00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ФСБ нацисттер менен элди кырып, кийин башын Батышка батырып кеткендерди ачыктады

© Sputnik / Дмитрий Козлов / Медиабанкка өтүүФинляндиядагы концлагерь. Архив
Финляндиядагы концлагерь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) Улуу Ата Мекендик согушта улутчулдарга жардам берип, СССР элдерине каршы кылмыштарды жасап, кийин Батыштан баш паанек тапкандар тууралуу маалыматтарды ачыктады. Алардын арасында Украина менен Балтика өлкөлөрүнүн жарандары бар экенин РИА Новости жазды.
ФСБ СССРдин 1964-жылы Мамлекеттик коопсуздук кызматы түзгөн жыйнактын бир бөлүгүн жарыялаган. Тизмеге кирген адамдар жүздөп саналат.
Ошол учурда маалыматы топтолгон кылмышкерлердин катарында Литва ССРинин Баржай районундагы Науседжяй кыштагында 1906-жылы туулган Болис Крижинаускас бар. 1941-1944-жылдары Паневежис округунун коопсуздук полициясында улук чиновник кызматын аркалаган, советтик жарандарды кармоо, камоо, кыйноо, атуу иштерине катышып, агентурасы болгон. Жыйнакта: "1962-жылга карата берилген маалымат боюнча, Крижинаускас Энфилд-Хайтта (Түштүк Австралия) жашап, фабрикада иштеген", — деп айтылат.
Март Кюбарсепп 1914-жылы Эстон ССРинин Тарту районунда туулган. 1941-жылы немец армиясында котормочу жана Тарту саясий полициясынын агенти болгон. 1942-жылдан тарта Тартудагы саясий полициянын референтурасында жана коопсуздук кызматында ассистент болуп иштеп, советтик жарандарды кармап, камап, тергөө иштерин жүргүзгөн. Советтик Армиянын тылында агентуранын ишин көзөмөлдөгөн. "1958-жылы Портлен шаарынан (Орегон, АКШ) табылган", — деп жазган КГБ.
Юлюс Моркявичус 1922-жылы Литва ССРинин Линкува районундагы Петриконяй айылында туулган. 1941-жылы Пашвитинистеги жазалоочу отряддын курамында советтик жарандарды кармоо, камакка алуу иштерине катышкан. 1944-жылы германиялык чалгын кызматы менен иштеше баштайт. Даярдыктан өткөндөн кийин 1944-жылдын октябрында Советтик Армиянын тылына жөнөтүлөт. "1960-жылга карата маалымат боюнча, Ошен-Парк (Калифорния, АКШ) шаарында жашаган", — деп айтылат жыйнакта.
Григорий Шкода 1910-жылы Полтава облусунун Пирятинский районундагы Жотневе айылында төрөлгөн, Украина жараны. 1941-1943-жылдары улук полиция кызматкери, андан кийин Греньково райондук полициясында тергөөчү болуп иштеген. "Күбөлөрдүн тастыктоосу боюнча, советтик жарандарды атууга катышкан. 1960-жылдагы маалыматка караганда, Канадада жашап, лабораторияда иштеген", — деп айтылат документте.
Эльмар Селлер 1904-жылы Эстон ССРинин Вильянди районунда туулган, немецтик оккупация маалында советтик жарандарды аңдуу, кармоо, атуу иштерине катышкан. КГБнын маалыматы боюнча, "учурда Түштүк Австралиянын Пеннингтон шаарында жашайт".
Аркадий Пиманенок 1922-жылы Псков облусунда туулган, улуту орус. 1942-жылдан тарта Жашыруун полициянын (ГФП) контрчалгын органынын штаттагы агенти болуп, кийин Германиянын 317-абвергруппасынын алдындагы "Швейтеринг" жазалоочу отрядында кызмат өтөгөн. 1945-жылы Чехословакиянын Карлсбад шаарындагы германиялык чалгын мектебинде окуган. 1947-жылы Батыш Германияда АКШ армиясына кызмат өтөөгө кабыл алынып, Трентон (АКШ) шаарында жашаган.
Михаил Столбашинский 1907-жылы Латвиянын Лудзы шаарында жарыкка келген. 1941-1944-жылдары Лудзынын полициясында улук кызматкер болуп иштеген. Советтик жарандарды кармоо, коштоо жана атууга катышкан. "1959-жылга карата берилген маалымат боюнча, үй-бүлөсү менен Уотертаун (Массачусетс, АКШ) шаарында жашаган", — дешкен советтик чекисттер.
ФСБ спецназы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2025
ФСБ униат динчилдердин согуштан кийинки диверсиялары тууралуу документти жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0