00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
14:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына төмөнкү объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген: "Ала-Арча" соода-көңүл ачуу борборунун имараты; Айтматов проспектиси, 299В дарегиндеги 10,7 миң чарчы метр жер тилкеси; Айматов — Масалиев проспектилеринин кесилишиндеги 3,3 миң чарчы метр жер тилкеси. Ал убактылуу колдонууда; Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт.
Ош шаарына Москвадан Кремлдин алдында жайгашкан Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, аны Россиянын легендалуу спортчусу Гиннесстин рекорддор китебине XX кылымдын эң мыкты лыжачысы катары кирген Елена Вяльбе жеткирген. Эл аралык акциянын алкагында Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин алдында жыйын-реквием өтүп, от жагылды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, Россотрудничествонун өкүлдөрү, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу, ардагерлер катышты. Өчпөс оттун бөлүкчөсү эми өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилмекчи. Иш-чара быйыл Ош шаарында төртүнчү жолу өтүп жатат.
Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Анда спортчулар 9 салмак ченинде күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргызстандын атынан катышкан мушкерлер жалпы 32 медалга ээ болгон. Анын ичинен 9 алтын, 7 күмүш, 16 коло медалды багындырган кыргыз спортчулары.
АКШ Борбор Азиянын сейрек кездешкен металлдарына кызыгуусу күч, Украинада анын запасы өтө эле аз. Бул тууралуу РИА Новости "Национал интерес" басылмасына шилтеме берип жазды. "Украина менен жаратылыш ресурстары боюнча макулдашууга кол коюу — бул биринчи эле кадам. Республиканын аймагында дүйнөдөгү пайдалуу кендин беш пайызы гана бар, ал эми АКШга зарыл болгон 50 элементтин 22си гана кездешет", — деп айтылат макалада. Басылма ошондой эле сейрек кездешүүчү металл боюнча дүйнөдө Кытай монополист экенин эске салып, Вашингтон буга каршы турууга аракет кылып жатканын билдирген. "Америка кен казуунун башка жолдорун карап чыгышы керек, анын бири Борбор Азия болушу мүмкүн. Ал жакта дүйнөлүк кен байлыктын басымдуу бөлүгү жатат. АКШ сейрек металлдарга жол ачам десе, Борбор Азия мамлекеттери менен алака түзгөнү оң", — деп белгилеген макалада.
Жаңылыктар түрмөгү
0