Беларустан Берлинге чейин жеткен. Согуштун ардагери Апыла Жаманбаевди эскерүү
18:24 06.05.2025 (Жаңыртылды: 19:01 06.05.2025)
© Фото / из семейного архива ЖаманбаевыхУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Апыла Жаманбаев

© Фото / из семейного архива Жаманбаевых
Жазылуу
Апыла Жаманбаев Чыгыш Пруссияны алууга да катышып, Түндүк Кытайды баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөн. Ал эми азыркы "Тихмянов дөбөсүн" бошотуудагы эрдиги өзүнчө сөз. Жаманбаев жети жыл согуш отун кечкен.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Апыла Жаманбаевдин кызы Дамира Жаманбаева болду. Биз Эрдик үчүн медалынын, Кызыл Жылдыз жана Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордендеринин ээси Апыла Жаманбаевдин өмүрү жана согуштагы каармандыгы тууралуу баарлаштык.
— Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмушун согушка чейинки, согуштагы жана согуштан кийинки деп бөлүп карайт эмеспизби. Алгач атаңыздын согушка чейинки жашоосунан кепти баштасак...
— 1922-жылы Ысык-Көл облусунун мурунку Түп, азыркы Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында туулган. Атабыз Жаманбаев болгону менен өзүнүн атасы Абдырахман экен. Көп балалуу болуп, бирок тууганы Жаманбайдын байбичеси 16ны төрөсө да балдары токтобой, Апыл атабызды ырымдап берип коюптур. Ошондон тарта атабыз Жаманбай баласы болуп башка үй-бүлөгө өтүп калган. Атам жети класс билим алганына карабай совхоздо, коомдо, жогорку билимдүү адамдай жүрчү эле. Башкача айтканда, диплому болбосо да абдан билимдүү, көптү көргөн инсан болгон. Негизи согуш башталганда эле жашы жетип калган жигиттер аскер комиссариатына чакырылып алгачкы даярдыктан өтүшкөн экен. Атабыз расмий түрдө 1941-жылдын декабрь айында советтик армиянын катарына чакырылып, артиллеристтин окуусун аяктагандан кийин Беларусь фронтунун 12-гвардиялык минометтук полкуна туш келет. Анан Берлинге чейин жетет.
Атабыз катышкан окуя тууралуу убагында фотокабарчылар репортаж жасап, журналисттер да жазышкан. Бизде китеби бар. Атабызды сүрөтү менен чыгарып, китепке жазган Артемов аттуу фоторепортёр китебин да белекке берген.
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын офицерлери менен жоокерлери. Экинчи катарда: сол жактан жактан “Кызыл Жылдыз” орденинин кавалери кыргызстандык аскер Апыла Жаманбаев. Үчүнчү катарда: оң жактан үчүнчү кыргызстандык полктошу Ысмайыл Койлубаев. Беларусь, 1944

3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын офицерлери менен жоокерлери. Экинчи катарда: сол жактан жактан “Кызыл Жылдыз” орденинин кавалери кыргызстандык аскер Апыла Жаманбаев. Үчүнчү катарда: оң жактан үчүнчү кыргызстандык полктошу Ысмайыл Койлубаев. Беларусь, 1944
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых
— Ооба, атаңыздын жасаган эрдиги китепке жазылып, ушул окуянын таасири менен жолдоштору Советтер Союзунун Баатырдыгын алышкан экен...
— Ага лейтенант Леонид Тихмяновдун 3-миномёт батареясы 1944-жылы 24-февралда Беларусту гитлерчилерден бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Жоокерлер Витебск аймагынын Осипенки кыштагынын Черница дарыясынын жанындагы дөңсөөдө туруп гитлерчилердин арты-артынан жасалган чабуулун токтоткон. Батареяда Ысык-Көлгө караган Ак-Суу районунун кулундары Апыла Жаманбаев менен Ысмайыл Койлубаев да бар. Сержанттар ийиндеше туруп миномёттон душмандын мизин кайтарып, 38 аскер 250 гитлерчини жана эки танканы жок кылышкан. Немецтердин артиллерия, танкасы менен толук бир полкуна каршы 38 гана адам кармашат. Атам "өмүрүбүздөн түңүлүп, болду го дегенбиз" деп эскерчү. Алар Тихмяновдун айтканы менен "болору болду эми, артиллерияны блиндаждары менен кошо талкалагыла" деп чалганы жатышканда советтик жоокерлер жардамга келип, дөңсөөнү бошотуп алышыптыр. Ошол кармашта 38 кишиден Леонид Тихмянов, аскердик дарыгер Сергей Богомолов, командирдин орун басары, сержант Апыла Жаманбаев үчөө эле аман калат. Үчөө кеңешип жатканда блиндаждын жанында бомба жарылып, Тихмяновду блиндаж басып калат. Ал эми атама снаряддын чачырандылары тийип, башынан контузия алып, көкүрөгүнөн жаракат алат (көкүрөгүндө оюк бар болчу — Д. Жаманбаева). Бирок ошого карабай топуракка көмүлүп калган батареянын командири Тихмяновду сууруп чыккан. 1972-жылы ошол "Безымянная высота" деген аты жок дөбөгө Тихмяновдун аты берилип, мемориал орнотулуп, музей ачылат.
Согуштан кийин Тихмянов менен жарадар болгондорду бир жерге чогултуп караган кенже лейтенант Сергей Богомоловго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Жаманбаев Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Башка аскерлерге да орден-медалдар ыйгарылган.
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын сержанты Апыла Жаманбаевдин аскердик билети

3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын сержанты Апыла Жаманбаевдин аскердик билети
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых
— Апыла Жаманбаев өзү Кызыл Жылдыз орденин алып калган экен да...
— Мурда жакындарыбыз атамдын Советтер Союзунун Баатырдыгын албай калганына нааразы болушса маани берчү эмес экенбиз. Чынында атам немецтер менен кармашта атышып жатып эки жолу контузия алганын айтчу. Бир ирет атаарда минометтун оозун немецтин танкасына эптеп буруп, атып, анан ээсин жоготкон экен. Негизи атабыз согуш тууралуу көп айта берчү эмес. Жаман көрчү. Мектептерди кыдырып, окуучулар менен жолугушууда айтып берчү. Мен да ээрчип барып, ошол жактан укчумун. Атам согушта Берлинге чейин барган. "Рейхстаргга туу илингенин көрдүк, бул эми сөз менен жеткире алгыс бакыт болчу. Баарыбыз "болду, согуш бүттү" деп өзүбүздү таштап, үйгө жетип калгандай сезим болгон" деп айтчу.
— Согуш бүткөндөн кийин Кыргызстанга ошол эле жылы келген бекен?
— Жок, 1945-жылы Берлин алынгандан кийин Ырааккы Чыгыш фронту түзүлүп, Харбиндеги 7322 жоокер каза болгон Япон согушуна катышып, 1947-жылы Советтик Армиянын катарынан бошотулуп туулган жерине кайтып келет. Ошентип атам досу Ысмайыл (Койлубаев — ред.) менен Чыгыш Пруссияны алууга да, андан кийин Түндүк Кытайды баскынчылардан бошотуудагы салгылаштарга да катышкан. Командачылык Жаманбаев менен Койлубаевди Чыгыш Пруссиянын борбору Кёнигсберг (азыркы Калининград) шаарын алууда көрсөткөн өзгөчө каармандыгын белгилеп, Эрдик үчүн медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйлаган. Атам мекенди коргоо кызматын 1941-жылы Беларустан баштап Германияга чейин өтөп, Харбин, Сахалинди япондук оккупациядан куткаруу согушуна катышып, жаштыгына карабай оор сыноолорду баштан өткөрөт. Согуш 1945-жылы эле токтоп калган эмес да. Айтор, жоокерлер "союздун жериндебиз, душмандын жериндебиз" деп коюшчу экен.
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун сержанты Апыла Жаманбаев, куралдаштары Советтер Союзунун Баатырлары генерал Леонид Тихмянов, полковниктер Сергей Богомолов жана Крылов менен үйүн куруп берген беларус студенттери кезигүүдө. Минск, 1971

3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун сержанты Апыла Жаманбаев, куралдаштары Советтер Союзунун Баатырлары генерал Леонид Тихмянов, полковниктер Сергей Богомолов жана Крылов менен үйүн куруп берген беларус студенттери кезигүүдө. Минск, 1971
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых
— Ошондо канчанчы жылы келип жатат?
— 1947-жылы досу Ысмайыл экөө Кыргызстанга кайтышат. Айылдагылар абдан чоң урмат-сый менен тосуп алышкан экен. Мурда согуштан келгендерди аксакалдар да сыйлап, баалап, алдынан кыя өтүшчү эмес. Согуштагы полктоштору "Апыл Петрович" деп тергешчү экен. Ал аты айылга да тараган. Айылыбызга барып "Апыла" десеңиз тааныбашы мүмкүн. Бирок "Апыл Петрович" десеңиз баары билет. Райондун, колхоздун жетекчилери да сыйлап турушчу. Атама болгон ушундай урматты көрүп, биз да сыймыктанчубуз. Атабыз Советтер Союзунун Баатыры наамын албаса да, эл алганга тете ардактады.
— Кийин Тихмяновдор менен кат жазышып туруштубу?
— Ооба, Тихмянов атама "бир тууганым кылбаганды сен кылдың" деп дайыма ыраазычылыгын билдирип турчу. Кийин атабыз өтүп кеткенде да энебизге кат жазып, майрамдарда белектерин жиберип жүрдү. Атам жаңы жылда Москвага, Беларуска Көлдүн алмаларын салчу. Анан алар "коробканы ачканда батирдин ичи буркурап чыкты, тимеле Ысык-Көлгө барып калгандай болдук" деп кат жазышчу.
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын сержанты Апыла Жаманбаев, куралдашы Советтер Союзунун Баатыры полковник Сергей Богомолов менен. Москва, 1975

3-гвардиялык Витебск-Хинган артиллериялык дивизиясынын 12-миномёт полкунун 3-миномёт батареясынын сержанты Апыла Жаманбаев, куралдашы Советтер Союзунун Баатыры полковник Сергей Богомолов менен. Москва, 1975
© Фото / из семейного архива Жаманбаевых
— 1970-жылы Ак-Суу менен Түптө жер титиреп, натыйжада көп кишинин үйү бузулган. Зилзаладан Койлубаевдин да үйү талкаланат. Бирок Койлубаев Минскиден полктошу полковник Крыловду таап, ага "куралдашың Апыла баш паанеги жок калды, жардам бер" деп кат жазган. Бирок өзүнүн үйү да жок калганын айткан эмес экен...
— Крылов Минскиден акча которуп, беларус студенттеринен Жаманбаевге үй салып берүүнү өтүнгөн. Алар эки райондогу бузулган үйлөрдү кайра калыбына келтирип, анан бизге жыгачтан там салып берген. Бул тууралуу "Кыргызтелефильм" студиясы аркылуу фильм тартылыптыр. Там калыбына келтирилгенден кийин атам Москвага барып, ал жерден полктоштору менен Минск облусундагы Хатынь кыштагындагы архитектуралык-скульптуралык мемориал комплексине зыярат кылышкан. Бул айылды 1943-жылы гитлерчилер тургундары менен өрттөп жиберишкен эле.
— Согуштан калган кандай адаты же мүнөзү бар эле?
— Атам койдун баш-шыйрагын куйкалаганда жытынан каччу экен. Беларуста көп айылдар өрттөнүп, айрымдарында адамдар тирүүлөй күйүп кетишкен эмеспи. Хатынь окуясы буга айкын мисал. Ошондогу куйкум жыт бүт чөлкөмдү каптаптыр. Ушундан улам көңүлү калса керек. Куйкум жыттанган жерде тура алчу эмес. Анан картошканы жаман көрчү. Курчоодо калганда кардын үстүндө жатып, ачкалыктан жерди чукушса картошка чыгыптыр. Айла жок чийки картошка менен жан сакташкан. Көңүлүнө тийген окшобойбу, картошка жечү эмес. Согуштан алган жарааттарынан көп запкы жеди. Бирок ошого карабай эле иштеп жүрдү. Анан да зөөкүрлүктү, бирөөнү басынтканды жаман көрчү. Бирөөгө үстөмдүк жасалып жатса, дароо жабырлануучуга жардам берчү. Тартипти катуу кармачу. Баарыбызды тизип алып, кемчиликтерибизди айтар эле. Ар бирибиздин өзүбүзгө тийиштүү жумушубуз бар болчу. Апабыз үйдө жок болсо да ишибизди кыла берчүбүз. Анан да өзү бакма бала болгондуктан бизди эч кимге берген жок. Бизди деле сурап келген туугандар болуптур. Бирок атам жолоткон эмес. Богомолов менден улуусу Талдыбайды "окутуп берейин" десе, атам ынабай койгон. Энебиз жок дегенде бир балабыз Москвадан билим алсын деп эңсептир. Тихмянов мени окутуп берейин десе, ага да көнбөдү. Атамдын алдында өзүн карыздар сезсе керек. Бирок атам "муну бир жолу блиндаждан алып чыксам эле кечке "минтип берейин, антип берейин" дей береби, кереги жок" деп койчу. 50 жашында каза болуп, апабыз жесир калды. Ошондо кичүү иним Азим 7 жашар бала экен. 11 баланы жалгыз багыш апама оңой болгон жок.
— Атаңыз эрте эле кетиптир да...
— Ооба. 1975-жылы Улуу Жеңиштин 30 жылдык мааракесине атам Москвага чакырылып барат. Минскиден 5-майда Богомоловдун үйүндө парадга даярданып жатканда уулунун каза болгондугу тууралуу кабар келип, атам парадга катышпай кайтып келет. Байкем Казакстанда армияда кызмат өтөп жүргөн жеринен кайтыш болуп калды. Ошондон кийин эле атамдын ден соолугу болбой калды. Согуштан алган жараттары козголуп, 1979-жылы каза болуп калды. Ушул төрт жыл аралыгында өзүн жеп койду.
Кийин Витебск музейинин ачылышына бизге чакыруу келген. Атама бурч арнашыптыр. Эми барсак деген ниетибиз бар.