин демилгеси менен өтүп, 2013-жылы бүткүл россиялык иш-чарага айланган.