00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
On air
17:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
с Оксаной Крюковой
18:06
0 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы СССР экономикасы — илим үчүн феномен

© Sputnik / Арууке АмирдиноваМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2025
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы СССРдин экономикасына сереп салды.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы СССРдин экономикасы ушул күнгө чейин тыкыр изилдене элек. Чындыгында экономикасы атаандаш мамлекеттердикине караганда бир топ эле чабал өлкөнүн жеңишке жетүүсү феномен десек болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согушта СССРде уюштуруу иштери укмуштуудай жогорку деңгээлде жүргөн.
"Улуу Ата Мекендик согуш башталганда СССРдин экономикасы фашисттик Германиянын, анын союздаштарынын экономикасынан бир топ чабал болгон. Өлкө ага чейин да бир топ оор тарыхый учурларды башынан өткөрүп, жаңыдан гана бутуна туруп келе жаткан кези эле. Ошого карабай жеңишке жетишкенин азыркыга чейин экономикалык жактан илимпоздор түшүндүрүп бере алышпайт. Наполеондун "согушта жеңишке жетиш үчүн үч нерсе керек — акча, акча жана дагы бир жолу акча" деген сөзү бар. Бирок Улуу Ата Мекендик согушта социалисттик экономика бул теория иштебей тургандыгын көрсөттү. СССР анда кантип жеңишке жетти? Албетте, бул жерде биринчи кезекте уюштуруу иштери, азыркы тилде айтканда логистика мыкты жолго коюлган. Эч кандай санариптешүүсү, интернети, жасалма интеллекти жок эле транспорт сааттай иштеп, адамдар ошого көнгөн. Экинчиден, элдин, эмгекчилердин башын бириктирген идеология күчтүү болгон. Советтер Союзу мына ушундай жол менен, акча маданияты анчалык өнүкпөгөн коому менен эле жеңишке жетишкен", — деди экономист.
Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы байкалбаган, бирок өтө маанилүү дагы бир учурду атады.
"Согуш жүрүп жатса да маданий жайлар жабылган эмес. Аларга каражат бөлүү токтогон эмес. Маданият өкүлдөрүн майдандан алып калып, калкка кызмат кылууга жиберген. Эмне үчүн? Анткени бул кадам "Мекен биздики, басып келген душман кетет, жерибиз, маданиятыбыз бизге калат, биз бул жактан эч жакка жылбайбыз" деген дем-күчтү жараткан. Эл мына ушундан шыктанган. Тылда калган 12-14 жаштагы улан-кыздарды, аялдарды, кары-картаңдарды фронтту камсыздап, учук улап кетчү келечек муунга шарт түзүп жашоого үндөө керек болгон. Бул бир караганда жөнөкөй кадам көрүнгөнү менен СССРдин ошол жылдардагы экономикасын кармап турган күчтөрдүн бири болгон десек болот", — деди Мамытов.
Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жоготуулар ошол мезгилде өтө минималдык сандар менен эсептелсе да, СССР абдан чоң жоготууга учураганын, бирок өлкөнү калыбына келтирүү абдан тез жүргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0